Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Шота менен Алыкул курган бекем көпүрө жана кыргыздардын киши аттары


Ш.Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" дастанынын көчүрмөсүндөгү сүрөт. 1646.
Падыша Ростеван менен Автандил ууга чыгышкан кез. Шота Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" дастанынын 1646-ж. көчүрмөсүнөн алынган миниатюра. Бул кол жазманы XVII к. грузин каллиграфы жана акыны Мамука Тавакалашвили көчүргөн.

Кыргыз эли менен грузин элин байланыштырып турган көрүнбөгөн көпүрө бар. Аны бири-бирине эч жолукпаган акындар Шота Руставели менен Алыкул Осмонов биргелешип курушкан. Бул блогдо залкар акындардын өмүр жолу тууралуу жана Ш.Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанынын кейипкерлерине байланыштуу заманбап кыргыз киши аттары жөнүндө учкай сөз жүрөт.

Шота Руставели – орто кылымдардагы даңазалуу грузин акыны

Даңазалуу грузин акыны Шота Руставели XII кылымдын экинчи жарымы – XIII кылымдын алгачкы чейрегинде жашаган. Анын туулган мезгили катары 1160- жана 1166-жылдардын аралыгы жоромол кылынып келет.

Анын теги жаатында да так маалымат жок. Албетте, анын этностук теги – грузин болгон, бирок ал чын эле грузин ак сөөктөрүнөн беле, бектин тукуму беле, же карапайым кишинин урпагы беле, аны эч ким так айта албайт.

Руставели жана Руствели сөзү тийешелүү бир кыштакты же шаарды көрсөтөөрү тууралуу талаш бар. Бул ныспа (шарттуу аталыш) анын Мцхети (Месхет) аймагындагы туулган чөлкөмүнө гана ишаара кылышы ыктымал, деген пикир да жолугат. Айрымдар аны Мцхетидеги Рустави кыштагында туулган деп санашат.

Грузин канышасы Тамар.
Грузин канышасы Тамар (болжол менен 1160 – 18.1.1213; бийликтеги жылдары: 1184–1213).

Шота Грузияда гана эмес, ортодокс христиан чиркөөсүнүн ири чордону болгон Византияда (Анатолия, б.а. Кичи Азия аймагында) да таалим алган. Ал парсы жана анатолиялык грек тилдерин да билген. Деммек, мусулмандык да, христиандык да маданий асыл-нарктарды өздөштүргөн.

Уламыштарга караганда, ал атактуу грузин канышасы Тамар (болжол менен 1160 – 18.1.1213; бийликтеги жылдары: 1184–1213) Грузия падышалыгын бийлеген заманда, 1191-жылы, анын министри болгон.

Жакынкы Чыгыштагы Иерусалим (Куддус) шаарындагы мурдагы грузин чиркөөсүнөн алгач 1757/58-жылы аныкталган жана 1960-жылы грузин илимпоздору тарабынан кайра табылган орто кылымдык документке караганда, Шота Руставели “жогорку казыначы” кызматын ээлеген жана грузин христиандык кечилканасына демөөрчүлүк кылган экен.

Ш.Руставелинин дастанынын XVII к. таандык көчүрмө кол жазмасынын үзүндүсү.
Шота Руставелинин дастанынын XVII к. таандык көчүрмө кол жазмасынан үзүндү.

Акын Шота болжол менен 1180-жылдан тартып “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанын жазууга киришкен жана аны болжол менен 1205–1207-жылдары аяктаган, делет.

Залкар акындын жана дастанчынын өлгөн мезгили тууралуу так маалымат жок. Аны 1245–1250-жылдардын аралыгында грузиндик кечилканада дүйнөдөн өткөн, деп санашат.

Акын Шота жараткан көөнөргүс чыгарма грузиндердин гана табериги болуп чектелип калбастан, дүйнөнүн бир нече ондогон тилдерине (анын ичинде кыргыз тилине) толук которулган.

Албетте, Шота Руставели өзү да эскерткендей, бул дастанды жазууда ал аталышы белгисиз парсыча дастанды же дастандарды да пайдаланган (жана чыгармачыл өзгөрткөн).

Айрым илимпоздордун жоромолуна караганда, дастандын негизин орто кылымдардагы түрк тилдүү булгар акыны Микайыл Шамси Башту (Микаил-Башту ибн Шамс Тебир) 882-жылы жазган “Шан кызы дастанынын” айрым баяндары түзгөн. Мындагы Башту сөзүн “Киев” топоними катары жоромол кылышууда.

(Бул дастан тууралуу караңыз: Каденко, Владимир. Поэма Шамси Башту. Долг памяти и культуре // turkolog.narod.ru – 20.6.2013).

Ижбулатов, Мидхат Резванович. Возвращение дастана "Шан кызы" народу из небытия // bulgar-portal.ru – 24.09.2021).

Албетте, бул булактын (Микайыл Шамси Баштуга таандык делген дастандын) Алтын Ордо дооруна чейинки түп нускасы сакталбай калгандыктан (ал Совет доорунун алгачкы жылдарында өрттөлгөн имиш), аны биз кооз жоромол катары гана кабыл алууга аргасызбыз.

Кандай болсо да, Шота Руставели өз доорунда ар кыл диндерге жана этносторго жиктелгеи ири чөлкөмдөгү тарыхый коңшуларынын маданий асыл-нарктарын баалай билген чыныгы гуманист ойчул болгондугу талашсыз.

Советтик академик, кавказ таануучу Иосиф Абгарович Орбели (1887–1961) таасын айткандай, Шота Руставелинин мурасы аркылуу чыгыш элдеринин маданиятын да таанууга болот: “Руставелини аңдоо жана аны туура түшүнүү дегендик – бул XII–XIII кылымдардагы Чыгыш маданиятын түшүнүү дегендик. Ал эми Руставелини туура түшүнбөгөн киши Чыгышты да аңдай албайт”.

Чынында да Шота Русставели өз чыгармасын грузин тилинде, орто кылымдардагы грузин адабий салтын пайдаланып, ошол эле учурда грузиндер менен башка чыгыш элдеринин маданий ширелишинин кыртышына таянып жаратууга жетишкендиги шексиз.

Алыкул – XX кылымдагы кыргыз поэзиясынын бермети

Кыргыз поэзиясынын өткөн кылымдагы алпы – Алыкул Осмонов. Аны кыргыздын алгачкы руставели таануучусу деп да айта алабыз.

Алыкул 1915-жылы 21-мартта, падышалык оторчулук заманында, Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө Кыргыз тоо кыркасынын түндүк жакасындагы Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал ата-энесинен эрте калып, жетим балдар үйүндө тарбияланган.

1933-жылы ал Бишкектеги (Боронзодогу) педагогикалык техникумду аяктаган соң, 18 жашынан тартып ар кыл кыргызча басылмаларда журналист болуп иштей баштаган.

1935-жылы (20 жашында) анын алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн.

Ал көөнөргүс ырлар, поэмалар, бир катар пьесалар жазган, андан тышкары ал айрым дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларын орус тилинен кыргызчага которгон.

Көп жылдар бою кыйнаган кургак учук оорусунун айынан ал 35 жашында (1950-жылы 12-декабрда) дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Алыкулдун бейити. 21.3.2015.
Алыкул Осмоновдун бейити. 21.3.2015.

Акын Алыкулдун ыр жыйнактары заманбап кыргыз поэзиясын мурда болбогон өңүттөр – турмуштук чындыкты чагылдыруудагы жаңыча саамалыктар, текст артында жашырылган оригиналдуу поэзиялык ой чабыт, терең философиялык мазмундук кыртыш менен байытты жана өз доорундагы идеологиялык цензуранын талаптарынан да бийик серени сунуштады.

Ар ким бул акындын ырынан өзүнчө чечмелеп ой таба алат. Маселен, менин жеке түшүнүгүмдө, Алыкулдун төмөнкү ыр саптарынан сталиндик зулумдук доор деле сур булут сыяктуу артта калат, дегендей тымызын дем берүүнү да табууга болот:

“...Жазда башка жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!”

Албетте, акын ойлобогон нерсени ага жамоо да туура эместир, бирок анын ыр саптары ар кыл саясий режимдердин талаптарынан алда канча бийик жарандык сезимдерди тартуулаары бышык.

Алыкулдун өмүр жолу жана кайталангыс чыгармачылыгы, сүйүүсү жана инсандык көйгөйлөрү тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, мээнеткеч алыкул таануучу, журналист жана публицист Памирбек Казыбаев жана башка айдыңдар мыкты изилдөөлөрдү жарыялашты.

Иерусалимдеги кечилкананын дубалындагы Шота Руставелинин сүрөтү.
Иерусалимдеги кечилкананын дубалындагы Шота Руставелинин сүрөтү. Бул сүрөткө белгисиз бир тентек кол салган.

1937-жылдагы Шотанын мааракеси жана Борбордук Азия

Советтик Борбордук Азиядагы элдер Шота Руставели тууралуу 1937-жылдагы анын 750 жылдык шарттуу мааракесине байланыштуу көбүрөөк маалымат алышкан.

Советтик диктатор Иосиф Сталиндин Грузиядан чыккандыгы да бул мааракени бүткүл Советтер Биримдигинде кеңири өлчөмдө өткөрүү үчүн кыйыр түрткү болгондугу ажеп эмес.

Ким билсин, акын Алыкул Осмонов Шота Руставели тууралуу кеңири маалыматты ошол 1937-жылы алган болушу деле ыктымалдыр.

Балким, дал ошол жылы Шотанын көөнөргүс мурасын ар кыл тилдерге которуу жаатында тапшырыктар жер-жерлерге түшө баштагандыр.

Ал эми 1937-жылы декабрда Грузиянын борбору Тбилиси шаарында Шота Руставелинин 750 жылдык маракеси шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн.

Ага башка советтик жумурияттардагы далай репрессияланбай калган айдыңдар конок катары барып катышкан.

Тбилисидеги Шота Руставелинин айкели. 11.10.2018.
Тбилиси шаарындагы Шота Руставелинин айкели. 11.10.2018.

Тбилисидеги сый коноктордун бири болгон даңазалуу казак акыны Жамбыл Жабай уулу (1846–1945) мындайча төккөн эмеспи:

“Жайнаған Грузиннің жас ұлына,

Көз түсті тауда жортқан асылына.

Түнерген тау басына тұмандайын,

Ізіндей я жолбарыс жасырына.

Шотаның шырқап салған жыры арналған,

Келешек жас өспірім ғасырына”.

Кыргызча котормо:

“Жайнаган грузиндердин жаш уулуна,

Көз түштү тоодо жорткон асылына.

Түнөргөн тоо башында туман чулгайм,

Изиндей бир жолборстун жашырына.

Шотанын дил козгогон ыры арналган

Келечекки улан-кыздын кылымына”.

Казактардын заманбап акындардын бири Касым Аманжолов (Қасым Рақымжанұлы Аманжолов; 1911–1955) да 1939–40-жылдары Шота Руставелиге арнап ыр жазганы белгилүү.

Ал эми Шотанын дастанынын казакча котормосун акын Хамза Абдуллин (Хамза Жармұхамедұлы Абдуллин; 1919–2001) “Жолбарыс тонды жаһангез” – “Жолборс тондуу жааңгер” деген аталышта которгон.

(Караңыз: Руставели, Ш. Жолбарыс тонды жаһангез / ауд. Хамза Абдуллин. – Алматы: RS, 2012. – 284 б. – (Поэзия І–ХХІ ғғ. сериясы).

Бул казак котормочусу тууралуу XX кылымдын экинчи жарымында кеңири сөз айтылбай жүргөнүнүн олуттуу себеби – ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалында германдык нацисттерге туткунга түшүп калып, бир кездери Мустафа Чокай негиздөөгө салым кошкон айтылуу Түркстан легионунда болгондугу эле.

Ал эми теги азербайжан болгон өзбекстандык акын, жазуучу, драматург Максуд Максумбек-оглы Шейхзаде (Maqsud Məsum bəy oğlu Şeyxzadə; 1908–1967) – Шота Руставелинин чыгармасын өзбек тилине которгон аалым жана котормочу болгон.

Ал оболу Азербайжанда жана Дагестанда иштеген. 1927-жылы Бойнак (Бвуйнак) шаарында аны антисоветтик ишмердик кылды деп айыпташып, ал 1928-жылы Ташкенге 3 жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалып келген. 1930-жылы анын алгачкы ырлар жыйнагы өзбек тилинде жарык көргөн.

1952-жылы сентябрда аны тымызын антисоветти уюм түзгөн деген жалган жалаа менен камакка алышып, ал ГУЛагда (Шиберде) 1954-жылга чейин жазыксыз камалган.

Шотанын дастанынын Максуд Шейхзаде тарабынан өзбекче котормосунун аталышы “Жолборс терисин жамынган баатыр” (“Йўлбарс терисини ёпинган паҳлавон” – “Yo‘lbars terisini yopingan pahlavon”) деп берилген. Ал Ташкен шаарында 1959-жылы жарык көргөн.

Айтмакчы, өзбекче котормодо “Грузия” сөзү “Гуржистан” (“Гуржистон”) деп берилет.

(Караңыз: Руставели, Шота. Йўлбарс терисини ёпинган паҳлавон / Мақсуд Шайхзода таржимаси // Хуршид Даврон кутубхонаси. kh-davron.uz – 20.12.2018).

Ал эми Ташкен шаарындагы мурдагы Заңги-Ата (Зангиота) көчөсү 1938-жылы Шота Руставелинин ысымы менен аталып калган. 1991-жылы 10-февралда бул көчөнүн атына сталиндик доордо жазыксыз репрессияланган жана ГУЛагда өлгөн жазуучу, котормочу Усман Насырдын (Usmon Nosir, 1912–1944) ысымы берилген, бирок 2010-жылы 28-февралда көчөгө Шота Руставелинин ысымы кайра кайтарылган.

Түркмөнстанда да Шота Руставели тууралуу маалыматтар 1930-жылдардан тартып кеңири таркатыла баштаган. 1938-жылы Ашгабаттагы көркөм өнөр мектебине Шота Руставелинин ысымы ыйгарылган (Şota Rustaweli adyndaky çeperçilik mekdebi).

Бирок Шота Руставелинин дастаны 1960-жылдары гана түркмөнчө толук которулган. Түркмөнчө котормону белгилүү балдар акыны жана адабият таануучу, илимпоз Каюм Таңрыкулиев (Kaýum Taňrygulyýew; 1930–014) жүзөгө ашыргандыгын түркмөн жазуучусу Кудайберды Халлыев агайыбыз бизге тастыктады. Түркмөнчө “Gaplaň derisine giren pälwan” (“Кабылан терисине кирген балбан / баатыр”) деп аталган бул котормо менен азырынча жакындан тааныша алган жокпуз.

Түркмөнстан өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2024-жылдын 18-майында Ашгабат шаарында Махтумкулиге арналган маданий эскерүү комплексинин ачылышынын алкагында грузин акыны Шота Руставелинин айкелинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Фейсбук. 19.5.2024.

Жалпыласак, Шота Руставели жана анын көөнөргүс мурасы тууралуу Борбордук Азиядагы бардык түрк тилдүү жана башка калктар (анын ичинде кыргыздар дагы) 1930-жылдардын экинчи жарымында кеңири маалымат алышкан.

Тариэл менен Нестан-Даражан. С. Кобуладзенин дастанга сүрөтү.
Тариэл менен Нестан-Даражан. Грузин сүрөтчүсү С.Кобуладзенин дастанга арналган сүрөтү.

Алыкул жана “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанынын котормосу

Акын жана котормочу Алыкул Осмонов өз заманасы үчүн орус тилин жана орус адабиятын мыкты өздөштүргөн. Албетте, ал грузин тилин билген эмес.

Анын Шота Руставелинин грузинче чыгармасын кыргыз тилине которуусу, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" чыгармаларын англис тилинен тикелей которбогону сыяктуу эле, орус тили аркылуу жүзөгө ашырылды.

Айтмакчы, А.Осмонов грузин дастанынын аталышын “Жолборс тонун жамынган баатыр” деп которсо кыйла дурус болмоктур, бул жаатта азыр да интернет жайытында сын айтылып жүрөт. Бирок котормочу анын аталышын “Жолборс терисин кийген баатыр” деп сунуштаган жана бул аталыш азыр дагы сакталып келет.

Чыгарманын грузинче аталышы “vepkhist’q’aosani” (“Кабыланчан”) деп берилсе, англисче котормосу “The Knight in the Panther's Skin” – “Кабылан теричен баатыр (рыцарь)” деген аталышта берилген. Орусча болсо ал “Витязь в тигровой шкуре” – “Жолборс теричен эр жоокер” деп которулган. Ал эми түрк тилине бул чыгарманын аталышы “Kaplan Postlu Şövalye” (“Кабылан тончон эрен”) деп которулган. Чех тилинде болсо бул аталыш “Muž v tygří kůži” (“Жолборс теричен эрен”) деп берилген.

Тариэл суу агымынын жанында. Марка. 1966.
Тариэл суу агымынын жанында. “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанынын автору Шота Руставелинин 800 жылдык маракесине арналган советтик почтоо маркасы. 1966-ж.

1966-жылы СССР почтоосу Шота Руставелинин 800 жылдыгына карата почто маркасын чыгарган. Анда грузин баатыры жолборс терисинен жасалган жамынчыны (жеңил тонду) жамынып тургандыгы чагылдырылган.

Негизи, Алыкул Осмонов жаш болсо да котормочулук жаатында белгилүү деңгээлде теориялык жана тажрыйбалык жактан такшалгандыгы дал ушул грузин дастанын которгон учурунда толук айгинеленген.

Ал текстти илимий которбостон, адабий ыкмада которгон. Маселен, ал айрым орусча саптарды сөзмө-сөз которбостон, эркин өзгөртүп, чыгармага кыргыз дастанынын саптарындагыдай кабыл алынганга жеңил кылып, поэзиялык ой ширелтип берүүгө умтулган.

Бул ыкмасы жөнүндө Алыкул Осмонов өзү да ачык эскертип жазган:

“Мен үч жылдык ишимде ушул поэманы толугу менен которуу максатын коюп, акыры ишке ашырдым. Котормо эң эркин которулду, маселен, сиздерге төмөнкүнү жазып окутуп көрөйүн.

Орусчасында:

Уж забыл я ликованье, арф и звонких лир бряцанье.

И свирели напеванье, той, чье имя нежно най.

Так в печали безответной вянет пламень розоцветной,

Но сердечной мгле заветной молвил он “не унывай”,

Котормодо:

Коңур үндүү арфа күүсүн сагындым,

үнүн кошуп ыр ырдаган жарымдын.

Жаш төгүшкөн ошол салкын түндөгү –

Жароокерлүү шерттеринин бардыгын;

Чыда жаным, болот канжар кессе да

Түбү келип сары алтын дейт — сабырдын.

Орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда чоң айырма (расхождение) бар, бирок ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат. Поэманын эн бөтөнчөлүгү, афоризм байлыгын сактоого да тырыштым. Ачык айтканда, көп жерлеринде маанисин алып туруп, өзүмчө кетип калган учурлар да бар...” (Китептин 7-бети).

Андан ары Алыкул болочокку котормочулар бул сыяктуу калпыстыктарды жоё тургандыгы шексиз, деген тилегин билдирген.

“Мажнун” сөзү

Албетте, Алыкулдун котормосу өз доору үчүн мыкты саамалык болду.

Эми бир термин менен байланыштуу анын котормосуна кылчайып көрөлү. Ал – “мажнун” сөзү.

Алыкул жүзөгө ашырган кыргызча котормодо:

“Ашыктык күчөй берет, кайра жанбайт,

Жүрөгүм мажнундардан айрыла албайт”, – деген татынакай саптар чөгөрүлгөн экен. Башка беттерде да “мажнун” сөзү учурайт.

Оболу менде бир шек жаралды. Деги, Шотанын чыгармасынын грузинче түп нускасында мусулман адабиятында кеңири учураган “Мажнун” термини барбы? Салыштыруу үчүн алгач бир орусча котормого кайрылууну чечтим.

Колумдагы орусча котормодо негедир “мажнун” сөзү жок болуп чыкты. Грузинче текстти, арийне, түп нускасында окуй албайм, бул кемчилигимди мойнума алам.

Бирок колума тийген орусча котормодогу “По-арабски кто влюбленный, тот безумный” (“Ким сүйүүгө чалдыкса, аны арапча “жинди” дешет”) деген саптар Шота Руставелиге “мажнун” сөзү тааныш болгондугун айгинелейт.

Мусулман перстердин адабиятын окуй алган жана дастанында Куранга да шилтеме кылган Шота үчүн араптардын нечендеген маданий терминдери деле дурус белгилүү болсо керек.

Андан соң колума Шотанын дастанынын Кэтрин Вивиан айым жүзөгө ашырган жана 1977-жылы Лондондо жарыялаган англисче эркин котормосу тийди. (Караңыз: The Knight In Panther Skin, by Shota Rustaveli: Translated in Prose by Katharine Vivian Hardcover. – London: The Folio Society, January 1, 1977. – 208 pages.)

Бул котормонун эң мыкты жагы – анда грузинче текстте учураган айрым маданий тексттер түп нускадагы варианты көрсөтүлүп сунушталган экен. Дастан текстиндеги ыр саптары да төрт саптан кылынып өзүнчө номурланган (изилдөөчү бул номур аркылуу түп нускадагы жана илимий котормолордогу тийешелүү ыр саптарынын текстине салыштырып карай алышат).

Мисалы, англисче котормонун 37-бетинде №22 төрт сап жайгашкан.

Анын биринчи сабында англисче “madmen” сөзү атайын жылдызча (*) менен кошо жазылган. Бул жылдызча барактын этегиндеги тактоочу шилтемеге алып келет.

Ал шилтемеде болсо:

“*Madmen: Arabic majnun, a madman. In the most famous of eastern love stories, Layla’s lover was called Majnun, being driven to frenzy by his love for her” (“*Жиндилер: арапча “мажнун”, акылдан азган киши. Чыгыштагы сүйүү тууралуу өзгөчө даңазалуу баяндардын бирин караганда, Лейла деген айымдын сүйүктүүсү “Мажнун” деп аталган; ал өзүнүн бул айымга болгон сүйүүсүнүн айынан акылынан азган”), – деген таасын түшүндүрмө берилген.

Ошентип, “мажнун” сөзү Шота Руставелинин түп нуска текстинде да учурайт экен.

Алыкул өз котормосун жүзөгө ашырып жаткан маалда башка советтик түрк мусулман элдеринин котормо варианттарынын бери дегенде үзүндүлөрүн пайдалана алды бекен? Бул суроону болочокку алыкул таануучуларга калтыралык.

Алиги англисче котормодогу терминдик түшүндүрмөдөн айгинеленгендей, XII–XIII кылымдардагы грузиндер парсыча “майдан” (میدان) сөзүн да өздөштүрүшкөн (англисче котормодо 35-беттеги №13 төрт сапты жана анын төмөн жагындагы түшүндүрмөнү караңыз).

Кыргыз тилинде да “аба майданы”, “ат майданы”, “кан майдан” сөздөрү бар эмеспи. Ал эми мусулман түрктөрдүн (мусулман кыпчак, кырым татар, ногой ж.б.) таасири менен бул сөз украин тилине да кирген. XXI кылымдын башындагы Киевдеги Крещатик аянтындагы элдик ыңкылап окуялары азыркы саясий лексикондо “Майдан” сөзү менен чагылдырылып калбадыбы!

Кандай болсо да, “мажнун” сөзү сыяктуу салыштыруулар Алыкулдун кыргыз окурмандарына багытталган поэзиялык табылгасы гана эмес. Алар – орток Карахандар жана кийинки орток чагатай адабияты аркылуу Теңир-Тоо калайыгына дайын болгон эски сөздөргө жаңыча дем берүү далаалаты болуп саналат.

Ал эми Шотанын чыгармасын түп нускадан четтебестен грузинчеден тикелей которуунун жана ал котормону илимпоз катары чечмелеп окуунун өзүнчө зарылчылыгы жана ыракаты бар.

Эми эңсеткен болочокку котормочулар Ала-Тообузда XXI кылымда гана пайда болмокчу жана алар бул дастанды орус тилинен эмес, тикелей грузин тилинен илимий жана адабий варианттарда кыргыз илине которууга жетишет деп үмүттөнөбүз. Ылайым Теңир ошол көз ирмемдердин эртесин берсин!

Грузин дастаны кыргыз жүрөгүнөн орун тапты

Таанымал алыкул таануучу Памирбек Казыбаев агайыбыз өзгөчө белгилеп жазгандай, А.Осмоновдун грузин дастанын которуу иши 1939-жылдын апрелинде соңуна чыккан.

Цензуралык жана башка териштирүүлөрдөн соң, котормонун тексти Татарстандын ордо шаары Казанда жайгашкан “Татполиграф” басмаканасына ошол жылдын 5-ноябрында терүүгө берилген. Котормону китеп кылып басууга 1940-жылы 11-мартта кол коюлган. (Азыркы жаштарга эскертип айта кетчү жагдай – коммунсттик цензура уруксат бермейинче, саясий китептер түгүл адабий чыгармалар дагы СССРде китеп болуп жарык көрчү эмес).

Кыргызча котормонун алгачкы басылышы 10 миңден ашуун нускада Казан шаарында чыккан, бирок ал Кыргызстан мамлекеттик басмасынын грифи менен жарык көргөн.

Памирбек Казыбаев жана Максат Жангазиев.
Алыкул таануучу Памирбек Казыбаев (солдо) жана "Азаттыктын" кабарчысы Максат Жангазиев. 20.5.2024.

Кыргызча котормо аяктаган ошол 1930-жылдардын акырында кыргыз адабияты, адабият таануу жана тил илими жумурятыбыздагы башка гуманитардык тармактар сыяктуу эле өлчөөсүз зор жоготууга учураган кез эле.

Профессор Касым Тыныстанов сыяктуу мыкты адистер сталиндик репрессиялар маалында атууга кеткен, айдыңдардын бир катары ГУЛаг абактарына кабылган, айрымдары убактылуу бозгун болуп качып жүрүшкөн жана кийинчерээк алардын аман калгандарынын көбүнө жакшылыктуу айдыңдык кызмат берилген эмес.

Демек, куугунтукка кабылгандардын Алыкул Осмонов жүзөгө ашырган бул котормонун сапаты жаатындагы пикирлери ошол 1939–40-жылдары кандай болмок, аны эми эч ким боолголоп айта албас.

Айтмакчы, кыргызча котормонун туңгуч басылышы кыргызча латын арибинде терилгендигин өзгөчө белгилөө абзел. Демек, кыргыздар улуу Шотанын дастаны менен кыргызча латын алфавити аркылуу таанышкандыгы да символдук мааниге ээ.

Дал ошол 1940-жылдардын башында Алыкулдун татынакай эркин котормосу аркылуу кыргыз чөйрөсүндө таркатылган Шотанын дастаны далай кыргыз окурмандары үчүн караңгы түндү жаркыткан көркөм шоола болду.

1940-жылдан тартып кирил жазмасы Кыргызстанда расмий киргизилгенине карабастан, латын тамгасындагы китептер жана мезгилдүү басылмалар кыйла жылдар бою калайык арасындагы жеке китепканаларда байма-бай колдонулуп келишкен.

“Манас” эпосуна байланыштуу китептер.
“Манас” эпосунун бөлүмдөрүнүн кыргызча латын алфавитиндеги жарыялары. (Арасында бир китеп – 1925-жылы Москвада кыргыздын арап алфавитинде чыккан Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы “Манас”).

Элет жеринде латын арибин билген жаштар шынаарлап чогулган айылдаштарына ушул дастанды “кырааты менен” окуп берген узун кечтер жөнүндө кийинчерээк улуу муундагылар эстеп жүрүштү.

Калайыктын көпчүлүгү жалган саясий ураандардан жалкып турган. Эгерим кимдир-бирөө байкабастан туура эмес сүйлөп алса, дароо абакка кабылган 1936–1939-жылдардагы кезеңден кыргыз совет коому анчалык деле узап кете элек болчу. Согуш жылдары деле баканооздуктун айынан айыпсыз камалгандар болду.

Ал эми Шотанын орто кылымдардагы түштүк кавказдык турмушту дастан катары чагылдырган бул көөнөргүс чыгармасы демейдеки сталиндик жазалоолордун жана зулумдуктун окуяларын саал унуткарып, “Манас” эпосун уккан сыяктуу таптакыр башка аруу дүйнөгө төнүп кетүүгө чакырган жана жетишкен.

Шотанын чыгармасы сүйүүнү, достукту, берилгендикти даңазалаган. Ал эми бул сезимдер эч кандай мамлекеттик чек араларга, диндик, расалык, адеп-ахлактык айрым сокур ишенимдерге жана башка жасалма чектөөлөргө багынбайт эмеспи.

Алыкулдун эркин котормосундагы терең мазмун кыргыз окурмандарынын жүрөгүнөн жылуу түнөк таба алды.

Жолборс терисин кийген баатыр" дастанынын А.Осмоновго таандык котормосунун басылыштары. 2024.
Шота Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" дастанынын Алыкул Осмоновго таандык котормосунун айрым басылыштары. 2024.

Кыргыз киши аттары грузин дастанына жаңы жан берди

Шотанын дастанынын кыргыздарга жагышынын күтүүсүз кайтарымы да болду. 1940-жылдардын башынан тартып кыргыз элинин киши аттарынын кампасына мурда түшкө да кирбеген чыгармалык ысымдар киргизилди.

Эркек ысымдарынан, маселен, Тариел / Тариэл, Автандил / Афтандил, Нурадин жана башкалар, аял ысымдарынан Тинатин, Нестан Даражан, Тамара жана башкалар кыргыз уул-кыздарына арбын коюла баштады.

Менимче, кыргызча пайда болгон Кипариза деген кыздын ысымы дагы Шотанын дастанында эскерилген жана Ала-Тоодо мурда өстүрүлбөгөн кипарис дарагы менен байланыштуу болушу ыктымал.

Маркум антропонимист Шералы Жапаров агай бул ысымдардын далайын чечмелеп китептер жана макалалар жазган.

(Шотанын дастанынын кыргызча котормосу кыргыздын кирил жазмасында 1950-жылдан тартып гана кайта басыла баштаган жана бул котормо жалпысынан он жолу басылып чыккан. 2010-жылы жарык көргөн жетинчи басылыш П.Казыбаевдин редакторлугу астында жана баш сөзү жана соңку сөзү менен жүзөгө ашырылган).

Биз чакан блогубузда “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанындагы киши аттарын наристелерге байма-бай коюу аркылуу да кыргыздар Шотанын дастанынын башкы кейипкерлерине жана ал аркылуу грузин элине өз ызаатын чагылдырышкан, деген оюбузду айткыбыз келди.

Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” дастаны. 2024.
Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанынын А.Осмоновго таандык кыргызча котормосу онунчу ирет басылып чыкты. Бишкек. Май, 2024.

Туруктуу маданий көпүрө жашай бермекчи

Акын Алыкул Осмонов өзүнүн ыр саптарынын биринде “пайгамбардык кылгандай” төмөнкү сөздөрдү жазган (аны П.Казыбаев агабыз котормонун 2010-жылдагы 7-басылышына эпиграф катары ыктуу колдонгон):

“Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,

Эр үчүн керек жерде ак кызматы.

Жөнөй бер, дагы сонун жерге алпарат,

Алдагы мен берген ат – кыргыз аты.

Жок күтпөйм, алдын ала айтпа рахмат,

Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.

Арманым — ошол сүйүү бул күнгө да,

Кайрадан жаралсачы атаганат!

Алыкул. 3.12.1944, Койсары”.

Бул саптарды акын Алыкул өзүнүн 29 жашына бир нече күн калганда жазган экен.

Алыкулдун котормосу жана ушул саптары жалаң гана XIII кылымдын башында дастанын грузин тилинде аяктаган акын Шота менен XX кылымдын ортосунда анын кыргызча котормосун жүзөгө ашырган алатоолук заманбап акындын ортосундагы көрүнбөс көпүрө болуп чектелбейт.

Алыкулдун дастанга жана дастандын авторуна таазими кыргыз жана грузин элдеринин ортосундагы көөнөргүс маданий көпүрөнү курууга алып келди.

2015-жылы Грузияда кыргыздын баатырдык “Манас” эпосу грузин тилине которулду деген кабар кубанткан эле.

Былтыр грузин кесиптешим Дато мага бир жакшы кабарды жазган эле: Тбилисиде кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармалары грузин тилине жаңыча которулуп, басылып жаткан экен. Бул кабарды башка булактар да тастыкташты.

Бала чагымда грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин “Мен күндү көрүп турам” деген чыгармасынын кыргызча котормосун бири-бирибизге берип, кагаз жыртылганча окуур элек.

Грузиндердин кыска комедиялык тасмалары да купулубузга толгон.

XX кылымда Кыргызстанда грузиндер жөнүндө кандай түшүнүктөр калыптанса, Грузияда деле Ала-Тообуз жана элибиз тууралуу маалыматтар топтоло берсе керек.

Эми болсо, жаңы кылымда, кыргыздар дагы, грузиндер дагы өздөрүнүн элдери демократияга ырааттуу умтулган жана жарандык коому жаркын келечек үчүн жигердүү күрөшө билген өлкөлөрүндө байырлап жатышат.

Шота Руставели менен Алыкул Осмоновдун бири-бирине ширелишкен аруу дүйнөсү бул эки залкар акындын өлкөлөрүнүн элдерин буга чейин курулган маданий көпүрөнү андан ары ырааттуу чыңдай берүүгө үндөйт.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG