Журналистти сот “орус аскерлери тууралуу жалган маалымат тараткан” деген айып менен 6,5 жылга эркинен ажыраткан. Мындай дооматты Алсу өзү жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосу дароо четке каккан. 47 жаштагы Алсу күйөөсү, ушул эле медиа корпорациянын кызматкери Павел Буторин менен бирге 5-августта Техаста туруп, “Азаттык” радиосунун журналисти Майк Эккелге орус түрмөсүнөн бошотулгандан кийинки жагдайы тууралуу айтып берди.
Майк Эккел: Алсу, сизди көрүп турганыма чексиз кубанычтамын. Азыр сиз абактагы узакка созулган күндөрдөн кийин ден соолугуңузду калыбына келтирип жатыпсыз. Учурда өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
Алсу Курмашева: Рахмат, Майк. Мен бактылуумун. Баары жакшы. Акыры мен ишенимдүү колдомун. Учурда эң башкысы медициналык жардам алып жатам. Мага абакта медициналык тейлөө көрсөтүүдөн канча ай баш тартышты. Эми адам катары мамилеге бөлөнүп турам. Бир жыл камакта өткөргөн оор сыноодон кийин эми менде баары жакшы.
Майк Эккел: Биз учак Вашингтондун сыртындагы Эндрюс аба базасына конгондон кийин сизди президент Байден жана вице-президент Харрис тосуп алганын көрдүк. Андан кийин, албетте, Павел жана эки кызыңар менен жолукканыңарды көрүп, чынын айтканда көзүмө жаш алдым. Ошол ирмемдерди эне, аял катары сүрөттөп айтып бере аласызбы? Бир жылдан кийин кыздарыңыз менен жолдошуңузду кучактаганда кандай сезим болду?
Алсу Курмашева: Бул мен бир нече ай бою кыялданган, фантазиямда элестеткен ирмем болду. Мен кандай болорун так кыялданчумун. Бирок мен күткөндөн да укмуш, эң бактылуу секундалар болду. Майк, мен ошол көз ирмемдерге чейин ушунун баары чындык экенине ишенген жокмун. Анткени баары башкача болуп кетиши толук мүмкүн эле. Баары жашыруун жүргүзүлдү. Эмне болуп жатканы сыр болду. Ушунча айдан кийин мени ким, кайда, эмнеге алып баратканын билбедим. Акыры баары ишке ашты. Мен күйөөмдү жана балдарымды кучактаганда кыялданган керемет ишке ашканына ишендим. Ошондон бери кучакташып бүтпөй атабыз.
Павел Буторин: Майк, билесиңби, бул тараптан дагы туткун айырбаштоону утурлай өтө көп белгисиздик болду. Ырасталбаган маалыматтардан улам социалдык тармактардан да оолак болдум. Алтургай, Ак үйгө бейшембиде эртең менен барганда башка үй-бүлөлөрдү да көрүп, алар менен кучакташып, учурашып, бири-бирибизди куттуктап жатып дагы баары ошол эле күнү ишке ашарына ишенген жокмун. Анан президент Байден бизге бул тууралуу жарыялаганда да чындап ишене албай турдум. Ал күнү биз үчүн көп нерсе күтүүсүз болду. Ошол эле президенттин кабинетинен мамлекет башчы отурган үстөлдөн телефондон сүйлөшүү дагы эч бир күтүүсүз эле. Биз ушунча айдан бери байланыша албай жүрүп, акыры Алсунун үнүн укканыбызда абдан кубандык.
Майк Эккел: Алсу, Кошмо Штаттарга кайтканда жаңылбасам авокадону ушунчалык рахаттануу менен жегениңизди көрдүк. Башка дагы эмнеден рахат алып жатасыз жана тескерисинче эмнени көп деле сагынбаптырсыз?
Алсу Курмашева: Оо, бул эми абдан күлкүлүү. Биринчи жолу авокадо жеп жатканда мени тартып атышканын билген эмесмин. Майк, бирок мен түрмөдө жатканда каалаганым авокадо эмес болчу. Албетте, биз азыр Техаста болгондуктан, авокадонун даамы укмуш сонун го. Билесиңби, мен баарынан да таза суу ичким келди. Алгачкы жолу стакандагы таза сууну Анкарадан Эндрюс аэропортуна учуп баратканда учактан ичтим. Мен оболу таза сууну эңседим, мейманканада шашпай, таза сууга жуунганды, таза керебетте уктаганды кыялдандым. Билбейм, бир нече күн өтсө да мен баарын алгачкы жолу көрүп жаткандаймын. Бүгүн биринчи жолу көзөмөлү жок, өзүм жалгыз сейилдеп келдим. Эч ким мени эч кайда жетелеп чыккан жок. Чындыгында мен түрмөдө мынчалык оор болорун күтпөптүрмүн. Мен өзүмдү күчтүү эле сезип жүрдүм. Менде баары жакшы деп ойлодум. Бирок эмне болуп жатканын сезип жана эң башкысы буга чейинки баштан өткөргөндөн алыстоо үчүн мага убакыт керек.
Павел Буторин: Биз дагы бул жерде кыздарым менен Алсуга ушунча ай адилетсиз жана мыйзамсыз камакта жаткандан кийин эркин дүйнөгө аралашып кетүүсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күттүк. Бул эми узак процесс болот. Азыр ал калыбына келип жатат. Биз жардам берүүдөбүз. Баары жакшы. Акыры ал ишенимдүү колдо. Акыры ал мээримге бөлөндү. Көп айдан бери Алсуга адамча мамиле жасалган жок. Баары артта калды. Ал азаптуу күндөр аяктады. Биз жаман түштөн ойгонуп жатабыз. Баары ушундай аяктаганына кубанычтамын. Беларус менен оккупацияланган Крымда мыйзамсыз камакта жаткан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башка журналисттери да эркиндикке чыгып, баары жакшы болот деген үмүттөмүн.
Майк Эккел: Алсу, сизде эркиндикке чыгарышы мүмкүн деген ой качан пайда болду? Андай ой Казандагы сиз отурган аялдар түрмөсүндө эле келдиби, же Москвага алып барганда түшүндүңүзбү?
Алсу Курмашева: Майк, мен буга чейин айтып өткөндөй эле, кышы бою эч кандай маалымат болгон жок. Менин тергөөчүм да эч нерсе билбейт. Ызгаардуу кыш өттү, жаз келди, эч нерсе болгон жок. Анан эле бир убакта менин сот ишим тездей баштады. Кандайдыр бир нерсе болушу мүмкүн деген ишарат болду. Ошол эле күнү Эвандын да соту болгонун билдим. Бул бир нерсенин жышааны болушу мүмкүн деп ойлодум. Анан кайра дымып эле калды. Көп өтпөй Казандагы түрмөдөн башка жакка алып жөнөштү.
Түрмөнүн “Сталипан” поезди менен Москвадан башка жакка алып баратышканын айтышты. Кандайдыр бир үмүт жанды, ошентсе да баарына даяр болуп турдум. Анан эле Москвага жол тарттык, үч күн жолдо жүрдүк. Мен акыркы күнү Москвага баратканыбызды билдим. Анда дагы бир үмүт жанды. Анан мени Москвадагы түрмөгө отургузуп коюшту. Эч ким мага ал жакта канча болорумду айткан жок. Баары ушинтип өнүгүп жатты. Мен айырбаштоо болоруна ишенгем. Бул үчүн акырындык менен кичинекей кадамдар жасалып жатканын билгем. Бул менин жалгыз үмүтүм эле. Болбосо аялды, журналист аялды алты жарым жылга эркинен ажыратуу бул акылга сыйгыс өкүм эмеспи.
Майк Эккел: Бул процестте түрмөнүн жетекчилиги же ФСБ (ред.: Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы) кандайдыр бир оюн жүргүзүп, басым жасап жатат деген ой болгон жокпу?
Алсу Курмашева: Соңку он айда мага болуп көрбөгөндөй психологиялык басым жасалды. Ошондуктан бул тууралуу ойлогон жокмун. Болгону үмүтүмдү да өчүргөн жокмун. Бул мага чоң жардам берди. Албетте, мен аларга ишендим деп айта албайм. Бирок мен чындап үмүт артып турдум.
Майк Эккел: Албетте, сиз үй-бүлөңүзгө кошулганыңызга кубанып турасыз. Башка дагы кандай сезим болууда? Орус бийлиги сизди үй-бүлөңүздөн тогуз ай (жалпысынан Алсу бир жыл бир ай Казандан чыга алган жок) эч негизсиз ажыратып койгонуна кыжырыңыз келип жатабы?
Алсу Курмашева: Азыр кыжырданган деле жокмун. Мен эч кимди жек көргөн жокмун, ачуум деле келген жок. Болгону боорум ооруп турат. Сотторго, тергөөчүлөргө, офицерлерге, күзөтчүлөргө ачуум деле келген жок. Алар ушундай ишти аткарып жатканына кейийм. Азыр эми абакта отурганда жоготкон убакытты кууп жетишим керек. Жакындарым мен үчүн тарткан көп видеолорду көрүп чыгышым зарыл. Жаңы музыка угуп, китеп окуп, фильм көрүшүм керек. Жаңылыктарды угуп, көрүшүм абзел. Ооба, менин убактымды уурдап алышты. Ал жылды мага жана үй-бүлөмө эч ким кайтарып бербейт. Биз анын баарына жетишүүгө аракет кылабыз. Мунун баары мени, үй-бүлөмдү чыңалтат. Кимдир бирөөгө кыжырданып, жек көргөн жокмун. Бул чындык.
Майк Эккел: Павел, соңку суроом. Албетте, сиздин сезимдерди салыштырып болбойт. Таң атканда, жатаарда, уйкусуз түндөрдө, бул күндөрү эмнени ойлодуңуз?
Павел Буторин: Азыр эми мен да социалдык тармактарды аңтарып, адвокаттардан билдирүү жокпу деп таң атпай текшербей, жаңы жашоого көнүшүм керек. Башымдан оор жүктү алып койгондой болду. Бирок биз эми толук интеграция болгон жаңы мезгилди күтүп жатам. Бул абдан эмоционалдуу бир нече күн болду. Мен дагы эле эмне болгонуна, ушунун баарынан өткөнүбүзгө ишене албай кетем. Ак үйдө кыздарымды президент Байден жана вице-президент Харрис менен тааныштырдым. Ал жакта алардын кызматына карабай жөнөкөй баарлашуу болду.
Анан президент Байден бизге Ак үйдүн ичинде өзү экскурсия уюштурду. Абдан сонун болду. Ошонун баарына дагы эле ишене албай кетебиз. Эң башкысы - биз бактылуубуз. Бул бир сөз менен айтып бере алгыс сезим. Алсунун келгенине канчалык кубанып жатканыбызды айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ал эч жамандык кылган жок, ал кылмышкер эмес. Бүт дүйнө ал түрмөдө негизсиз отурганын билет. Биздин үй-бүлө мындай сыноодон өтүүгө татыктуу эмес эле. Бир да үй-бүлө, өзгөчө журналисттердин үй-бүлөсүнүн башына мындай сыноо түшпөсүн. Журналистика кылмыш эмес. Алсу кылмышкер эмес. Анын эркиндикке чыкканына жетине албай турам.
Алсу Курмашева: Мен кайтканыма кубанычтамын. Балдарым менен бирге экениме кубанычтамын. Эми кадимки эне болом, үй-бүлөм үчүн кам көрөм. Мен мунун баарын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Азыр мектепке кайтуу сыяктуу негизги маселелерди чечип алышыбыз керек. Менин ишимдин тегерегинде кандай окуялар болгонуна убакыт бөлүшүм зарыл.
Улам бир нерсени билген сайын, мен үчүн көп ачылыштар болууда. Менин адвокаттык тобум, АКШ өкмөтү, Конгресс мүчөлөрү, Журналисттерди коргоо комитети, «Эркин Европа/Азаттык» радиосундагы кесиптештерим, эркин пресса боюнча топтор менен иштешем. Мен абакта алган маалымат абдан чектелүү болгондуктан, менин жана башка журналисттердин айланасында мынчалык масштабда өнөктүк болуп жатканын элестете да алган эмесмин. Чоң рахмат. Мен муну абдан баалайм. Баарыңарды сыйлайм. Баарыңарга жеке ыраазычылыгымды билдирем.
Павел Буторин: Алсу көп адамдар менен жолугуп, рахматын айтып, учурашуусу керек. Ал аны бошотуу үчүн Атлантика океанынын эки тарабында канча адам аракеттенгенин билбейт деле. Ал эми кыздар тууралуу айтсак, мен аларга терең ыраазымын. Анткени алар Алсуну эркиндикке чыгаруу үчүн активдүү жактоочу, абактагы энесинин үнүн дүйнөгө жеткирүүдө мыкты маалымат катчы болуп беришти. Алсу алардын бою гана өспөй, көз карашы калыптанып, кадимкидей чоңоюп, турмушту түшүнүп калганын байкады. Кыздар жалпы америкалыктар жана эркин жарандар катары өз укуктарын мыкты билишет. Мен да баарыңарга алкыш айтам.
Майк Эккел: Алсу, Павел, убакыт бөлгөнүңөргө рахмат. Силерди жакын арада Прагада көрүүгө куштармын.