Ооганстанда "Талибан" кыймылы башкарган өкмөт эркин ойлонгон активисттерге, саясатчыларга жана журналисттерге куугунтукту күчөттү.
АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Израил Газанын бир нече аймагында чабуулдарын улантууда. Дүйшөмбүдө 70, андан бери дагы жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу келишими даяр боло баштаганын билдирди.
Шайлоого 100 чакты күн калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялаганы демократтарга президенттик жарышты дээрлик башынан баштоого туура келип отурат.
Украина Херсон облусунда соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан тогуз киши жабыркаганын, дагы бир киши – 71 жаштагы аял 22-июлдун таңындагы соккудан жараат алганын билдирди. Жыйырма чакты кыштакка жана Херсон шаарына абадан сокку урулду, үйлөр, социалдык инфраструктура мекемелери кыйрады.
Шайлоого 100 чакты күн калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жана вице-президенти Камала Харристи колдорун жарыялады. Бирок Демократиялык партиянын атынан республикачылардын өкүлү Доналд Трампка ким атаандаш болуп чыгары августтагы курултайда аныкталмакчы.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
Дем алышта Жакынкы Чыгышта жаңжал күчөдү. Йемендеги хуситтер жекшембиде эртең менен Израилдин Эйлат курортуна баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Израил абадан коргоо системасы дүрмөттөрдү атып түшүргөнүн билдирди. Абал ишембиге караган түнү топ Тел-Авивди бутага алгандан кийин курчуп кетти.
Жума күнү дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөргө технологиялык “апаатка” туруштук берүүгө туура келди.
Дагы жүктөңүз