Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкты. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр бар.
Бул арада Орусиянын Курск облусундагы заводдордун биринде дрон соккусунан кийин өрт тутанды. Андан тышкары Орусиянын башка бир нече облусу учкучсуз аппараттардын чабуулуна дуушар болду.
Орусиянын Курск облусундагы заводдордун биринде дрон соккусунан кийин өрт тутанды. Андан тышкары Орусиянын башка бир нече облусу учкучсуз аппараттардын чабуулуна дуушар болду. Ал эми “Россия-1” мамлекеттик телеканалында Европадагы шаарларга ракеталык сокку уруу темасы козголуп, картасы көрсөтүлдү.
13-июлда АКШнын экс-президенти Дональд Трампка кол салуу болду. Кызматта турган же мурдагы жогорку саясатчыларды өлтүрүү аракеттери дүйнө тарыхында көп эле катталып келет. 60 жыл ичинде болгон айрым резонанс жараткан кол салууларга токтолсок.
Соңку беш күндөн бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө суу ташкындан улам ондогон адамдардын өмүрү кыйылды. Индия, Кытай, Кошмо Штаттар, Ооганстанда нөшөрдүн айынан аймактарды суу каптап, жүздөгөн турак жайларга, гектарлаган айдоо аянттарына зыян келтирилди.
АКШнын президенти Жо Байден жана республикачыл атаандашы, мурдагы мамлекет башчы Доналд Трамп америкалыктарды биригүүгө чакырышты.
АКШда республикачылардын президенттикке талапкери Дональд Трампты өлтүрүү аракети америкалыктарды нес кылды. Өлкөдө мындай окуя 40 жылдан бери боло элек эле. Экс-президент Пенсильвания штатында тарапкерлери менен жолугушуп жатканда ок атылган.
Ошто сел агызган беш кишинин төртөөнүн сөөгү табылды. АКШнын президенти Жо Байден жана экс-президенти Доналд Трамп соңку окуядан кийин америкалыктарды биригүүгө чакырышты. Чүй облустук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Чүй облустук соту 15-июлда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Райондук сот буга чейин аны беш жылга эркинен ажыраткан. Олжобай Шакир өкүмдү “адилетсиз чечим” деп атады.
Газада Израилдин 14-июлдагы чабуулдарынан кеминде 17 палестин жай тургунунун өмүрү кыйылганын, 50дөй киши жараат алганын жекшемби күнү анклавдын ХАМАС (АКШда жана ЕБде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Ишембиде 90дой киши каза болгону кабарланган.
Дагы жүктөңүз