Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Жакынкы Чыгыш: Газа, Голанга чабуул кырдаалды курчутту


Маждаль-Шамс. 28-июль 2024-жыл
Маждаль-Шамс. 28-июль 2024-жыл

Израил оккупациялап алган Маждаль-Шамс шаарына жасалган ишембидеги чабуулда 12 адам мерт болуп, 30дан ашыгы жараат алды. Тель-Авив буга ливандык “Хезболла” радикал тобун күнөөлөп, ага жекшембиде сокку менен жооп кайтарды.

27-июлда Израил Газадагы мектепке сокку уруп, кеминде 30 киши каза таап, 100дөн ашууну жараат алды.

Голандагы чабуул

Ишембиде Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда каза болгондор 28-июлда жерге берилди. Жергиликтүү тургундардын бири Рейтер агенттигине элдин учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

"Бүгүн өтө оор жоготуу болду. Мен бул окуяны трагедия деп айта алам. Мен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдү кучактап: "Биз бардык күчүбүз менен жооп беребиз" деп айткым келет. Биз барымтадагыларды бошотуп, бул согушту токтотушубуз керек. Балдарыбыздын канын курмандыкка чалганды токтоткула! Жетишет! Биз жашагыбыз келет".

Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда каза болгондордун жакындары. 28-июль, 2024-жыл.
Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда каза болгондордун жакындары. 28-июль, 2024-жыл.

Израил оккупациялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда кеминде 12 адам мерт болуп, дагы 30дан ашыгы жараат алды. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) билдиришинче, набыт кеткендер жана жараат алгандар 10-20 жашта болгон.

Ракеталык сокку Ливан тараптан болгону айтылууда. Ал футбол аянтчасына балдар топ ойноп жаткан маалда урулган.

Тель-Авив буга байланыштуу ливандык “Хезболла” радикал тобун күнөөлөдү.

"Хезболла Израилдин түндүгүндө футбол ойноп жаткан балдарды көздөй ракета атты. Андан соң алар чабуулду жасаган жокпуз деп актанып жатышат", - деп билдирди Израил армиясынын маалымат катчысы Даниел Хагари.

Израилдин түндүгүн жана Голан дөңсөөлөрүнүн” Хезболла” соңку учурда маал-маалы менен аткылап келген. Бирок бул уюм Маждаль-Шамска жасалган чабуулга тиешеси жоктугун билдирди.

Ушул тушта АКШда жүргөн өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы ал сапарын токтотуп, "мүмкүн болушунча эрте кайтып келерин" билдирди. Ал “Хезболла” олуттуу кесепеттерге кабыларын эскертти.

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Америка Кошмо Штаттары ракеталык чабуулду кескин айыптады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жекшембиде жаңжалдын күчөшүн каалабай турганын билдирди.

Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

«Биз Израилдин өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана алардын өз жарандарын коргоого болгон укугун камсыз кылууга чечкиндүүлүгүбүздү кайталайм. Бирок биз чыр-чатактын күчөшүн да каалабайбыз. Биз анын жайылышын каалабайбыз. Бул биринчи күндөн, 7-октябрдан бери биздин максаттарыбыздын бири болду».

Ливандын тышкы иштер министри Абдалла Бу Хабиб жекшемби күнү Рейтер агенттигине берген маегинде АКШдан Израилди сабырдуулукка чакырууну суранган.

Голанга болгон чабуулду БУУ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү да айыпташты. Билдирүүлөрдө Израил менен "Хезболланын" ортосундагы чыр-чатактын толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануулар айтылып жатат.

X социалдык тармагына ракетанын футбол талаасына тийген учуру тартылган видео жарыяланды. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель бул окуяны териштирүүнү талап кылды.

"Мен бул кыргынды кескин айыптайм. Кол салуу боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүү зарыл".

Ал чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн тараптарды “сабырдуулукка” чакырды.

28-июлда Израилдин аскер-аба күчтөрү жооп иретинде Ливандагы "Хезболла" радикалдык кыймылынын бир катар "террордук объектилерине чабуул жасаганын" ЦАХАЛ билдирди.

Израил 1967-жылы араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

Маждаль-Шамс Голандагы төрт калктуу конуштун бири. Аймакта 25 миңдей киши жашайт. Алар өзүлөрүн друз (Ливандагы, Сириядагы, Иорданиядагы жана Израилдеги арабдардын этноконфессиялык тобу) деп атап, араб тилинде сүйлөшөт.

1981-жылы Израил Голан дөңсөөлөрүн аннексиялаганда (1967-жылга чейин ал Сириянын көзөмөлүндө болгон, дүйнөлүк коомчулуктун көпчүлүгү бул аймактын аннексияланышын тааныган эмес) друздарга Израилдин жарандыгын алуу сунушталган, бирок көбү буга макул болгон эмес. Аймактагы тургундардын көбү өзүн Сириянын жараны деп эсептейт. Израилде Голан дөңсөөлөрүндө жашаган друздардын окууга жана иштөөгө укугу бар. Израилдин жарандыгын алгандары шайлоого катыша алат жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.

Израил менен Ливандын чек арасындагы кырдаал былтыр октябрда АКШ менен Европа мамлекеттери террордук деп эсептеген Палестинадагы ХАМАС тобу Израилге кол салгандан кийин курчуй баштаган.

Израилдин Газага ишембидеги чабуулу

27-июлда Израил армиясы Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эль-Балах районундагы мектепке сокку уруп, кеминде 30 киши каза таап, 100дөн ашууну жараат алганын ХАМАС (АКШ менен ЕБда тыюу салынган) көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул мектепте ХАМАСтын командалык-көзөмөл борбору жайгашканын билдирди. Аны башпаанек катары пайдаланып, курал-жарагын сактап, чабуулдарды уюштуруп жүргөнүн айтты. ЦАХАЛ бул чабуулдун кесепетин жайкын тургундарга тийгизбөө үчүн “мүмкүн болгон бир топ чаралар” көрүлгөнүн белгиледи.

Газа тарап соккуда набыт болгондор жайкын тургундар экенин, алардын арасында балдар көп болгонун маалымдап жатат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын жарыялаган.

Газадагы согуштун башталышына "хамасчылардын" 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алышы түрткү болгон. Израил армиясы радикал топту жок кылуу максатында Газада аскердик операциясын баштаган. Тогуз айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG