Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Газадагы сокку 100дөн ашуун өмүрдү алды, Израил ХАМАСтын башчыларын бутага алганын айтууда


Газа.
Газа.

Газада Израилдин 14-июлдагы чабуулдарынан кеминде 17 палестин жай тургунунун өмүрү кыйылганын, 50дөй киши жараат алганын жекшемби күнү анклавдын ХАМАС (АКШда жана ЕБде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Ишембиде 90дой киши каза болгону кабарланган.

Шаардын ар кайсы жактарына абадан кеминде төрт жолу сокку урулганы, Израил аскерлери абадан жана жерден аткылоосун күчөткөнү маалымдалууда.

13-июлда Газа секторунун гуманитардык зона деп жарыяланган тилкесине жасалган чабуулдан, жергиликтүү медицина мекемесинин билдиришинче, кеминде 90 палестин тургунунун өмүрү кыйылды, бул чабуул азыркы согуш башталгандан берки эң кандуу окуялардын бири болуп калды.

Ишемби күнкү чабуулдарында Израил бутага Газа секторунун Хан-Юнис провинциясынын батыш тарабында жайгашкан ал-Маваси районун алганын, ал жакта башка кооптуу тилкелерден качып барган миңдеген палестин качкыны баш калкалап турганын 14-июлда Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Абадан урулган соккудан каза болгон кеминде 90 кишинин жарымы аялдар жана балдар экени, мындан тышкары дагы 300дөй палестин жараат алганы маалымдалды.

Израил өкүлү бул чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирди.

Алар жок кылындыбы же жокпу, азырынча расмий маалымдала элек. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Дейф да, Салама да былтыркы кандуу окуянын башкы уюштуруучулары болгонун айтты жана ХАМАС барымтада кармап тургандарды бошотуу үчүн бардык аракет көрүлөрүн белгиледи:

«Израил мамлекети Мохаммед Дейфке жана анын орун басары Рафа Саламага тоскоолдук жаратыш максатында израил армиясы жана коопсуздук кызматы аркылуу Газага сокку урду. Ал экөө өлтүрүлдүбү же жокпу, азырынча белгисиз, бирок кандай болгон күндө да биз ХАМАСтын бардык жетекчилерине жетебиз. Биз барымтадагылар толук кайтып келиши үчүн бардыгын жасайбыз. Ушул принципти кармансак аларды бошотууга гана эмес, согушту жеңишке жеткенге чейин улантууга мүмкүнчүлүк болот».

Газа. 14-июль, 2024-жыл
Газа. 14-июль, 2024-жыл

Барымтадагылар маселеси ушул эле күнү Тел-Авивде өткөн кезектеги акцияда көтөрүлдү. Миңдеген киши катышкан митингде маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү талабы айтылды. Акцияга барымтадан бошотулгандардын айрымдары да катышты.

«Куткаруу операциясы аркылуу жети кишини бошотууга мүмкүн болду. Бирок Газада дагы 120 киши калууда. Алардын баарын куткаруу операциясы аркылуу бошотуп алса болот деп өзүбүздү өзүбүз алдабайлы. Келишим гана жардам боло алат", - деди ХАМАСтын колунан бошонуп чыккандардын бири Габриэла Леймберг.

Израилдин ишемби күнкү операциясы Газада согуш башталгандан берки эң кандуу күндөрдүн бири болуп калды.

ХАМАС өзү командирлери жок кылынганы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, чабуул алдында жайкын тургундар гана калганын, Израил “кол салуусунун чыныгы масштабын жашыруу аракетинде” туура эмес маалымат таратып жатканын айтты.

Израилдин түштүгүндөгү Хан-Юнисте Израилдин соккусунан кийин. Сөөктү көтөрүп бараткан киши. 13-июль, 2024-жыл
Израилдин түштүгүндөгү Хан-Юнисте Израилдин соккусунан кийин. Сөөктү көтөрүп бараткан киши. 13-июль, 2024-жыл

«Би-Би-Синин» верификация бөлүмү (BBC Verify) чабуулдун сүрөттөрүн талдап чыгып, ондогон адамдын өмүрүн алган сокку урулган жер Израил өзү “гуманитардык зона” деп жарыялаган жер экенин аныктап чыкты. Ал-Маваси сектордун кармаш жүрүп жаткан жерлериндеги адамдар убактылуу барып турса боло турган жер экенин Израил былтыр декабрда жарыяланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ишемби күнкү чабуулдан каза болгондор жана жараат алгандар жеткирилген «Насер» ооруканасынан тартылган видеолорду жарыялады. Тасмалардан оорукана түрдүү жараат алгандарга толгонун, арасында балдар көп экенин көрүүгө болот.

Травматолог Мурад Абед дарыгерлер бардык бейтаптарга жардам берүүгө жетишпей жатканын айтты:

«Бейтап көп түшкөнү ооруканага жана медицина кызматкерлеринин ишине оорчулук жаратууда. Мынчалык көп кишини дарылоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан ар бир маселени жеринен, дароо чечүүгө аргасыз болуп жатабыз. Жабдык, каражат жетишсиз, улам түгөнүп баратат».

Жараат алгандардын айрымдары Дейр-ал-Балахтагы көчмө госпиталга жеткирилгени маалымдалды.

Газа
Газа

Газадагы соңку кандуу чабуул бир катар уюмдардын жана өлкөлөрдүн айыптоосун жаратууда.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Х социалдык түйүнүнө «ЦАХАЛдын ХАМАСка каршы соккусу Израил коопсуз зона деп жарыялаган Маваси качкындар лагеринде кыргынга алып келди окшойт. Ар бир согуштун эл аралык укук менен аныкталган чеги бар. Көз каранды эмес иликтөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, жоопко тартууга жана Газадагы бейкүнөө адамдардын кооптуу абалын токтотууга дагы бир жолу чакырабыз», - деп жазды.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө качкындар лагеринде жашап жаткан жайкын тургундар жабыркаганы белгиленип, эл аралык коомчулукка палестиндердин жана аларга жардам берип жаткан жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо чакырыгы айтылды.

Египеттин тышкы саясат мекемеси да чабуулду айыптап, Израилдин жайкын тургундардын өмүрүнө коркунуч жараткан соккуларын токтотууга чакырды.

Эки күн мурда Газа шаарында Израил аскерлери ал жактагы эки апталык операциясын жыйынтыктаганын билдирип, чыгып кеткенден кийин уранды астынан кеминде 60 кишинин сөөгү табылганын сектордун саламаттык сактоо мекемесине таянып, France-Presse (AFP) маалымат агенттиги билдирген.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

АКШ президенти Жо Байден 11-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын администрациясы Газадагы атышууну токтотуу келишими боюнча «прогресске жетишип жатканын» айткан.

Бирок, «Би-Би-Синин» соңку маалыматына караганда, кезектеги сүйлөшүүлөр 12-июлда эч жыйынтыксыз аяктады.

  • Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.
  • Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG