Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген билдирүүсүн четке какты. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты. Кыргызстанда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев экинчи ирет кызматтан кетти.
Кыргызстан
дүйшөмбү 3 Февраль 2025
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин дооматына жооп берди. Башкы салыкчы Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген сөзүн четке кагып, Кыргызстанда ишкерлердин баарына мыйзам бирдей иштерин, чарбалык иштерди саясатташтыруунун кажети жоктугун билдирди. Буга Москва азырынча комментарий бере элек.