Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгине түшкөн мыйзамсыз курулуштардын баары алынып, дарыянын корукка кирген зонасы толук бошотула турганын жарыялады. Экс-мэр Мэлисбек Мырзакматовдун жеке менчиги делген 2,5 гектар жер тилкесин дагы мамлекеттин карамагына алуу тууралуу аракеттер башталганын шаардык бийлик билдирди. Өткөн жылдын жай айында Ак-Буура дарыясы нугунан чыгып, Ош шаарын суу каптап, борбордук базарда ишкерлер чыгымга учураган. Селден беш киши каза тапкан.
Кыргызстан
дүйшөмбү 17 Февраль 2025
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкулайт деп күтүлүүдө. АКШ Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортация кылганы кабарланды. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.