Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Кыргызстан

ишемби 22 Февраль 2025

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген делегациялардын ишин жыйынтыктоочу документтерге 21-февралда Бишкекте кол коюлду.
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген делегациялардын ишин жыйынтыктоочу документтерге 21-февралда Бишкекте кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү жараяны соңуна чыкканы расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн ичинде талкууланып, бекитилген соң биргелешкен кол коюу жараяны өтүшү керек. Сүйлөшүүлөр жабык өттү.

Чек араны макулдашуу аяктаганын жар салган "тарыхый күн"

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны Бишкекте, мамлекеттик резиденцияда өткөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы 21-февралда кабарлады.

Жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов төрагалык кылышты.

Чек араны талкуулоо боюнча жүргүзгөн ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып алар маселе дээрлик чечилгенин жар салышты. Камчыбек Ташиев бул күн тарыхый экенин айтты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Бүгүн тарыхый күн, чек араны макулдашуу аяктады. Эми юридикалык каттоо, андан кийин парламенттер аркылуу ратификациялоо, президенттерибиздин кол коюусу калат. Бүгүн биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссиялар чек аранын бардык тилкелери боюнча толук макулдашууга жетишкенин расмий билдирет”.

Саймумин Ятимов өз сөзүндө мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселеси дээрлик чечилди деп ишенимдүү айта аларын белгиледи:

Саймумин Ятимов
Саймумин Ятимов

“Узак, татаал, бирок ошондой болсо да натыйжалуу иштен кийин суу-энергетикалык жана жол-транспорттук инфраструктуралар боюнча келишимдер даярдалды”, - деди ал.

21-февралда жалпысынан үч документтин (бир келишим жана эки макулдашуу) долбоору даяр болгону жарыяланып, тийиштүү кагаздарга кол коюлду.

Алардын биринчиси “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишим” деп аталат.

Экинчисинин аталышы “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу”.

Ал эми үчүнчүсү “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу” деген аталышта.

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. 21-февраль, Бишкек
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. 21-февраль, Бишкек

Парламенттер ратификациялап, президенттер кол койгондон кийин кыргыз-тажик чек арасы мына ушул документтердин негизинде аныкталып, белгиленет.

"Чек ара кантип чечилгенин билгибиз келет"

Азырынча чек ара тилкеси кандайча аныкталары белгисиз, анткени өкмөттүк делегациялардын жыйындары жабык өтүп жатты.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси Баткен жана Ош облустарынын аймагынан өтөт. Калктуу конуштары чек арага жакын Баткен облусу болгондуктан түрдүү чыр-чатактар дал ошол аймакта көп катталып келди. Андыктан Баткен облусунун тургундары эки тараптуу келишимдер түзүлүп жатканына бир чети сүйүнүп, экинчи жагынан кооптонуп турганын айтышты.

Акылбек Дилишатов Баткен районунун Карабак айылынын тургуну. Ал Тажикстан менен чек арада жашарын, чек ара башчылары маселе толук чечилгенин айтканы менен каерден, кантип чечилгенинен кабары жок экенин билдирди:

“Негизи бизге чек ара такталып, чечилгени жакшы. Бирок каерден чечилгени, биздин жерлер кетип калган жокпу, ал жагы дагы маанилүү болууда. Чечилсе биз тынчыраак жашайт экенбиз деп сүйүнүп турушат. Баткенде кооптонуу дагы эле бар да. Мурдагы стресс дагы деле кете элек. Чечилип калса анча-мынча кеткендер келип дегендей... Келе электер дагы ошончо көп”.

Баткен
Баткен

Ушул эле Баткен районунун Ак-Сай айылынын өзүн Эркин деп тааныштырган тургуну айылдаштары комиссиянын ишинин жыйынтыгы эми белгилүү болот деп күтүп отурушканын айтты:

“Жакшы эле кабыл алдык чечилип калганын. Комиссия иштеп жатканын эле билебиз да айылдарда. Эми айтылат да, эми чыгат”.

Өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Субаналиев жетишилген келишимдер эми парламентте ачык каралышы керек деген пикирде. Ал облусту чек арада жаңжал чыгып, адам өмүрү кыйылган 2021-жылдын жазында 2,5 айдай башкарган.

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

"Негизи буга чейин президент дагы, УКМКнын төрагасы дагы "биз бардык маалыматтарды кийин Жогорку Кеңешке делимитацияга алып келгенде элге айтабыз" дешкен. Мыйзам боюнча ушунун баарын өкмөт Жогорку Кеңешке алып келгенде ошол жерде ачык болуш керек. Ачык талкуу болушу зарыл. Анан жалпы кыргыз эли көрөт. Мурунку протоколдордо жабык карашкан. Ошондуктан Кыргызстандын эли кайсы жер кандай чечилгенин билбей жатат да".

Негизги маселелер – жол жана суу

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухридин 11-февралда маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн, алдыда дагы карала турган бир канча маселе турганын билдирген. Ал бир катар суу объектилери дагы эле жумуш топторунун кароосунда экенин, бул жайларды алдыда эки мамлекет кандай шартта колдонору такталып жатканын белгилеген.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстан менен чектеш аймактардагы суу жана жол маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” ырастаган.

“Баягыда чек араны тактап бүткөнбүз. Алардын арасында азыр чын эле бир-эки маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал деле бир-эки жолугушууда бүтүп калса керек. Бул чек арага тиешелүү жол, суу боюнча. Динамика оң эле, биз чек араны тактап бүттүк да. Анын баары чогуу кетет. Сөз ошол чек арага жакын аймактагы жерлер боюнча болуп жатса керек”, - деп айткан Бөрүбаев 12-февралда.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов кошуна өлкөлөр коопсуздукту бекемдөө үчүн суу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди башташы керек деген пикири менен бөлүшкөн:

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу саясатын иштеп чыгуу керек. Ал жерде “меники-сеники” деп бөлүнбөшүбүз керек, анткени мындай жагдай абалды кайра курчутат. Тескерисинче, чогуу отуруп сүйлөшүп, милдеттерди бөлүшүп алып, бирге аракет кылуу керек. Мисалы, “Биз муну кылалы, силер бул ишти алгыла, эмне кыла алабыз? Буга канча каражат кетет? Керек болсо эл аралык уюмдарга кайрылалы” дегендей иш алып баруубуз зарыл. Борбор Азиянын суу саясатын ишке ашырган механизмдерди, принциптерди карап чыгуу зарыл. Биз ушуну көбүрөөк ойлошубуз керек”, - деген Мамытов.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан же жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү ушул сыяктуу чектеш аймактардагы жолдордун макамы, анклавдарга кирип-чыгуу эрежелери, ал аймактарды кайтаруу боюнча биргелешкен эреже кабыл алып, иретке салуусу керек деген пикирин кошумчалаган.

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов жол маселесинде деле эки тарап келишим түзүп, аны бекем сакташы зарыл деген көз карашта:

Саламат Аламанов
Саламат Аламанов

"Мындай иштерди жасаганда ойлонуп туруп, келишим түзүү керек. Анда пайдалануунун жол-жобосун иштеп чыгып, эки жактын эли залал тартпагандай болуусу шарт. Бул талаптарды эки жак тең сакташы керек. Бул өтө татаал маселе эмес. Баары ошол келишим аркылуу чечилиши керек. Улам эле жагдайды пайда кылып, улам өзгөртпөй, анын баарын эске алып, келишимге киргизип, сакташ керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Айрым трассалар үч-төрт мамлекет аркылуу өтөт. Аны келишим менен чечип алып эле пайдаланып жатышат. Бул жолдорду биз мурда Совет мезгилинде, ага чейин эле пайдаланып келгенбиз да. Ошондуктан артыбызга карап, алгылыктуу тажрыйбаларды колдонсок деген ойдомун”.

Президент Садыр Жапаров былтыр 13-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чакан маек курган.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы ишин аяктаса документти тышкы иштер министрлери бекитип, мыйзам долбоору андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коёрун билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуу болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат”, - деген президент. Ал бөлүштүрүлгөн жана алмаштырылган жерлерди атаган эмес.

Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бирин бири айыптаган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки республиканын башчылары жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.

Акбар Рыскулов: “Бул замандын да Айтматовдору чыгат”
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:25 0:00

Бүгүнкү коногубуз - Кыргыз эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук ишмер Акбар Рыскулов. Калемгер бул маекте чыгармачылыктын түйшүгү, жоопкерчилиги, отуз жыл жазган тарыхый романынын таржымалы, көркөм чыгармага коомчулуктун мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG