Максат Кутманбеков "Азаттыктын" кабарчысы, Кыргыз-Орус Славян университетин 2018-жылы аяктаган.
Абакта отурган адвокат Самат Матцаковдун жактоочулары эки айдан бери тергөө иштери жүрбөй, адвокаттардын өтүнүчү негизсиз четке кагылып жатканын билдирет. Алар 1-Май райсотунун судьясы Туратбек Бекенов ыйгарым укуктары аяктаганына карабай Матцаковду камакта калтырган чечим чыгарганына нааразы.
Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында Эламан Мазырбаев деген жаран өзүнө өрт коюп, ооруканага жаткырылды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда быйыл 1-майдан тартып электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттай турганын айтты. Буга чейин Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр жарыгын колдонуу көрсөткүчү тарыхый чекке жеткенин билдирген.
Туура бир жыл мурда, 2024-жылдын 16-январында Кыргызстанда эркин медиа өкүлдөрү жапырт кармалып, алардын төртөө сот жообуна тартылган. "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлери кабылган бул окуя Кыргызстандагы сөз эркиндиги маселесин козгогон.
Энергетика министрлиги май айынан тартып электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. Карапайым тургундар баа көтөрүлгөнүнө жараша электр жарыгы жеткиликтүү болушун белгилеп, азыркы таптагы өчүрүүлөргө нааразы.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева милицияга сурак берип чыкты. Партиянын дагы бир мүчөсү Анарбек Катаганов учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын партиялаштары кабарлады.
Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон мүчөлөрү суракка чакырылып жатканы маалым болду. Бул партиянын лидери жана эки мүчөсү ноябрь айынан бери тергөө абагында отурат.
Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлер аралашкан чырдын чоо-жайын милиция териштирүүдө. Жыл соңунда болгон окуяда бөлүм башчы кызматкерин катуу сабап, зомбулук көрсөткөнү айтылган. Ооруканадан чыккан кызматкердин атасы уулунун абалына кабатыр экенин билдирген.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганын жана сол буту ооруп жатканын кабарлаган.
Жыл жаңырар алдында президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Ошондой эле “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам демилгечилеринин айтымында, жакында парламентте комиссия түзүлүп, ишин баштайт.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун абак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн карады. Матцаковдун жактоочулары кийинки сотко тергөө тобунун башчысын чакырууну суранды. Судья бул өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрга белгиленди.
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.
Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземи өттү. Ага президент Жапаров өзү катышып, аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи.
Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты адам абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.
Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдирди.
Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Бейшембиде Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Документте өлкө демократия жолунан тайганы айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Дагы жүктөңүз