Кыргызстанда 20-февралдан тарта көрсөтүлөрү жарыяланган, казакстандык киночулар тарткан "Рэкетир 3" тасмасы кинотеатрлардан алынды. Буга эмне себеп болгону так айтыла элек.
Социалык тармактарда тасманын көрсөтүлбөй калышына "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" атыккан, 2023-жылы атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Көлбаевдин тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышканы себеп болгону айтылууда. Фильмдин режиссеру андай маалыматты четке кагышты.
Бейшемби күнү “Рекетир 3” тасмасы Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан алынганы белгилүү болду. Анын себеби так айтылган жок. "Синематика" түйүнү билеттин акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрлардын администрациясына кайрылууну эскертти.
Буга чейин тасманын актерлору “кримчөйрөнүн анабашы” аталган, 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин уулу Руслан менен жолукканы тууралуу видео, сүрөттөр тараган.
Тасманын сатыктан алынышын соцтармактын колдонуучулары ушул жагдай менен байланыштырып жатат. Тасмада башкы ролду аткарган Саят Исембаев фильмге Руслан Көлбаевдин "тиешеси жок" деген билдирүү таратты.
“Мен ишеничтүү түрдө айта алам, Русландын бул киного эч кандай тиешеси жок. Ал башка жарандардай эле чакырылган. Бизди дистрибьютордук компания чакырып, сыйлап, жылуу мамиледе тосушкан. Мен Кыргызстандын жетекчилерине кайрылгым келет, биздин маселени түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Кыргызстандыктар бул тасманы көптөн бери күтүшкөн. Ошондуктан бул тасманы көрсөтүңүздөр”.
Руслан Көлбаев чуулгандуу окуя боюнча азырынча комментарй бере элек.
Кыргызстанда кинотеатрларда чет өлкөлүк тасмаларды көрсөтүү үчүн “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик киноборбору уруксат күбөлүгүн берет. "Дүйшөмбү күнү директор Талант Өзүбекович өзү байланышка чыгат. Ал азыр иш сапарда”, - деди “Кыргыз тасмасынын” өкүлү Паризат.
“Рэкетир” тасмасын Кыргызстанга “Aalam Distribution” компаниясы алып келгени кабарланган. Ал компаниянын өкүлү Адил Урдиновго байланышканыбызда кечирээк жооп берерин билдирди.
Медиа серепчи Илим Карыпбеков бийлик криминалга келишкис күрөш жарыялаганын эске салып, “Рэкетир” боюнча чечим туура болду деп эсептейт.
“Кеп "мыйзамдагы ууру" таанылган, атайын операция маалында жок кылынган Көлбаевдин уулу Руслан ошол жерге барып, расмий катышып, башкы каармандын ролун аткарган актердун аны кучактап сүрөткө түшкөнүндө. Мага жеткен маалыматка караганда ал өкүл атасы деп айтып жатат”.
“Рэкетир” тасмасы Бишкекте 18-февралда чакан топко жабык көрсөтүлгөн. Ага журналист Семетей Аманбеков да катышкан. Ал тасманын сатыктан алынышы туура эмес болду деп санайт.
“Менин оюмча бул тасмада криминалды романтикалаштыруу деген жок. Тескерисинче, мындай нерсе менен алектенүү болбойт дешкен. Ошондуктан бул тасманы сатыктан алуу жакшы идея болгон жок. Бул цензурага жол ачат. Киномотография деген ушундай чогулуп калган көйгөйлөрдү көрсөтүүгө укуктуу. Байкашымча криминал Казакстанда курч абалда турат. Ошондуктан ушул тасма менен мындай жолго баруу туура эмес экенин көрсөткүсү келсе керек”.
Тасманын режиссеру Акан Сатаев дагы кинонун максаты "кримчөйрөнү даңазалоо эмес" деп белгиледи.
“Бул жаңылык бизди капа кылды. Анткени тасманын алынышынын себеби белгисиз. Интернетте ар кандай ушактар тарап жатат. Алардын бири биздин тасма ур-токмокту, бандитизмди, криминалды жайылтат деп жатат. Эч андай эмес. Тескерисинче, биздин идея криминалдын түбү жок экенин көрсөтөт”.
Тасманын Кыргызстанда көрсөтүлбөй калышына социалдык тармактарда турдүү ойлор айтылып жатат. Фейсбук колдонуучу Бактыбек Болгомбаев соңку жагдай тууралуу мындай деди:
"Чыгармачылыкка чек жок. Анда Голливуддун бардык фильмдерин прокаттан алгыла. "Рэкетир" сыяктуу фильмдердин далайын көрүп эле өспөдүк беле. "Камчынын баласы тосуп алыптыр" деп эле тыюу сала берген болбойт го. Эртең биздин киношниктер казак кино рыногуна чыга албай, бут тосуулар болсо кандай?
"Рэкетир 3" тасмасы казакстандык режиссер Акан Сатаев тарткан криминалдык драманын уландысы. Коңшу өлкөдө бул тасма 13-февралдан тарта көрсөтүлө баштады. Фильм төрт күндө 600 миллион тенге (120 миң доллар) тапканы кабарланды.
Үч бөлүктөн турган фильмдин биринчи бөлүгү 2007-жылы тартылган жана 1990-жылдардагы жашоо, ошол кездеги кылмыштуулук жана рэкетчилик чагылдырылат. Үчүнчү бөлүктө баш каарман Саяндын түрмөдөн чыккандан кийинки жашоосу баяндалат.
"Рэкетир" тасмасынын биринчи бөлүгү коңшу өлкө Казакстанда эле эмес Кыргызстанда да популярдуу болгон. Ал учурда киносерепчилер "Рэкетир" эң көп касса чогулткан казак тасмаларынын бири экенин белгилешкен. Ачык булактардагы маалыматка таянсак, тасма ал кезде 1 миллион 200 миң доллар топтогон.
18-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Марипов Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда бандиттик идеологияны пропагандалаган тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.