27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлорун жактырылды. Депутаттарга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.
Кыргызстан
бейшемби 27 Февраль 2025
Жогорку Кеңештин тармактык алты комитети 27-февралда биргелешкен жыйын куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге макулдук берди. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын айтты.