Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилгени белгилүү болду. Алардын мүлкү мамлекетке алынат. 2023-жылы жайында УКМКнын комитети Динара Кутманованы министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучусу экени аныкталып”, кармалганын кабарлаган. Динара Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Кыргызстан
бейшемби 6 Февраль 2025
Кремль Ак үй менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Зеленский да Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди. Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилди. Бул арада Орусияда миграцияга байланыштуу жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги андагы ченемдер Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, мекендештерди өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.