Орусиянын дрон соккусу Чернобыл атомдук электр станциясынын саркофагына же коргоочу калканына тийди. Украинадагы кырдаал жана согушту токтотуу маселеси 14-февралда башталган Мүнхендеги коопсуздук конференциясында талкууланат. Эми “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Салык кызматы пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо мындай эреже башка базарларга да жайылтыларын билдирди. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.Кыргызстанда соңку күндөрү өспүрүмдөр чатакташып, мектептеги чоңсунуудан улам өлүм менен коштолгон бир нече окуя катталды.
Кыргызстан
жума 14 Февраль 2025
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынакка көрсөтүлгөн талапкерлердин бейнесин сунуштайт. Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кенедей кезинен турмуштун далай сыноосуна кабылган. Жокчулук, кемсинтүү, атасы менен мамилеси, айтор башынан өткөн окуяларга сынбай, футболдо ийгиликке жеткен. Айдана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Спортчу алгачкы жолу ичиндеги сырын төгүп, басып өткөн кыйынчылыктарын айтып берди.