Быйыл жазында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн француздар даярдаган өзүнчө механикалаштырылган 155-бригадасы түзүлгөнүнө туура бир жыл болот. Бул аралыкта аталган аскердик топ эл оозуна бир катар чуулгандуу окуялары менен алынууга жетишти.
Аталган аскер бөлүгүндө дезертирлер көп. Аскердик кабарчылардын бири бригададагы ички абалды "уюштуруучулук жагынан толук башаламандык" деп сыпаттаган. Бул бөлүк үч жылдан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусу уланып жаткан шартта украин куралдуу күчтөрүн НАТОнун мисалында реформалоо канчалык зарыл деген күмөн саноонун далили болуп турат.
Бригада учурда Донбасстагы айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан Покровск шаарында жайгашып турат. Аскердик бөлүктүн башындагы көйгөйлөрдү ойлонууга жоокерлердин убактысы да жок.
"Качкысы келгендер качты. Калгысы келгендер калды", - деди Петро аттуу жоокер "Настоящее время" телеканалына. Ал макалада атын гана атоону суранды.
Украин армиясында кадрдык көйгөй жаралган шартта Батыштын аскерий серепчилери мындай турсун, фронттун оор жүгүн көтөргөн украиналык командирлердин өздөрү НАТОнун тажрыйбасы жана курал-жарагы менен Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн жаңы, модернизацияланган бригада түзүүгө үмүт артышкан.
Бирок алардын бул үмүтү акталган жок. Украин армиясы эми 1100 чакырымга созулган фронт тилкесиндеги коргонуусу бузулуп калбашы үчүн болгон күчүн жумшап жатат.
Украинанын өзүндөгү жана Батыш өлкөлөрүндөгү аналитиктер 155-бригаданын башындагы маселе Киевдин куралдуу күчтөрүндөгү институционалдык көйгөйлөрдүн күзгүсү деген пикирде.
Покровскиде согушуп жаткан 155-бригаданын жоокерлерин "Француздар берген ылдам, бирок начар чопкутталган АМХ-10 маркасындагы дөңгөлөктүү танктар Украинанын аба мейкиндигинде учуп жүргөн орусиялык учкучсуз учактардын соккусуна туруштук бере алабы?" деген суроо тынчсыздандырат.
"Азырынча мага жардам берип жатат, бирок башка экипаждар буга чейин жапа чекти", - дейт Петро FPV дрондорун көрсөтүп.
FPV - орусиялык учкучсуз учак. Аны реалдуу убакытта көзөмөлдөгөн атайын көз айнек менен узактан бирөө башкарат. Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунда мындай аппарат эки тарап үчүн тең маанилүү куралга айланган.
Бригададан канча киши качты?
Былтыр 155-бригаданын аскерлери Францияда АМХ-10 танктарын башкарууну жана башка техника менен иштөөнү үйрөнгөн. Айрым жоокерлер ошол жакта кызматын таштап, качып кетишкен. Башкалары Украинага келгенден кийин бригаданын катарынан чыккан.
Маалымат каражаттары билдиргендей, дезертирлердин жалпы саны 1700 киши. Бул бригаданын үчтөн бир бөлүгү дегенди билдирет.
Былтыр декабрда "дезертирликке катыштыгы бар" деген шек менен аскер бөлүктүн командири, полковник Дмитрий Рюмшин кармалган. Өткөн айда Киевдин Печерский райондук соту украиналык полковникти "аскердик кырдаал учурунда аракетсиздик" деген айып менен эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Рюмшин тагылган айыптарды четке каккан.
Украинанын Коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик тергөө бюросу аталган бригададагы ыктымал коррупция жана дезертирлик фактылары боюнча биргелешкен иликтөө жүргүзүүдө.
Петро "Настоящее время" телеканалына бригадага карата оптимисттик көз карашта экенин билдирди. Ал "Команда азыр бирикти. Жаңыдан түзүлгөн же фронтко жаңы келген, эч нерсе билбеген бригада эмес", - деди.
Аскердик бөлүктүн дагы бир мүчөсү Геннадий АМХ-10 танкына түшүп баратып, бригада бир канча орусиялык жоокерди барымтага алганын айтууга үлгүрдү.
Ал "жагдай ар түрдүү болушу мүмкүн" деп, дезертирлерди сындабай турганын айтты.
Азыркы абал кандай?
Аскердик бөлүктөгү негизги көйгөйлөрдүн арасында бригаданын чукул түзүлүп калышы, дезертирлердин айынан маанайдын төмөндөшү, декабрда Покровскидеги чабуулдун алгачкы күндөрүндөгү көп сандагы жоготуу сыяктуу такталбаган маалыматтарды атаса болот. Кээ бир жоокерлер учкучсуз учактардын жоктугуна да нааразы болушкан.
Покровскинин жанындагы салгылашууга башка бөлүктөрдөн келип кошулган айрым украиналык жоокерлер Украина Орусиянын чабуулун токтотууда бир катар ийгиликтерге жетишкенин айтышты.
"Душман бир аз алдыга жылып, биз артка чегинип жаттык. Эми өз позициябызды коргоп эле тим болбостон, аскерлерибиз алдыга жыла баштады", - деген Рана аттуу жоокер ушул айдын башында "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.
Айрым украин аскерлери АМХ-10дун коргонуусу начар деп сындаган. "Бул техника абадан бомбалоо болуп жаткан фронтко ылайыктуу эмес" деген украиналык бир майор.
Учурда ээн калган Покровск шаарынын көчөлөрү орусиялык учкучсуз учактардын соккусунан талкаланган аскердик жана жарандык автоунаага толгон. Айрым орусиялык дрондор оптикалык була кабелдерди колдонуп учушат, андыктан аларга электрондук куралдарга каршы чабуулдар таасир этпейт.
"Көп жолу аткылоого дуушар болдум. Бир жолу тийди. Бирок машинадан секирип чыгууга жетиштим. Кесиптешим келип алып кетти. Кудайга шүгүр, аман калдык", - дейт украиналык учкуч Антон.
Макаланын авторлору "Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир жана "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Андрей Кузаков.
Шерине