Мекеме тараткан видеодо өлгөндөрдүн жүзү көрсөтүлбөйт. Деген менен "Азаттыктын" "Мигрант.Медиа" долбоору алар тажикстандык мигрант экенин тактап, жакындары менен байланышты. Алардын ырасташынча, өлтүрүлгөндөр эч кандай террордук уюмга тиешеси жок, карапайым мигрант болушкан.
Террористпи же мигрантпы?
13-февралда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) үч мүнөттүк видео жарыялады. Анда бир адам темир жол вокзалына келгени, имараттын ичин, сыртын сүрөткө тартып, чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Кийин ошол эле киши дүкөндө суусундук сыяктуу желим бөтөлкөлөрдү сатып алат. Анан дароо атайын күчтөр бир жыгач үйдү курчап, чабуул койгону, анда жарылуу болгону көрсөтүлөт.
Атайын операциядан кийин үйдүн ичинде тартылган делген видеодо үч адамдын сөөгү көрүнөт. Алардын биринин колунда мылтык жатат.
ФСБ кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөткөнүн билдирди. Мекеме тараткан видеодо жок кылынгандардын бети көрсөтүлбөйт, аты-жөнү аталбайт, бирок алар "Борбор Азиянын бир өлкөсүнүн жарандары" деп айтылат.
ФСБ муну "террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу операциясы" деп атап, өлтүрүлгөндөрдү "чет өлкөдөн алган көрсөтмө менен Псков темир жол вокзалын жардырууну көздөгөндөр" деп айыптады.
"Алар аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүп, колго жасалган жардыргыч затты жасоо үчүн шаймандарды алып, аны чогулта башташкан. Теракттан кийин алар Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн бирине кетүүнү пландаган", - деп айтылат орусиялык атайын кызматтын билдирүүсүндө.
"Мигрант.Медиа" долбоорунун редакциясы өлтүрүлгөн үч кишинин өздүгүн өз алдынча тактай алды.
Алар Псков темир жол вокзалынан бир чакырымдай алыстыкта жайгашкан "Чайхона" ресторанында мурда чогуу иштешкен Тажикстандын жарандары Парвиз Рустамов, Жовид Жумаев жана Азизжон Азамкулзаде экени айтылды. Үчөө тең Тажикстандын Пенжикент аймагынын тургундары болушкан.
ФСБнин операциясына чейин бирөө ресторанда ишин улантып жаткан, экинчиси Псковдогу "Акваполис" соода борборунда иштечү, үчүнчүсү таксист болгон. Азырынча алардын сөөгү туугандарына бериле элек.
Үч мигранттын тек-жайы иликтенүүдө
Тажикстандын Пенжикент шаарынын вице-мэри Мурод Шукурзода 17-февралда "Азаттыктын" тажик кызматы "Озоди" радиосуна билдиргендей, жергиликтүү бийлик Орусияда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалын иликтеп жатат.
"Бизге бул иш боюнча маалымат берилди. Алар эмгек миграциясына качан кеткен, кимдер менен байланышта болгон, үй-бүлөлүк абалы кандай, кандай билим алышкан деген суроолордун баарын иликтеп чыгууну тапшырдык", - деди тажик аткаминери.
Өлтүрүлгөн тажикстандык мигранттар социалдык тармактарды активдүү колдонушкан.
Жовид Жумаевдин "ВКонтакте" социалдык тармагында Джумаев Давид деген ат менен баракчасы бар. Анда ал ресторанда жасаган тамактарынын видеолорун жарыялап турган.
Парвиз Рустамов да "ВКонтактедеги" баракчасына негизинен автоунаалардын сүрөттөрүн койгон. Алардын биринде тепкичте ак куртка жана ак кроссовка кийип отурат. Дал ушул кийимдер орус коопсуздук кызматы тараткан видеодогу өлтүрүлгөн кишилердин биринин кийимине дал келет.
Азизжон Азамкулзаденин атасы Пенжикент шаардык администрациясынын мурдагы кызматкери Бозорбой Азамкулзаде экени белгилүү болду. Ал 17-февралда "Мигрант.Медиага" курган маегинде уулунун террордук топко тиешеси жок экенин айтып, Азизжон динчил адам эмес экенин баса белгиледи.
ФСБ тараткан видео орусиялык социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Айрым колдонуучулар муну "фейк видео" деп сыпаттоодо.
"Сөөктөрдө октун издери бар, бирок кан жок" деп жазышты соцтармактагы постторго келген комментарийлерде. Дагы бир колдонуучу "дрондор доорунда мындай бомбаларды эч ким жасабайт" деп жазган.
"Тажикстандыктар чыңалган абалда"
Атын атагысы келбеген айрым тажикстандык мигранттар жердештеринин өлтүрүлүшүнө нес болгонун айтууда.
"Мен бул жигиттерди жакшы таанычумун. Алардын баарынын алдыга койгон пландары бар болчу. Талыкпай иштешчү. Алар кандайдыр бир теракт уюштурушу мүмкүн дегенге эч ким ишенбейт. Алар жакшы кийинип, жүрүм-туруму, тарбиясы жана маданияты менен башкалардан айырмаланып турчу", - дейт Псковдо жашап жана иштеген тажикстандык жигит.
Бул кандуу окуя Псков шаарындагы тажикстандык мигранттардын арасында шектенүү жана кооптонуу жаратты. Өзүн Бехзод деп тааныштырган тажик жигит бул шаарда мигранттарга каршы рейддер күчөгөнүн, дээрлик көпчүлүгү коркуп, үйдө отурганын айтты.
"Тажикстандыктар чыңалган абалда. Эл жада калса такси менен шаарга чыкпай калды. Бул окуя боюнча Ватсаптан да сүйлөшүү кооптуу болуп турат", - дейт Бехзод.
Ал тапта Псков облусунун губернатору Михаил Ведерников Орусиянын коопсуздук күчтөрүнө ыраазычылык билдирип, социалдык тармактардын колдонуучуларын расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырды.
"Бул тууралуу жалган кабарлар көп болот", - деп эскертти губернатор.
2024-жылы 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, башка өлкөлөрдөн барган жарандар кыйын кырдаалга туш болууда.
Кол салууга байланыштуу тажикстандык Далержон Мирзоевге, Саидакрам Ражабализодага, Шамсидин Фаридуниге жана Мухаммадсобир Файзовго айып тагылган. Төртөө тең кармалганда, суракка алынганда кыйноого кабылганы маалым болгон. Айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган. Куралдуу кол салууда 146 адамдын өмүрү кыйылганы, 500дөн ашууну жабыркаганы маалымдалган.
Шерине