Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Зеленский Украиндагы тынчтык үчүн керек болсо кызматтан кетүүгө даяр


Украинанын президенти басма сөз жыйынында, Киев, 23-февраль, 2025-жыл
Украинанын президенти басма сөз жыйынында, Киев, 23-февраль, 2025-жыл

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. Украин президенти Владимр Зеленский Киевде кеңири басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна эки сааттай жооп берди.

Владимир Зеленский Украинада тынчтык орнотуу үчүн керек болсо ээлеген кызматынан кетүүгө даяр экенин айтты. Ал өз өлкөсүнүн НАТОго кабыл алынышы үчүн дагы кызматтан баш тартууга чейин барарын айтты.

Зеленскийдин журналисттер менен жолугушуусу Вашингтондун тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Киевге басымы күчөп турган маалга таш келди.

"Эгер Украинага тынчтык орносо, менин кызматтан кеткеним силерге чындап керек болсо, мен ага даярмын... Мен аны НАТОго мүчөлүккө алмашууга да барам", - деди Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Ал зарыл болсо "тез арада" кетээрин дагы кошумчалады.

Президент Дональд Трамп менен ачык кайым айтышууларга улай Зеленский АКШнын лидери Украинага келип, баарын жеринен өз көзү менен көрүп кетсе деген оюн билдирип, согуш башталгандан берки америкалыктардын жардамына "ыраазы" экенин айтты.

"Мен Трамп менен өз ара түшүнүшүүгө кызыкдармын", - деген Зеленский Кошмо Шаттардын лидеринин "коопсуздук кепилдиги өтө зарыл" деп баса белгиледи.

Ошол эле маалда Зеленский Украинага 500 млрд доллар жардам берилген деп Трамптын оозунан чыккан санга тактоо киргизди. Чыныгы сумма 100 млрд долларга жакын экенин белгилеген украин лидери АКШнын жардамын насыя эмес грант деп санарын айтты.

Трансатлантикалык ажырым

Вашингтон Москва менен түздөн түз сүйлөшүү баштаганы Трансатлантикалык альянстын ичинде ажырым жаратабы деген кооптонууларга жол ачкандай.

Өткөн жумада президент Трамп украиналык кызматташын сындап, жаңжал башталганы үчүн ал жоопкерчилик тартарын айткан. Андан соң Fox News радиосуна бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, Зеленский Орусиянын кол салуусуна жол бербеши керек эле деди.

Зеленский Вашингтондогу жаңы администрациянын мынчалык ачууланганынын төркүнүн Трамп "дезинформациянын таасиринде" деп чечмелеген.

Трамп ошондой эле Зеленскийдин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусунун зарылчылыгы деле жоктугун айтып, АКШнын согуш маалында берген жардамынын ордуна Украинанын кен байлыктарына жол ачууга чакырган.

Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф 23-февралда CNN телеканалына бул боюнча макулдашууга ушул аптада кол коюлат деп турганын айтты. Зеленский Украинанын коопсуздук кепилдиги үчүн америкалык аскерлерди украин жергесине жайгаштырууну акылдуу чечим болмок деп санайт.

Европалык дипломатия

Европалык лидерлер Зеленскийге кошулуп, Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө ажырым жаралганына, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүдөн сыртта калабызбы деген тынчсыздануусун билдирүүдө.

24-февралда Батыштын бир катар лидерлери Киевге жөнөсө, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамп менен жолугууга башка багытка сапар алат. Жуманын соңуна карай океандын ары жагына британ премьери Кир Стармер да жөнөйт.

Эки лидер алдыдагы иштер боюнча Трамп менен жалпы бир тил табышууга аракеттенет.

"Кан төгүүнүн уланышын эч ким каалабайт. Эч ким, баарынан дагы украиндер", - деди Стармер 23-февралда Глазгодо өткөн партиянын конференциясына катышкан жеринен.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимр Путин үч жыл мурун Украинага ар тараптан басып кирген чечимин актоо үчүн баарын тагдырга шылтаган. "Тагдыр ошондой болду, кудайдын чечими", - деген ал 23-февралда Украинадагы урушка катышкан жоокерлер менен Москвада жолуккан учурда.

Путин ага чейин дагы Москванын Украинага көрсөткөн агрессиясын ушул сыңары актаган. 2014-жылы Крымды күч менен каратып алганын жарым арал Орусия үчүн "ыйык" деп, аны Иерусалимдеги атактуу жерлерге салыштырган.

Ал ортодо Украинанын куралдуу күчтөрү ишембиден жекшембиге караган түнү өлкө орус армиясынын буга чейин болбогондой жапырт дрон чабуулуна кабылганын, бир катар аймактар олуттуу зыян тартканын билдирди.

Мындай чабуулдар Украинанын канчалык аярлуу экенин жана АКШнын жардамына муктаждыгын айгинелейт. "Азаттык" радиосунун журналисттери сөзгө тарткан эксперттер Киев айрыкча абадан коргонууда Вашингтонго таянарына токтолушкан.

"Калган бардык [аскердик курал-жаракты] Европадан тапса болот. Европалыктар америкалыктар берген жардамды деле камсыздай алат. Бирок абадан коргонуу - эң башкы тармак", - деди Conflict Intelligence Team тобунун өкүлү Алексей Альшанский.

Трамп Украинадагы согушту токтотобу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:08 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG