Минералдар
Кошмо Штаттардын буга чейинки администрациясы Орусиянын Украинага согуш ачышын эл аралык укукту бузган агрессия катары мүнөздөп, Москвага бир нече айлампа менен санкция салган. Муну менен Вашингтон Орусияны обочодо калтырып, жазалоону көздөгөн.
Трамп болсо дипломатияда соодалашуу ыкмасын колдонууда. Ал согушту токтотуу аракеттеринин алкагында Украинадагы маанилүү минералдарды биргеликте иштетүү боюнча келишим сунуштады.
Американын президенти ал минералдарды алуу менен Украинанын коргонуусуна жумшалган ири каржылык чыгымдын ордун толтурууну көздөйт. Бул Трамптын "Америка биринчи же баарынан мурда Америка" деген ураанынын дагы бир көрсөткүчү сыяктуу.
Ал эми Украина үчүн президент Владимир Зеленскийдин Ак үйдө бул келишимге кол коюшу жакында эле чачырап кеткендей көрүнгөн альянсты сактап калуунун бир жолу.
Макрон менен Стармердин биргелешкен аракети
Бул жумада узак жылдардан бери АКШнын башкы өнөктөштөрү катары саналган мамлекеттердин жетекчилери Ак үйдө конок болушту. Буга чейин Трамп НАТО боюнча союздаш мамлекеттерди АКШнын коргонуу чыгымдарын өз эсебине пайдаланып жатат деп бир нече жолу сындаган. Мындан улам алар да Вашингтон менен алакасын сактап калгысы келет.
Франциянын президенти Эммануэль Макронду Трамп жылмаюу жана кол алышуу менен жылуу тосуп алды. Бирок бул жолугушуудан канчалык олуттуу жыйынтык чыкканы белгисиз. Экөө Украинага ким көбүрөөк колдоо көрсөткөнү боюнча бир аз талаша-тартыша кетишти.
Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармерди коргонуу чыгымдарын көбөйтүү убадасы үчүн мактады. Стармер Трамп менен 27-февралда Вашингтондо жолугары күтүлүүдө. Өкмөт башчынын бул сапары британ маалымат каражаттарында Стармердин карьерасындагы эң маанилүү жолугушуу катары сыпатталып жатат.
Стармердин негизги максаттарынын бири – АКШдан Европанын келечектеги Украинадагы аскердик миссиясына кепилдик алуу. Бул миссия согуш токтогон соң тынчтык келишимин коргоо үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Украинадагы аскерлер
Бул кепилдик зарыл, анткени Европанын аскердик күчтөрү мындай милдетти өз алдынча аткара албайт. Аскердик аналитиктер чалгындоо, логистика жана абадан колдоо сыяктуу тармактарда НАТОнун европалык бөлүгү начар экенин белгилешет.
Бул идея ишке ашабы же жокпу, азырынча так эмес. Макрон муну бир жыл мурда сунуштаган, бирок эми гана лидерлер реалдуу мүмкүнчүлүк катары ачык айта башташты.
Трамп бул маселени Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн жана ал муну кабыл алууга даяр экенин айткан.
Бирок Кремль бул билдирүүнү жокко чыгарды. Адегенде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, андан кийин Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва буга каршы экенин айтышты.
Биз дагы эле Путиндин бул боюнча расмий жообун күтүп жатабыз.
Трамп менен Путин
Соңку жумаларда Трамп менен Путиндин телефон аркылуу түз сүйлөшүүлөрү жалпы кырдаалды олуттуу өзгөртүп, Эр-Риядда өткөн АКШ – Орусия делегацияларынын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө жол ачты.
Жөн гана эки тараптуу байланыштын түзүлүшү да жаңы динамика жаратты.
Күтүүсүздөн тынчтык сүйлөшүүлөрү теориялык маселе болбой калды. Вашингтон Украина менен Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө алып келүү үчүн эки багытуу стратегия жүргүзүп жатканын билдирди.
Бирок Орусия багыты Украинадан алда канча кеңири экени айкын болуп калгандай.
Эр-Рияддагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн элчиликтеринин буга чейин кыскартылып калган кызматкерлеринин санын кайра толуктоо жана экономикалык байланыштарды изилдөө боюнча аракеттер башталды.
Мындай кадамдар, албетте, Украина менен Европада күтүүсүз реакция жаратып, жогоруда сөз болгон дипломатиялык шашылыш аракеттердин жасалышына себеп болду.
Шерине