13-февралда АКШнын Юстиция министрлиги Огайо штатындагы компанияга байланышы бар үч киши кармалганын, аларга санкцияларды кыйгап өтүп, 2 миллион долларга жарандык учактар үчүн зарыл болгон тетиктер менен бөлүктөрдү экспорттоо айыбы тагылганын билдирди. Үч киши тең орусиялык компаниянын Flighttime Enterprises деген филиалынын мурдагы же азыркы кызмактерлери.
Аткезчиликтин көбөйүшү 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери АКШ жана Европанын санкцияларына кабылган Орусиядагы жарандык авиациянын терең кризисинен кабар берет.
Berkeley Risk and Security Lab компаниясынын директору Леа Уолкер он жыл ичинде Юстиция министрлиги аткезчиликке байланыштуу айып таккан окуяларды анализдеп чыкты. Анын айтымында, Орусиянын авиация тармагы санкциялардан катуу жабыркап, Батыштын технологияларынан ушунчалык көз каранды болгондуктан аткезчилик көбөйө бермекчи.
Уолкер аткезчилик менен расмий айып тагуу ортосунда 2 жыл өтүшү мүмкүн экенин белгилейт. Айрым учурларда Юстиция министрлиги ортомчу болгон чет мамлекеттердеги кесиптештерден жардам ала албай, иш алдыга жылбайт.
Адис белгилегендей, Кытайды да АКШнын авиация өнөр жайы кызыктырганы менен, алар интеллектуалдык менчикти же коммерциялык сырды уурдоого ыктайт. Орусия болсо чакан партиялар менен тетиктерди ташууга артыкчылык берет.
Америкалык Boeing жана Европада чыгарлыган Airbus Орусиянын коммерциялык учактар паркынын үчтөн эки бөлүгүн түзөт жана жүргүнчүлөрдүн 90 пайызын ташыйт. Ал учактар атайын сертификациясы бар адистердин техникалык текшерүүсүнөн өткөрүлүп, сертификацияланган тетиктер менен тейленип турушу керек.
Батыштын санкциялары жеке адамдарга жана компанияларга ошол лайнерлерди тейлөөгө жана тетиктерин алмаштырууга тыюу салгандыктан Орусия татаал тандоого кептелди. Алар жазалоочу чаралар алынмайынча, текшерүү мөөнөтү келген лайнерлерди учурбай турушу мүмкүн же жүргүнүчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салып, аларды колдоно берсе болот. Же болбосо аткезчилик жолу менен сертификацияланган тетиктерди алып келип, санкцияларды бузуу менен техникалык текшерүү жүргүзүү үчүн эксперттерди акчага жалдай алат.
Орусиялык авиакомпаниялар негизинен акыркы эки вариантты тандап алышты. Анын кесепети даана байкалууда: жабдыктар иштен чыккан учурлар көбөйдү. Анын ичинен мотордун бузулушу өзгөчө тынчсыздандырат.
Былтыркы декабрдан быйылкы жылдын 20-январына чейин Орусиянын жарандык учактарында 11 жолу мотор бузулганы кабарланган. Сегиз учур Boeing же Airbus лайнерлеринде, үчөө орусиялык Sukhoi Superjet учактарында болгон. Анын алдындагы эки айда 5 инцидент гана катталган.
Январдын башында “Урал аба жолдору” компаниясынын Airbus A321 учагы Египеттеги курорттон Екатеринбург шаарына учуп чыкканда сол мотору иштебей калып, артка кайтууга аргасыз болгон. Адамдардан эч ким жабыркаган эмес.
Санкциялар “Урал аба жолдоруна” моторду сертификацияланган адистер тарабынан алмаштырууга жол бербейт. Орусиялык пилот “Свобода” радиосуна айтып бергендей, “санкциялар алынып же компания аны сата албаса, учак эми Египетте дат басып чирий берет болушу керек” .
Инциденттердин көбөйүшү
“Новая газета Европа” басылмасынын маалыматына караганда, Орусияда авиациялык инциденттер 25% көбөйдү. Былтыркы жылдын 11 айында 208, 2023-жылдын ошол эле мөөнөтүндө 161 окуя катталган.
Кеминде 90 жолу система иштебей калып, учак чукул конууга аргасыз болгон. Көпчүлүк учурда учактын мотору же дөңгөлөктөрү (шасси) бузулган.
Авиация тармагындагы эксперттер санкциялар алынбаса, быйыл абал начарлашы ыктымал деп боолголошот. Эмне дегенде учактардын техникалык комплекстүү текшерүү мөөнөтү өтүп кетсе да, алар жүргүнчү ташып жатат.
Ар бир 6-12 айда учак бөлүктөргө ажыратылып, тетиктери текшерилет, зарыл болгондо оңдолот же алмаштырылат. Бул жараян эки айга созулушу мүмкүн.
Андай тейлөөнү учактын өндүрүүчүсү менен гана чогуу жүргүзсө болот. “Свобода” радиосу сөзгө тарткан авиациялык коопсуздук боюнча орусиялык эксперттин айтымында, төрт жылга аяк баскан санкциялардын шартында Орусиянын паркындагы учактар кооптуу чекке жакындады.
“Орусиялык бардык учактардын эксплуатация мөөнөтү тууралуу так маалыматым жок. Бирок 2025-жылы алардын көбүн пайдалануу мөөнөтү соңуна чыгат”, - деп айтты атын атабоону каалаган адис.
Орусиялык авиакомпаниялар учактарды пайдалануу мөөнөтүн узартуу үчүн АКШдагы жана Европадагы расмий эмес булактардан аткезчилик жолу менен сертификацияланган тетиктерди ташып, бейрасмий техникалык текшерүү жүргүзүп же учуулардын санын азайтышат.
2022-жылы катталган аткезчиликтин беш учурунда шектүүлөр Boeing 737 учагы үчүн тормоз системасын, байланыш, навигация жана башкаруу системаларын экспорттогон. Көпчүлүк учурда товарды Орусияга Түркия, Армения жана Казакстан аркылуу ташууга аракеттенишкен.
Кытайга ыктоо мүмкүнбү?
Орусия Украинанын Крым жарым аралын басып алып, Донбасстагы согушка шыкакчы болгондон кийин Москва менен Батыштын мамилеси начарлаган 10 жылдан бери Кремль АКШнын жана Европанын учактарынан көз карандылыгын азайтуу үчүн аэрокосмос тармагына инвестиция көбүрөөк салып калды.
Учурда Орусиянын жүргүнчү учактар паркында 700 чет элдик лайнер жана 150 даана Sukhoi Superjets бар. Бирок санкциялар жергиликтүү ишканалар чыгарган учактарга да залака тийгизүүдө. Себеби алар да Батышта жасалган айрым системаларга муктаж.
Sukhoi Superjets учактарынын фюзеляждары жана канаттары Орусияда чыгарылганы менен мотор, навигация, отун системасы, электроника, шасси сыяктуу негизги компоненттер Батыштагы өндүрүүчүлөрдөн алынат.
Батыштын технологияларынан көз каранды болбош үчүн Орусия жергиликтүү MC-21 учагына үмүт артууда.
Өкмөттүн 2022-жылга түзүлгөн планына ылайык, өлкө 2030-жылга карай 1036 учак, анын ичинде 270 даана MC-21, 142 Superjet жана 70 Ту-214 чыгармак.
Бирок Батыштын санкцияларынан жана каражатты аскердик өндүрүшкө буруу зарылдыгынан улам учактарды жасоо жылдарга жылып калды.
“Биз мотор технологиялары жагынан 40 жыл артта калдык. Бул материалдарга да тиешелүү деп айтса болот”, - деп белгилейт авиациянын коопсуздугу боюнча орусиялык эксперттердин бири.
Башка тармактардай эле, Орусия авиациялык моторлордун үстүнөн өз алдынча иш алып барган Кытайга кайрылса болот. Адистердин пикиринде, Кытай Орусияны жакшы моторлор менен камсыздай алса, MC-21 учагынын келечеги кенен болушу мүмкүн. Бирок Орусия аларды 2029-жылдан эрте ала албайт.
Азыр кытайлык C919 учагы Батыштын моторлорун пайдаланып жүргөндүктөн, Орусиянын аны алуу мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Кытай быйыл же эмки жылы өз алдынча мотор чыгарууну көздөп жатат.
“Натыйжада Кытай Иран, Түндүк Корея жана Орусия өңдүү изоляциядагы өлкөлөрдү камсыздоо үчүн учакка ээ болмокчу”, - деген жыйнытык чыгарат “Эркин Европа/Азаттык” радиосу маектешкен эксперттердин бири.
Материал "Свобода" радиосу менен биргелешип даярдалган
Шерине