Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

АКШ Украинанын сейрек минералдарын кантип иштетет?


Киев менен Вашингтон Украинадагы баалуу сейрек кездешүүчү минералдарга байланыштуу жарыялаган келишимди чоң окуя деп ойлойсузбу? Алдыда түшүндүрүп берели.

Бул келишим – чындыгында, юридикалык жактан милдеттендирилген макулдашуу эмес, жөн гана техникалык алкактагы жалпы келишим.

Анткен менен АКШ президенти Дональд Трамп аны "абдан чоң макулдашуу" деп атап, Вашингтон Украинага берген миллиарддаган долларлык курал-жабдык жана жардамдын бир бөлүгүн "кайра өндүрүп алуу" катары айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул келишимге кол коюу үчүн 28-февралда Вашингтонго барды. Жолго чыгардын алдында украин лидери документти "жалпы келишим" катары сыпаттап, ал АКШнын Украинага колдоосун улантууга көмөктөшөрүн белгиледи.

"Бул келишим чоң ийгилик болушу мүмкүн, же жөн гана байкалбай өтүп кетиши ыктымал. Ал эми чоң ийгилик биздин Трамп менен сүйлөшүүлөрүбүздөн көз каранды. Мен үчүн, баарыбыз үчүн АКШнын жардамы токтобогону маанилүү", - деди Зеленский 26-февралда маалымат жыйында.

Англис жана украин тилиндеги келишим төрт барактан турат. Анда 17 баскыч камтылган.

Документке АКШнын каржы министри Скотт Бессент жана Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко кол койгон.

Келишимде биргелешкен фонд түзүү каралган. Ал Украинадагы минералдык ресурстарды казып алуудан түшө турган келечектеги кирешелердин эсебинен каржыланат.

Ошентсе дагы адистер келишим азырынча юридикалык күчкө ээ эместигин, ал жөн гана фонд түзүү ниети экенин белгилешти. Анын качан түзүлөрү азырынча белгисиз. Демек, фонд кандай иштей турганы боюнча дагы көптөгөн суроолор ачык калууда.

Бул келишим учурдагы кирешелерге эмес, келечектеги киреше булактарынан куралат.

Маселен, "Нафтогаз" сыяктуу компаниялардын азыркы кирешелери ага кирбейт. Учурда "Нафтогаз" Украина өкмөтүнүн бюджетинин 15 пайызга жакынын камсыздайт.

Документке ылайык, Киев ресурстук долбоорлордон түшкөн кирешенин 50 пайызын фондго которуп турушу керек. Кийин фонд Украинадагы долбоорлорго кайра каражат бөлүп турат.

Ал келишимдин мурдагы долбоорлоруна ылайык, фондго түшкөн акча кайра эле АКШ берген курал-жабдыктын ордун толтурууга кетмек. Зеленский буга каршы чыккан.

Мындан сырткары, бул фонддон колдоо алган долбоорлор көп жылдан кийин гана ишке ашышы мүмкүн. Ал убакытка чейин Трамптын да президенттик мөөнөтү аякташы ыктымал.

"Украинада согуш уланып жаткандыктан жана жакынкы келечекте дагы согуш аяктабаса, бул келишимдин келечеги өтө бүдөмүк жана экономикалык жактан маанилүү деп айтууга болбойт. Бирок эгер бул Трамп каалаган башкы жетишкендик катары каралып, Украинага жардам уланса, анда Киев үчүн өтө пайдалуу келишим болот", - деди Тышкы саясатты изилдөө институтунун (АКШ) саясий тобокелчиликтерди анализдөө боюнча адис Максимилиан Хесс.

Киевдеги Жаңы геосаясат изилдөө тармагынын жетекчиси Михаил Самустун пикиринде Трамп да, Зеленский да муну ийгилик катары көрсөтө алат.

"Украина тараптан бул Трамптын администрациясы менен тирешүүнү токтотууга аракет. Ал эми Трамп үчүн бул ийгилик сыяктуу көрүнүп, ал өзүнүн шайлоочуларына: 'Көрдүңөрбү, биз дагы бир жеңишке жеттик!' деп айта алат".

"Акыйкат, адилеттүү жана империялык эмес"

Зеленский менен Трамптын мамилеси мурда эле чыңалуу менен коштолгон.

2019-жылы АКШ Конгресси Трампка импичмент жарыялоого аракет кылган. Анын себеби Украинага байланыштуу болгон. (Кийинчерээк Трамп Сенат тарабынан акталган.)

Трамп бийликке кайтып келгенден бери Зеленский АКШнын Украинага аскердик жардамы үзгүлтүккө учурап калбаш үчүн болгон аракетин көрүп келет.

Трамп Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, согушту "Украина баштаган" деп жаңылыш билдирүү жасаган жана Украинада жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган.

Мындан улам Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар, анын ичинде литий жана титан дагы чоң роль ойношу мүмкүн.

Сейрек кездешүүчү минералдар коргонуу технологияларынан баштап, компьютер, уюлдук телефон, электромобил сыяктуу аппараттар үчүн баалуу.

Литий батареялар үчүн маанилүү болсо, ал эми титан – учак өндүрүшүндө колдонулат.

Трамптын администрациясы минералдык ресурстар үчүн Кытай менен атаандашып келет. Ошондуктан Трампка буга чейин Гренландия кызыгуу жаратса, азыр көңүл Украинага бурулууда.

Бирок Украинадагы сейрек кездешүүчү баалуу минералдардын кору канча экени белгисиз. Украинанын геологиялык кызматы өлкөдө минералдардын чоң кору бар экенин билдирсе, алардын бир бөлүгү учурда орус күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактарда жайгашкан.

АКШнын Геологиялык кызматы бул сандар апыртылган болушу ыктымал экенин айткан. S&P Global компаниясы жүргүзгөн изилдөө да Украинанын болжолдуу маалыматтары эскиргенин белгилейт.

Зеленский үчүн Украинанын кирешесин биргелешкен фондго "өлкөнүн коопсуздугу жана гүлдөп, өсүп-өнүгүшү үчүн которуу" кандайдыр бир жетишкендиктей болуп калды. Украиналык байкоочулар сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу келишим эки лидер үчүн тең жеңиш экенин белгилешет.

"Экономикалык көз караштан алганда бул сырткы капитал тартуу мүмкүнчүлүгү. Саясий жактан алганда бул кумар оюндай эле: Зеленскийдин администрациясы терең экономикалык байланыштар акыр-аягында коопсуздук тармагындагы милдеттенмелерге алып барат деген ишенимде. Учурда Украина кылдат аракет көрүүдө деп айтар элем", - деп билдирди X социалдык түйүнү аркылуу Киевдеги экономика мектебинин экономисти Наталья Шаповал.

Чех өкмөтүнүн Украинаны калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлү Томаш Копечны макулдашууну "эки өлкөнүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн ийгилиги" деп эсептейт.

"Келишим өзү акыйкат, адилеттүү жана империалисттик эмес. Макулдашуу америкалык ишканаларды, америкалык бизнести, Америка өкмөтүн бир гана кагазда эмес, каржылык жана инвестициялык схемалар аркылуу Украинаны калыбына келтирүүгө тартууну көздөйт", - деди ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.

Эч кандай коопсуздук кепилдиктери жок

Зеленскийдин өкмөтү келечекте Орусиянын агрессиясына жол бербеш үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылып келет. Бирок Украинанын коопсуздугун коргоо же камсыздоо тууралуу милдеттенме Трамптын администрациясы үчүн олуттуу ката болуп калышы мүмкүн.

25-февралда Трамп Кошмо Штаттар Украинага коопсуздук кепилдиктерин бербей турган айткан.

"Биз европалыктарды берүүгө аргасыз кылабыз", - деди Трамп.

Вашингтондогу Атлантика кеңешинин эксперти Эд Веронанын эсебинде Зеленский буга чейинки сунушталган эки долбоорго салыштырамалуу жакшыраак келишимге жете алды. Ошондуктан ал Вашингтонго барды.

"Менимче бул Дональд Трампты тынчтандырат. Ал "мына көргүлө, алар келишимге кол койду. Бул Америка үчүн жакшы" деп айта алат", - дейт Верона.

Шерине

XS
SM
MD
LG