АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушка чекит коюу планы жалпы жонунан белгисиз болгону менен украин президенти Владимир Зеленскийге каршы айтылган болуп көрбөгөндөй риторикадан кийин Европа менен Вашингтондун ортосундагы жаракалар азыртадан эле билине баштады.
Германиянын кийинки канцлери болот деп күтүлүп жаткан Фридрих Мерц НАТОнун азыркыдай турпатында каларына пессимисттик көз карашын жашырбайт:
“Дональд Трамптын өткөн жумадагы билдирүүлөрүнөн кийин америкалыктар Европанын тагдырына кайдыгер экени ачыкка чыкты”, - деп айтты саясатчы ал жетектеген партия 23-февралдагы парламенттик шайлоодо жеңгенден кийинки теле билдирүүсүндө.
“Июндун аягында өтө турган НАТОнун саммитине кандай жетерибиз мени абдан кызыктырат. Азыркы калыптагы НАТО жөнүндө сөз кылабызбы же тез арада европалык коргонуу блогун түзүшүбүз керек болобу”, - деп кошумчалады Мерц.
Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан бери бардыгы чагылгандай ыкчам өзгөрдү. Кол салуу алдында АКШнын ошол кездеги мамлекет башчысы Жо Байден орус президенти Владимир Путин Украинага аскердик оор техникасынын кербенин жөнөтсө, Орусия ал үчүн “кымбат кун төлөрүн” эскерткен.
“Биздин өлкөлөрдү, дүйнөнү бөлүп турган көптөгөн маселелер бар. Бирок Орусиянын агрессиясына каршы туруу алардын арасына кирбейт. Америка эли бирикти, Европа бирикти, трансатлантикалык коом бирикти. Саясий партияларыбыз бирикти. Бүтүндөй эркин дүйнө бирикти", - деп айткан Байден.
Батыштын ынтымагы жана чечкиндүүлүгү тууралуу сөздөр сыягы чындыкка коошпой калды. Өткөн жумада Орусия менен АКШ алакалардын жаңы раундун баштап, ага Украина камтылбай калгандыктан, Вашингтон менен Москва украиналыктардын, европалыктардын артында кандайдыр бир келишим иштеп чыгышы мүмкүн деген кооптонууларга жем таштады.
Бул аз келгенсип Трамп АКШ менен Орусия ортосундагы көптөн бери келаткан мамиле түзүү эрежелерин жокко чыгарды өңдөнөт. Ал Зеленскийге атырылып, украин президентин негизсиз жерден “шайлоосуз отурган диктатор” деп сыпаттады жана "Орусиянын Украинага каршы согушун Путин эмес ал баштады" деген божомолун ортого салды.
Андай билдирүүлөр Путиндин кыйшык күзгүдөгү тарыхын чагылдыргандай: 2022-жылдын 24-февралында Путин Украинага басып кирүүнү актоо үчүн чала чындыкты, бурмалоону жана ачыктан ачык калпты аралаштырып, Орусияны согуштук аракеттерге мажбурлап жатат деп Украинаны жана “коллективдүү Батышты” айыптаган.
Уруш тутанганынын үч жылдыгында Кошмо Штаттар Орусияга кошулуп, БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиянын Украинага каршы агрессиясын айыптаган резолюцияга каршы добуш берүү менен дүйнөнү нес кылды. Вашингтон Орусиянын согуш ачуу үчүн жоопкерчилиги жумшартып көргөзүлгөн өз резлюциясын сунуш кылды.
Кайсы бир деңгээлде мындай көрүнүшкө биз буга чейин да күбө болгонбуз. 2018-жылы Хельсинкиде Путин менен саммитте Трамп 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкен деп Орусияны айыптаган өз өлкөсүнүн атайын кызматтарына эмес, орус президентинин сөздөрүнө ишенгенин айтып, Вашингтондо бир топ нааразылык жараткан. Бирок Трамп администрациясынын Украинага тиешелүү Кремлдин тезистерин ачыктан ачык кайталаганы Американын өнөктөштөрү менен терең ажырымынан кабар бергендей.
Ошол эле маалда Трамптын Путиндин сөздөрүн кайталаганы реалдуу саясатка канчалык айланары белгисиз.
Трамп менен Путиндин 2018-жылкы Хельсинки саммити Москва менен Вашингтондун мамилелеринин жибишине алып келген эмес. АКШ-Орусия алакалары ага чейинки төмөн деңгээлде калган.
Киевдин жана Батыштын башка борборлорунун каршылыгы катуу болду. Франциянын президенти Эммануэл Макрон 24-февралда Трамп менен пресс-конференцияда Орусияны согушту баштаган “агрессор” деп санарын так айтты. Украина кол салуунун үч жылдыгында дүйнө өлкөлөрүнүн тилектештигине күбө болду.
Трамптын Украина жөнүндө айткан соңку комментарийлери саясатка кандайча айланарын байкап туруу керек. Бирок символикалык түрдө алганда Орусияга каршы ийиндеш турабыз деген трансатлантикалык позициясы бүдөмүк болууда.
Автор: Nathan Hodge, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Орусия жана "Настоящее время" телеканалы боюнча регионалдык директору
Шерине