Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Украина АКШга сейрек минералдарын берүүгө көндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вашингтон менен Киев сейрек кездешүүчү металлдар, маанилүү минералдар жана башка табигый ресурстар боюнча макулдашууга жетишти. Анда Украинанын коопсуздук кепилдиктери каралган эмес. Бул келишим Украинадагы согушту токтотууга карай дипломатиялык аракеттердин алкагында иштелип чыкты.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 25-февралдын кечинде украин лидери Владимир Зеленский жума күнү Вашингтонго "абдан чоң макулдашууга кол коюу үчүн келгиси келип жатканын" айтты.

"Америкалык салык төлөөчүлөр өз акчасын кайра кайтара алат", - деди Трамп.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда билдиргендей, минералдар боюнча алдын ала макулдашуу — "бул баарынын башталышы ал чоң ийгилик жаратышы мүмкүн".

Зеленский ал үчүн эң маанилүүсү Кошмо Штаттар Украинага жардам берүүнү улантышы керектигин кошумчалады.

"Баары Трамп экөөбүздүн сүйлөшүүбүздөн көз каранды",-деди украин президенти. Ал Киевде өткөргөн маалымат жыйында Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кыларын билдирди.

Украинаны калыбына келтирүү боюнча чех өкмөтүнүн атайын өкүлү Томаш Копечныйдын айтымында, ал макулдашуунун долбоорун көргөн. Анын айтуусуна караганда, долбоордо коопсуздук кепилдиктери берилбегени менен экономикалык максаттардан жана тышкы саясий алакалардан улам АКШ Украинада баары бейпил болушуна кызыкдар.

"Бул эки өлкө үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги. Макулдашууга ылайык америкалык ишканалар, америкалык бизнес жана Америка өкмөтү Украинаны бир гана кагаз жүзүндө эмес каржылык жана инвестициялык схемалар аркылуу калыбына келтирүүгө кызыкдар болот",-деди Копечны.

Ал эми бул макулдашуудан Украина кандай пайда табат деген суроого Трамп Америка буга чейин Киевге берген 350 миллиард доллар тууралуу айтты.

Литванын мурдагы тышкы иштер министри Габриелюс Ландсбергистин "Азаттыкка" айтымында, мындай келишим Европа үчүн сабак болушу керек.

"Евробиримдик лидерлери Украинага барганда кескин билдирүү жасашканы менен реалдуу жардам көрсөтүшпөйт. Евробиримдик дипломатиялык, саясий жана каржылык жактан ыкчам аракеттерди көрүшү зарыл. Украина шаркетке кошулууга талапкер өлкө. Мындан улам ЕБ техникалык жардам көрсөтүп, АКШнын сунушу Украинанын кызыкчылыктарына туура келеби же келбейби эсептеп чыгыш керек эле", - дейт ал.

Бул макулдашуунун шарттары тууралуу кабарлар 3-февралдагы Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин пайда болду. Анда Трамп администрациясы “Украинага буга чейин бергенин кайтаруу үчүн сейрек кездешүүчү металлдар жана башка ресурстар түрүндө алуу боюнча макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын” айткан.

Андан бери потенциалдуу макулдашуу Мүнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференциянын (14-16 февраль) башкы темасына айланып, Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусунун себебине айланды.

Мындан кийин Ак үй макулдашууга кол боюнча аракеттерин активдештирди.

24-февралда Трамп жакынкы эки жумада документке кол коюу үчүн Зеленскийди Вашингтондо күтөрүн айтты. Ошол эле күнү Украинанын вице-премьер-министри Ольга Стефаншина X социалдык түйүнү аркылуу сүйлөшүүлөр “финалдык баскычта экенин” жана “бардык негизги деталдар макулдашылганын” билдирди.

Орусия АКШга минералдар боюнча өз келишимин сунуштады

Бул сөздөрдөн бир нече саат өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путин күтүүсүздөн маанилүү минералдар тууралуу трансатлантикалык талкууга жаңы өңүт кошту.

Байкоочулардын баамында, анын мындай кадамы Америка-Украина макулдашуусунун түзүлүшүнө тоскоолдук жаратуу аракетиндей болду. Путин сейрек кездешүүчү металлдар тууралуу жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүп, Кошмо Штаттарга орус кендерин биргеликте иштетүүнү сунуштады.

“Бизде, албетте, Украинага караганда, ресурстар көбүрөөк”, - деди Путин.

Анын мындай билдирүүсү Трамп тынчтык макулдашуусу түзүлсө, АКШ менен Орусиянын экономикалык тыгыз кызматташуу кандай болорун айткандан кийин жасалды.

Орусиянын президенти ошол эле маалда учурдагы сезимтал маселени козгой кетти. Ал сейрек кездешүүчү металлдарды Украинанын чыгышындагы орус күчтөрү оккупациялап алган аймактарда дагы иштетүү мүмкүн экенин кошумчалады.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, Орусияда сейрек кездешүүчү минералдардын жана металлдардын кору 3,8 миллион тоннаны түзөт. Муну менен ал дүйнөдө бешинчи орунда турат. Москва Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканы сейрек кездешүүчү минераллдарды иштеткен компаниялардын баары улутташтырылган. Азыр алардын баарын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы көзөмөлдөйт. Ал ишкана Путиндин жакын санаалашы Михаил Ковальчук менен тыгыз байланышта экенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Система” долбоору аныктап чыккан.

Украинада кандай минералдар бар?

Сейрек кездешүүчү минералдарга 17 минерал кирет. Алардын арасында жер кыртышынын үстүңкү катмарында табылган иттрий, церий жана лантан дагы бар. Алар негизинен компьютер, смартфон, магнит, электромобил жана жогорку технологиялык курал-жабдыктар үчүн колдонулгандыктан маанилүү деп саналат.

Украина дүйнөдө АКШ “экономика жана улуттук коопсуздук үчүн маанилүү” деп эсептелген 50дөй пайдалуу кендин жарымына ээ экенин ырастоодо. Алардын арасына литий жана титандан баштап, кеңири жайылган көмүр, темир, мунай, газ дагы бар.

Америка бийлигинин өкүлдөрү ырастагандай, минералдык ресурстар тууралуу макулдашуу Украинанын коопсуздугун бекемдеши мүмкүн. Анткени АКШ анын кызыкчылыктарын коргоого даяр болот. Анткен менен Зеленский Киевге ок атышуу токтогон же тынчтык макулдашуусу түзүлгөн маалда ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери керек экенин ырастоодо.

Коопсуздук кепилдиктери тууралуу кооптонууларынан тышкары АКШ буга чейин талап кылган акчанын суммасы дагы Киевди дүрбөлөңгө салды.

Ай башында Трамп “500 миллиард долларга барабар сейрек кездешүүчү металлдарды” кааларын айткан.

Зеленский буга чейин көрсөтүлгөн Американын аскердик жардамы 500 миллиард долларга жетпегенин, ал акчанын көбү АКШдагы курал-жабдык өндүрүүчүлөргө кеткенин баса билдирген.

Конгресстин Изилдөө кызматынын маалыматына караганда, былтыр сентябрга чейин Конгресс Украинага байланыштуу максаттарга 174, 2 миллиард долларды чукул кошумча каражат катары бөлгөн. Алардын 64% Коргоо министрлигине жана коргонууга багытталган эсептерге которулган.

The Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, 24-февралда макулдашылган келишимдин соңку долбоорунда 500 миллиард доллар төлөп берүү талабы жок.

Долбоордо фонд түзүү каралган. Ал фондго Украина мамлекеттик минералдык ресурстардан түшкөн кирешенин 50% которуп турат. Ал эми фонд Украинадагы долбоорлорго инвестиция салышы абзел.

Financial Times басылмасы жазгандай, ал долбоорго азыркы учурда Украинанын мамлекеттик казынасын толуктап жаткан минералдык ресурстар кирбейт. Тактап айтканда “Нафтогаз” менен “Укрнафт” компанияларынын ишмердүүлүгүн камтыбайт.

Долбоордо так коопсуздук кепилдиктери жок болсо да, "Франc пресс" агенттиги “Украинадагы жогорку даражалуу булагына” таянып, Америка гүлдөгөн, туруктуу, суверендүү Украинага инвестициялаган “кандайдыр бир жалпы жобо” бардыгын жазды.

Евробиримдик Украинага өз сунушун киргизди

Орусия жана Украинадагы согуштан улам Кошмо Штаттар менен Евробиримдиктин ортосунда мамиле чыңалып турганда, шаркет Евробиримдик менен Украина ортосунда жаңы сейрек кездешүүчү металлдар тууралуу келишим сунуштады.

Ал демилге Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен барган маалда киргизилди.

“Европага керектүү 30 маанилүү минералдардын 21ин Украина эки тарапка тең пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында бере алат. Европа сунуштаган кошумча баалулук биз эки тарапка тең пайдасыз келишимди талап кылбайбыз”,-деп жазды “Франц пресс” өндүрүш стратегиясы боюнча комиссары Стефан Сежурндун сөздөрүн келтирди.

Еврокомиссиянын өкүлү Томас Ренье 25-февралда билдиргендей, Евробиримдиктен эч кандай сунуш түшкөн жок. Болгону шаркеттин Украина менен маанилүү минералдар боюнча 2021-жылдан бери өнөктөштүгү бардыгын билдирди.

Макаланын автору: Стив Гуттерман
Которгон: Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG