27-январь Холокост курмандыктарын эскерүү күнү. Мындан 80 жыл мурда ушул күнү нацисттик Германиянын эң чоң концлагери Освенцим (Аушвиц) бошотулган. “Өлүм лагери” атыккан бул жайда бир миллиондон ашык адам жок кылынган. Алардын көбү жөөттөр болгон.
Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. АКШнын президенти Дональд Трамптын анклавда кайра куруу иштери аяктагыча газалыктарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу сунушу сынга кабылды.
Польшада 27-январда миллиондон ашуун киши жок кылынган Освенцимдин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү. Расмий өкүлдөрдөн тышкары ага концлагерде аман калгандар дагы катышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытында иштер башталганын айтып, чукул арада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканын кайталады. Кремль Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап жатат. Бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Президент Трамп АКШ-Мексика чек арасына 1500 аскер жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушу тапта Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпасын билдирди. Муну менен бирге ал согуштун активдүү баскычын токтотууну колдоорун кошумчалады.
Дональд Трамп АКШнын түштүк чек арасына өзгөчө кырдаал киргизип, Мексиканын чек ара пункту аркылуу өтүүдө колдонулган CBP One тиркемеси жабылды. Борборазиялык мигранттар да АКШга кирүү үчүн бул тиркемени колдонуп келишкен. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн кыргызстандыктар менен байланышты.
Газадагы ок атышууну токтотуп, туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу 19-январда күчүнө кирди. Анын шарттарына ылайык, АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу үч израилдик туткунду барымтадан бошотуп, Израил 90 палестинди абактан чыгарды.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка киришет. Вашингтондогу суукка байланыштуу ал инаугурацияны Капитолий Ротонунда өткөрө турган болду.
Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин бул өлкөдөгү радикал топтордун катарында согушкан борбор азиялык жоочулар маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Дамаскка көзөмөлүн орноткон топ теги тажикстандык согушкерге жаңы кызмат жана наам бергени белгилүү болду.
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун ортосунда согушту токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
Дагы жүктөңүз