Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

166 миң жарадар. Орусиянын госпиталдарында катылган чындык


Иллюстративдик графика.
Иллюстративдик графика.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун журналисттери Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик медициналык башкармалыгынын маалымат базасын анализдеп чыгышты. Базада 2022-жылдын февралынан 2024-жылдын июнь айынын ортосуна чейин дарыланган 166 миң бейтап тууралуу маалымат камтылган.

Москванын көчөлөрүнүн бириндеги карда сөөгү көмүлүп, жардырууда каза болгон өзөктүк коргонуу күчтөрүн жетектеген орусиялык генерал кеминде бир жыл мурда ок жеген.

Генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун киши колдуу болгону былтыр декабрда дээрлик бардык медиалардын негизги темасына айланды. Бирок анын каза болгонго чейин тогуз ай мурда ок жеп, ооруканада дарыланганы эл аралык коомчулукка жарыяланган эмес.

Кириллов тууралуу бул маалымат Орусиянын Украинын басып киргенден кийин болуп көрбөгөндөй жоготууларынын масштабын чагылдырган "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун журналисттери анализдеп чыккан медициналык документте камтылган.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Генерал-лейтенант Игорь Кириллов Москвадагы үйүнүн жанында электр скутердеин жарылуусунан каза болгон.
Генерал-лейтенант Игорь Кириллов Москвадагы үйүнүн жанында электр скутердеин жарылуусунан каза болгон.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Генерал-лейтенант Игорь Кириллов Москвадагы үйүнүн жанында электр скутердеин жарылуусунан каза болгон.

Анын Орусиянын аскердик-медициналык комплексиндеги престиждүү делген мекемеде бир айдан ашык дарыланганын айгинелеген маалымат жана аты-жөнү журналисттерге дезертир дарыгер өткөрүп берген Орусиянын Коргоо министрлигинин 166 000ге жакын жарадар аскерин камтыган тизмеде табылган.

Бул база 2022-жылдын февралынан 2024-жылдын июнь айынын ортосуна чейин улук генералдардан тартып, катардагы аскерге чейин жана "жалданып" согушка тартылган кеминде 10 өлкөнүн өкүлү ооруканада дарыланып чыккан маалыматты камтыйт. Демек, жогорудагы маалымат согуштун эң көп кан төгүлгөн учурларына туш болгон соңку сегиз айды чагылдырбайт.

Украинада канча адам каза болуп же жарадар болгон?

Эки тараптын тең жоготуулары үрөй учурат. Батыш эсептөөлөрү боюнча үч жылдан ашуун убакытка созулуп бараткан согушта жарадар же каза болгондордун саны жалпы бир миллиондон ашык. Украин президенти Владимир Зеленский ушул айдын башында келтирген маалыматтарга караганда, Украинада кеминде 46 миң аскер набыт болуп, 380 миңдейи жарадар болгон. Эксперттер чыныгы жоготуулар мындан көп деп эсептешет.

Батыштын эсептөөлөрү боюнча, орусиялык жоготуулар тагыраагы, каза тапкан жана жарадар болгондор былтыркы декабрь айына карата 700 минден ашуун болгон. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун эсебинде, кеминде 172 миң орус аскери набыт болуп, 611 миңи жарадар болгон. Алардын жарымынан көбү оор жараат алып, кайрадан согушка жиберилген эмес.

Жарадар болгондордун басымдуу бөлүгү аскер госпиталдарынан кароодон өтүп, Коргоо министрлигинин Башкы Аскердик Медициналык Башкармалыгынын, өлкө боюнча ондогон ооруканалар жана миңдеген офицерлер менен кызматкерлерди көзөмөлдөгөн расмий органдын иш документтеринде көрсөтүлгөн.

Маалымат базасын "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун журналисттерине учурда Францияга качып, башпаанек сураган 144-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын аскер эвакуациялоо бөлүгүн башкарган сержант Алексей Жиляев бөлүшкөн.

Журналисттер талдап чыккан материалда 165 584 адамдын аты-жөнү, аскердик чини, ооруканага жаткырылган жана чыккан күнү, алган жарааты, кызмат өтөгөн аскердик бөлүгү көрсөтүлгөн. Арасында согушка ЧВК "Вагнер" же Аскердик чалгындоо кызматы аркылуу келишим түзүп кеткендери бар.

Журналисттер аты бир нече ирет аталган учурларды же техникалык каталарды текшерүү үчүн маалымат базасын системдештирген. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары базадагы маалыматы камтылган кайсы бир адамдардын ата-жөнүн ачык булактар же социалдык тармактардагы билдирүүлөр, кабарлар аркылуу текшерип чыккан.

Маселен, президент Владимир Путин 2022-жылдын май айында Москвадагы аскер госпиталына барып, жарадар болгон жоокерлерге жолуккан. ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан сүрөттөрдө Путин эки аскер менен турат. Алардын биринин аты-жөнү маалымат базасында бар.

Юзбег Казитов, Иван Петррук жана Владимир Путин (солдон оңго) Мандрик атындагы Борбордук аскердик клиникалык госпиталда, 25-май, 2022-жыл, Москва облусу.
Юзбег Казитов, Иван Петррук жана Владимир Путин (солдон оңго) Мандрик атындагы Борбордук аскердик клиникалык госпиталда, 25-май, 2022-жыл, Москва облусу.

Журналисттер дагы кенен маалымат топтоо үчүн базада аты-жөнү жазылган бир нече аскер кызматкердин социалдык тармактардагы аккаунттарын изилдеп, айрымдары менен байланышууга аракет көрдү. Кытайлык бир жаран гана жооп берип, Орусиянын катарында Украинадагы согушка катышканын ырастап, бирок кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

Орусия жарадар болгон аскерлерине кандай мамиле кылат?

Маалымат базасы согушта жарадар болгон бардык орусиялык аскерлердин бир бөлүгүн гана түзөт; ага согуш талаасында дарыланган жана кайра согушка кайтып келген аскерлер, ошондой эле жарандык госпиталдарда дарылангандардын аты-жөнү киргизилген эмес. Базада согуштук эмес жаракаттар боюнча дарыланып чыккан аскерлер да көрсөтүлгөн. Маселен, Кирилов 2024-жылдын 3-мартында "оң санына" ок тийип, ооруканага жаткырылып, беш жумадан кийин чыгарылган.

Кирилловго качан жана кайда ок атылганы, окуя кандай жагдайда болгону белгисиз. Бул боюча Коргоо министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты. Украинанын башкы коопсуздук агенттиги Кирилловдун өлүмүнө алып келген скутердеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын ишенимдүү булактар билдирген.

Маалыматтар базасында өлкөнүн бардык аймагындагы аскердик ооруканалар менен клиникалардын, ошондой эле 2014-жылы Москва күч менен басып алган Украинанын Крым жарым аралы жана Москванын жакын өнөктөшү болгон Беларуста жайгашкан айрым госпиталдардан алынган маалыматтар камтылган.

Жакында эле Кремлдин куралдуу күчтөрүн "кайра уюштуруу" боюнча аракеттери тууралуу ири отчетун жарыялаган Вашингтондогу талдоочу Дара Массикоттун айтымында, журналисттердин колуна тийген маалымат базасы Орусиянын армиясы акыркы үч жылда кандай өзгөргөнүн чагылдырып, Кремл тез, кыска жана чечкиндүү болот деген басып алуусу массалык кыйроо согушуна айланганын көрсөтөт.

Украин күчтөрү адегенде коргонууну, андан соң кеңири масштабдагы чабуулду баштаганда орусиялык аскерлер олуттуу жоготууларга учурап, орус бийлиги жабыркаган аскер бөлүктөрүн толуктоо үчүн башкаларды жалдоо аракеттерин кеңейтүүгө өтүштү.

"Вагнердин" жалданма аскерлери орусиялык күчтүн негизги бөлүгүнө айланган. Адегенде "Вагнер", андан кийин Коргоо министрлигинин өзү он миңдеген адамды эркиндик үчүн согушка көндүрдү.

Орусия: Түрмөдөн согушка түрткөн кысым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Бирок эң чоң өзгөрүү Путин 2022-жылдын сентябрь айында өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялап, согушка дагы 300 миң адамды тартууга буйрук бергенде болду. Анда согушка тартуу ишин олчойгон акчаны убада кылган ортомчулар аткара баштады.

Жыйынтыгында армияда аскерлер ортосунда жаш курак боюнча чоң өзгөрүү болгонун Массикот өз интервьюсунда билдирди.

2022-жылдан кийин аскерлердин катарында 50 жана андан улуулардын саны көбөйгөнү ачыкталган маалымат базасында да чагылдырылган.

Аналитиктин айтымында, бул акчага жаштарга караганда улуу курактагы адамдар көбүрөөк азгырылганын көрсөтөт.

Маалымат базасы аскерлер алган жаракаттар дээрлик эки жылда өзгөрбөгүн көрсөтөт. Дара Массикот Орусияда согуш талаасында жарадар болгон аскерлерди дарылоо, аларды эвакуация кылуу боюнча иш өзгөрүүсүз экенин белгиледи.

Лондондо жайгашкан Royal Service аналитикалык борборунун маалыматында Украинага кол салган орус күчтөрүнүн жалпы саны 2022-жылдын февраль айында 180 миңден 500 миңге жеткен.

"Карнеги" фондунун улук илимий кызматкери Дара Массикот:

"Бул сандын туруктуу болуп жатканы алар чабуулдабы, коргонуудабы, эч кандай өзгөрүү жок экенин көрсөтүп жатат. Бул жарадарларды эвакуациялоо жакшыра электигин көрсөтүп турат. Ал эми минадан, артиллериядан же учкучсуз учактардан жараат алган же бир мүчөсүн жоготкон балдар тирүү калышпайт. Алар такыр эч нерсе кыла алышпайт".

RFE/RL менен интервьюда Жиляев орусиялык эвакуациялык протоколдору согуштун жүрүшүндө жакшырбаганын билдирди. Ошол эле учурда эки тарап тең жараат алгандарды эвакуациялоого аракет кылган медициналык топторду бутага алуу боюнча бири-бирин айыптоодо.

Жиляевдин айтканына караганда, жараат алган жоокерлерди эвакуациялоодо кыйынчылыктар көп анткени медициналык эвакуациялык топторду бутага алуу ар бир тарап үчүн чоң көйгөйгө айланган. Эгер аскер жараат алса, ага чукул жардам көрсөтүү жана госпиталга жеткирүү мүмкүнчүлүгү төмөн.

"Ошондуктан жеңил жараат алган жоокерлер ооруканаларга өздөрү талаадан чыгып, жете алды", - деди Жиляев.

Орус аскерлерин канчалык көп ооруканага жаткырышат?

Орусия Украинаны басып киргенине беш ай болгондо Киев Батыштан HIMARS деген аталыш менен белгилүү жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системаларды ала баштаган.

АКШ тарабынан берилген HIMARS ракета аткычтары Орусиянын баскынчылыгынын биринчи жылында Украина үчүн өтө маанилүү болгон.
АКШ тарабынан берилген HIMARS ракета аткычтары Орусиянын баскынчылыгынын биринчи жылында Украина үчүн өтө маанилүү болгон.

АКШ тарабынан берилген мобилдик көп учуруучу ракета системасы түрүнө жараша ар кандай диапазондогу так башкарылуучу ракеталарды аткылайт. Украина да ушундай эле М270 деп аталган ракеталык системаны алган.

Батыштык жана украиналык эксперттердин айтымында, бул курал-жарактар согуш талаасына ачык таасир эткен. Ошондо Зеленский бул согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатышканын айтты.

2022-жылдын аягында жарадар болгон улук офицерлердин саны азайып баратканы маалымат базасында чагылдырылган.

Ошол эле учурда, жарадар болгон лейтенант сыяктуу төмөнкү даражадагы офицерлердин пайызы салыштырмалуу өзгөрүүсүз калды. Муну Масикот Америка Кошмо Штаттарынан айырмаланып, Орусия алдыңкы катарда төмөнкү кызматтардагы аскерлерди жөнөткөнү менен байланыштырат. Армия төмөнкү даражадагы сержанттардан түзүлөт. Натыйжада, анын айтымында, андай катардагы аскерлер эвакуацияланып, госпиталга жатуу ордуна согуш талаасында алган жараатынан каза болушу ыктымал.

"Менин оюмча, аларды жөн эле өлүмгө түртүп жатышат. Алар ушунчалык алыс болгондуктан,согуш талаасында өлүп, [ооруканаларга] жетпей калышты", - деди ал. "Бул менин интерпретациям, түшүндүрүүнүн башка жолу жок."

Жарадар жоокерлер кайра согушка жөнөтүлөбү?

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, жарааттардын оордугу жана медициналык кызматкерлер тарабынан жазылган жаракаттар. 2200дөн ашык адам "оор", 58 600дөн ашууну “орточо” жана 80 200дөн ашууну “жеңил” жаракат алган.

Жеринде аскердик бөлүктөрдү кармоо аракеттеринин алкагында орус командирлери жарадар аскерлерди тез арада ошол жерде жайгаштырууга артыкчылык беришүүдө. Бул чоң жоготууларга карабастан, Орусиянын болжол менен 1100 чарчы километрдик фронт сызыгында украин күчтөрүн талкалоо мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө жардам берди.

2022-жылдын декабрында согуш башталганына 10 ай болгондон кийин, Аскердик медицина бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Тришкин бардык жарадар жоокерлердин 97 пайызы акыры кайра согуш талаасына жөнөтүлгөнүн айтты.

"Бул көрсөткүч апыртылган", - дейт Жиляев. Анын айтымында: "Эгерде адам медициналык бөлүмгө убагында жеткирилсе, анда ал аман калышы толук ыктымал".

"Ошол эле учурда маалымат базасында 3200дөн ашуун учурда ампутация жоокердин согушка кайтып келишине тоскоолдук кылган жалгыз жараат категориясы болуп саналат", - деди Жиляев. Маалымат базасында аскерлер арасында манжасы, буту же колунан ажырагандар көп.

27-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 433-полкунда кызмат өтөгөн 19 жаштагы катардагы жоокер Владимир Гольский 2024-жылдын апрель айында сол бутунан ажырап, ооруканага жаткырылганы маалымат базасында белгиленет.

Жети айдан кийин ал Одноклассники социалдык тармагындагы аккаунтуна жайгаштырган сүрөттө апасы: "Мен уулумду күттүм", — деп жазган.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Жиляевдин айтымында, жер-жерлерде аскердик медиктер жарааттын оордугун так жазышса, ири ооруканалардагы жана ушул сыяктуу мекемелердин медицина кызматкерлери документтеринде жарааттарды жеңилирээк көрсөтүшкөн.Бул көп аскерлердин согушка кайра кайтып барышын камсыздап, ошондой эле жараат алгандардын оордугуна жараша берилген камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтууга жардам берет.

Ал маалымат базасы дайыма аскер командирлерине жашыруун электрондук почта аркылуу персоналды көзөмөлдөө үчүн жөнөтүлүп турарын айтты.

"Эмне үчүн аны кайра армияга жөнөтүшөт? Анткени дайынсыздар көп. Жаракт алган адам дарылангандан кийин кайра из жашырып кетиши мүмкүн".

Макаланын авторлору: Марк Крутов, Майк Экель, Сергей Добрынин, Иван Гуттерман, Войтек Гройец, Карл Шрек, Лукас Жалалис
Макалага "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун кабарчылары Карл Шрек жана Риин Альяс бул отчетко салым кошушту.
Которгон: Айгерим Акылбекова
XS
SM
MD
LG