Дүйнөдөгү мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV 88 жашында көз жумду. Ал түптөгөн фонд 4-февралда билдиргендей, филантроп Португалияда үй-бүлөсү тегеректеп турганда үзүлгөн.
Президент Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуш кылып, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бул планды палестиндер жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөр сындаса, израилдиктер "тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт" деп үмүттөнүшөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады. Украин бийлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек. 4-февралда Трамптын Украинага сейрек кездешүүчү металлдардын ордуна жардам берүү сунушуна Кремль реакция жасады.
Орус армиясынын Харьков облусунун Изюм шаарына жасаган соккусунан беш адам набыт болду, 30дан ашык адам жаракат алды. Өткөн түнү Орус армиясы кайрадан Киевди дрондор менен бутага алды. АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады.
Канада, Мексика жана Кытай АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган жаңы тарифтерге жооп кайтарууга убада берди. Трамп мындай тарифтер Европа Биримдигине, Британияга да киргизилиши мүмкүндүгүн ишарат кылды. Трамптын бул чечимдери "тарифтер согушуна" алып келеби?
Трамптын чечими менен Канададан жана Мексикадан импорттолгон бир топ товарга 25% бажы тарифтери киргизилди. Мындан тышкары Кытайдан АКШга ташылган товарга да буга чейинки тарифтердин үстүнө дагы 10% бажы алымы кошулду.
Дем алыш күндөрү Украинанын бир нече аймагы жана Орусиянын Курск облусу кандуу аба соккуларына туш болду. Бул чабуулдар үч жылга чукулдап бараткан согушту токтотуу боюнча талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди.
Орусиянын армиясы фронтто Покровск багытында чабуулдарын күчөттү. Орус күчтөрү Донецк облусундагы маанилүү байланыш борбору деп саналган шаарды жарым жылдан бери өз карамагына алуу аракетин көрүп келет. Ал арада Украинанын Одесса облусу дрон чабуулуна кабылды.
30-январда Газада АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган 8 кишини бошотту. Ок атууну токтотуу келишиминин шарттарына ылайык, ошол эле күнү Израилдин абактарынан 110 палестин чыгарылмак.
30-январга караган түнкү Вашингтондогу авиакырсыкта 67 киши набыт болгону расмий айтылды. Рейган аэропортуна учуп бараткан American Airlines компаниясынын учагындагы 60 жүргүнчү, эпипаждын төрт мүчөсү, ал эми тик учактагы үч аскер кызматкери болгон. Соңку маалымат боюнча 30 кишинин сөөгү табылды.
Орусиянын кеминде тогуз облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды. Бир мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды. Путин Зеленскийди “легитимсиз” деп атап, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. Зеленский Путинди “күчтүү жетекчилерден, сүйлөшүүлөрдөн коркуп жатат” деп айыптады.
Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Дагы жүктөңүз