Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алдында көзү азиздерге чуркоо менен таякча алууга каражат топтогусу келет.
Жакында Улуттук кардиология жана трансплантология борборунун ревмотология бөлүмүндө тутумдашкан кызыл жүгүрүк (системная красная волчанка) илдетинен жабыркаган 32 жаштагы бейтап ооруканада каза болду.
Аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин физиологиялык эле эмес психологиялык жактан да жабыркаган учурлар көп кездешет. Соңку жылдары өз жанын кыйган жаш энелер катталууда.
Лейлекте райондук ооруканалардын базасында алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды.
Өсүмдүктөрдүн гүлү аарылардын үнүн угат. Туздуу кыртышта өскөн чөптөн биоотун жасалды. Бактылуулук абанын сапатына көз каранды. Узун өмүрдүн гени мураска берилет.
Жакынкы жылдары оору-сыркоолордун көбү дары-дармекти тоготпой, жөнөкөй операциялар жана учурда жеңил деп саналган илдеттер чоң коркунучка айланышы ыктымал. Мындай кооптонуудан улам Британия антибиотиктерди тоготпогон инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн беш жылдык планын жарыялады.
Кыргызстандын Азия кубогундагы сапары уланууда. Биздин кийинки атаандаш - үй ээлери, Бириккен Араб Эмираттары. Алдыдагы талдоодо эки команданын ойноо тактикасын, Кыргызстандын утуу мүмкүнчүлүгү канчалык экенин байкадык.
Кыргызстандын калкы кандай азыктанууда? Эмнеге экологиялык таза тамак-аш турса, кыргызстандыктар туура эмес азыктангандардын сап башына чыкты? Бул акыбалдан чыгыш үчүн кандай радикалдуу кадамдар зарыл?
Кара-Суу районундагы ооруканага баласына кызамык жуккан элүүдөн ашык ата-эне кайрылды.
“Чылымсыз балдар” эл аралык фонду социалдык тармактардагы чылымдын жарнамалары тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Алар социалдык тармактардын кыргызстандык колдонуучуларын да байкоого алышкан. Фонддун өкүлү Кэролайн Рензулли менен кабарчыбыз маектешкен.
XII кылымда эле жапониялык жана кытайлык дарыгерлер көк чай адамдын саламаттыгына өтө пайдалуу экенин жазып чыгышкан. Азыр көк чайдын миңдеген түрү чыгып жатат. Бирок америкалык окумуштуулар бул чайды ичкендердин 13 гана пайызы азырынча аны тандап жатканын аныкташты.
Борбор Азия өлкөлөрүнө байланыштуу айрым жаңылыктар.