Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Орусияда 30дан ашык мигрант Көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганын билдирди


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда ондогон мигранттар Көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганына даттанышууда. Бул тууралуу "Агентство" долбооруна укук коргоочу Валентина Чупик билдирген.

Аталган реестр 5-февралда ишке кирген. Укук коргоочунун айтымында, эки күн ичинде ага 31 адам кайрылган. Алардын 13ү кыргызстандык, сегизи тажикстандык жана жетөө өзбекстандык мигранттар. Андан тышкары Армения, Азербайжан жана Түркмөнстандын жарандары кайрылган.

Алардын көбү реестерге кирип калганын банктардын маалымдамасынан билгенин айтышкан. Baza Телеграм-каналы бул тизмеге кирген жүздөгөн чет элдиктердин банк эсептери бөгөттөлгөнүн жазды. Реестерге түшүп калган мигранттардын көбү Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн айтышкан. Мындан улам Чупик аларга банктардагы акчаларын чыгарып кетүүнү сунуштады.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Телеграм-канал аркылуу реестр иштей баштаган бир сутканын ичинде бийлик 60 миңдей мигрантты текшерип, анын жыйынтыгында жети миңи "кара тизмеге" киргенин билдирди. Реестрдеги маалыматтар ар төрт саатта жаңыланып турат. Ага Орусиянын аймагына мыйзамсыз киргендер же эрежелерди бузгандар киргизилет. Аларга никесин каттоодон өткөрүүгө, баласын мектепке же бакчага киргизүүгө, машине айдоого тыюу салынат. Андан тышкары = банк карталарын да колдоно алышпайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG