Тажикстандагы түрмөдө чыккан тополоңдо өлтүрүлгөн Жамолиддин Хасановдун үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү суракка чакыртылды. Бул тууралуу "Настоящее время" телеканалына маркумдун Берлинде жашаган агасы Рахматулло Хасанов айтып берген. Анын сөзүнө караганда, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жашы жете элек балдарды дагы алып кетишкен. Азыр алардын кайда экени белгисиз.
"Мен райондук милициянын башчысына чалып, туугандарымды эмнеге алып кетишкенин сурадым. "Сен үчүн суракка алып жатабыз, сен тууралуу сурап жатабыз", - деп жооп берди. "Ата-энемди, бир туугандарымды суракка алгыла, бирок жашы жете элек балдарды эмнеге алып кеттиңер? Экинчи класстын окуучусунан эмнени сурайсыңар? Аларда эмне күнөө бар?" - деп сурасам, жетекчиликтен буйрук түшкөнүн айтты. Ушул күнгө чейин жакындарым инимдин сөөгүн алганы бара албай жатышат", - деди Хасанов.
3-февралда Тажикстандын Вахдат шаарындагы №3/2 абагында тополоң чыккан.
Соттолгон адамдардын тобу "колдо жасалган куралдар" менен түрмөнү кайтарган кызматкерлерге кол салганы айтылган. Үч соттолуучу өлтүрүлүп, калгандары кармалганы, абактын үч кызматкери жараат алганы расмий жарыяланган.
Жамолиддин Хасанов бул түрмөдө жазасын өтөп жаткандардын бири болчу.
Шерине