Орусиянын Ижевск шаардык соту былтыр Башкырстанда болгон митингдин катышуучуларын 4,5-5 жылга эркинен ажыратты. Idel.Реалии долбоору жазгандай, Данис Узянбаев, Азата Мирзин, Фатих Ахметшин жана Венер Яубасаров төрт жарым жылдан, ал эми Вилюр Карачурин менен Айтуган Малабаев беш жылдан кесилди.
Маалыматты айыпталуучулардын айрымдарынын жакындары да ырастады. Алардын баарына жапырт башаламандыкка катышуу, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу кинелер тагылган.
Адвокаттар алардын баарынын кичинекей балдары бардыгын, андан тышкары айрымдарынын жакындары Украинадагы согушка катышып жатканын эсепке алуу менен жумшартылган жаза берүүнү өтүнүшкөн. Соттолгондор доо арыз менен кайрылабы азырынча белгисиз.
Былтыр жыл башында Башкырстандын Баймак шаардык соту активист Фаил Алсыновду жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан деген кине менен төрт жылга кескен. Жаза прокурорлор сурагандан дагы катаал болуп калган. Өкүмгө Алсыновдун миңдеген тарапташтары нааразылыгын билдирип сот алдына чыгышкан. Ал жакта акциянын катышуучулары полиция өкүлдөрү менен кагылыша кетишкен. Баймактагы демонстрацияга байланыштуу ондогон адам жоопкерчиликке тартылган.
Шерине