Грузияда нааразылык акцияларына чыккандарга жазаны катаалдатууну караган мыйзамдар күчүнө кирди. Бул тууралуу 7-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын депутаттары киргизишкен. Документ шашылыш кабыл алынып, ага президент Михаил Кавелашвили кол койду.
Маалыматка караганда, мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, кызматтагы адамдардын аброюн түшүргөн сөздөрдү айткандар 45 суткага камалат же 1400 долларга чейин айып пулга жыгылат.
Андан тышкары полицияга баш ийбегендердин, аларды коркутуп-үркүткөндөрдү жана тартип коргоочуларга кол салгандардын абак мөөнөтү узартылды. Ошондой эле зомбулукка чакыргандар да кесилет.
Митингчилерге кан жолдорду, темир жолдорду, көпүрөлөрдү торогонго болбойт. Полиция тыюу салган акцияларга катышкандарга жаза каралат. Полицияга баш ийбегендерге, митингдин эрежелерин сактабагандарга, административдик имараттарды тосуп алгандарга, митингде беткап колдонгондорго айып пул көбөйтүлөт жана эркинен ажыратуу мөөнөтү узартылат.
Грузияда нааразылык акциялары былтыр 28-ноябрдан бери дээрлик токтобой келет. Анын башталышына бийликтин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү үч жылга токтото туруу боюнча чечими себеп болгон. Оппозициянын жана жарандык активисттер бийликтеги партия Грузиянын Батышка карай алган багытын өзгөртүп, аны кайра Орусиянын канатынын алдына кайтаргысы келет деп сындашат.
Демонстранттар жаңы парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн, Грузиянын Евробиримдикке кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жанданышын жана митингдерге камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат. Нааразылык акциялардын алгачкы күндөрүндө полиция демонстранттарды күч менен таркатууга аракет кылып, жүздөгөн адамды кармап кеткен.
Шерине