Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

7-февраль: Жаңы гимнге сынак жарыяланды, Башкырстанда алты митингчи абакка кесилди


Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда адамдар оң колун жүрөктүн тушуна коюшат.
Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда адамдар оң колун жүрөктүн тушуна коюшат.

7-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Министр Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты. Министрдин интервьюсу ИИМдин расмий сайтына жарыяланды. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге берилген.

Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыялады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыялады. Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орунга 250 миң сомдон каражат тапшырылат. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Улуттук онкология борборунун үч кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы (А.Т.) ушул эле бөлүмдүн дарыгери (А.Х.) жана улук медайым (К.А.) кармалганын билдирди. Аларга дары-дармектерди системалуу түрдө эсептен чыгарып, онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатып турган деген айып тагылды. Январь айынын аягында эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан акча алып турган деген айып менен кармалган. УКМКга дарыгерге каршы бейтаптар арыз менен кайрылган.

Бишкекте кыз ала качууга шек саналып эки адам кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы борбордо эки адам кыз ала качууга шек саналып кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, 5-февралда 23 жаштагы кыз аны эки киши ала качууга аракет кылып, каршылык көрсөткөндөн кийин машинеден түшүрүп качып кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Келлог: АКШ согушту токтотуу үчүн Орусияга каршы санкцияны күчөтүүгө даяр

Дональд Трамптын администрациясы Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу The New York Post басылмасына курган маегинде АКШ президентинин Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог билдирди. Ал ошондой эле Киев да, Москва да эпке келүүгө аргасыз болорун кошумчалады. "Санкцияларды чындап күчөтсө болот, өзгөчө соңку санкцияларды (ред.: мунай өндүрүүнү жана экспорттоону чектөө)", - деди ал. Келлогдун айтымында, Трамп согушту токтотуу үчүн "комплекстүү чараларды көрүүгө" аракеттенип жатат. Трамп 20-январда ант берип, кызматка киришкен соң жакынкы алты айда же андан аз убакытта бул маселени чечүүгө ниеттенип жатканы кабарланган. Кремль соңку күндөрү бул багытта АКШ менен байланыш күчөгөнүн маалымдаган.

Орусияда ондогон мигрант көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганын билдирди

Бул тууралуу "Агентство" долбооруна укук коргоочу Валентина Чупик билдирген. Аталган реестр 5-февралда ишке кирген. Укук коргоочунун айтымында, эки күн ичинде ага 31 адам кайрылган. Алардын 13ү кыргызстандык, сегизи тажикстандык жана жетөө өзбекстандык мигранттар. Андан тышкары Армения, Азербайжан жана Түркмөнстандын жарандары кайрылган. Baza Телеграм-каналы бул тизмеге кирген жүздөгөн чет элдиктердин банк эсептери бөгөттөлгөнүн жазды. Реестерге түшүп калган мигранттардын көбү Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн айтышкан. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк реестр иштей баштаган бир суткадан бери бийлик 60 миңдей мигрантты текшерип, 7 миңи "кара тизмеге" киргенин билдирди.

Башкырстандагы митингдерге катышкан алты адам эркинен ажыратылды

Орусиянын Ижевск шаардык соту былтыр Башкырстанда болгон митингдин катышуучуларын 4,5-5 жылга эркинен ажыратты. Idel.Реалии долбоору жазгандай, Данис Узянбаев, Азата Мирзин, Фатих Ахметшин жана Венер Яубасаров төрт жарым жылдан, ал эми Вилюр Карачурин менен Айтуган Малабаев беш жылдан кесилди. Маалыматты айыпталуучулардын айрымдарынын жакындары да ырастады. Алардын баарына жапырт башаламандыкка катышуу, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу кинелер тагылган. Соттолгондор доо арыз менен кайрылабы азырынча белгисиз. Былтыр жыл башында Башкырстандын Баймак шаардык соту активист Фаил Алсыновду жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан деген кине менен төрт жылга кескен. Баймактагы демонстрацияга байланыштуу ондогон адам жоопкерчиликке тартылган.

Украин армиясы Торецк шаары үчүн кармаш уланып жатканын билдирди

Соңку суткада орус армиясы сегиз жолу чабуул койгон. Орусиянын Коргоо министрлиги 7-февралда Украинанын чыгышындагы стратегиялык деп саналган Торецк шаарын өз карамагына алганын билдирген. Согушка байкоо жүргүзүп келген DeepState долбоору министрликтин бул маалыматын четке кагып, калаанын ичинде салгылаштар уланып жатканын жазды. "Украинанын коргонуу күчтөрү Торецкиде коргонуу операцияларын улантууда. Кармаштар Забалка кичи районунда жана түндүк, батыш тарапта жүрүп жатат. Калаанын борбору толук душмандын (орус армиясынын) көзөмөлүндө", - деп маалымдалат долбоор тараткан билдирүүдө. Согушка чейин 30 миңдей киши жашаган калааны Орусия Дзержинск деп атап келет. Торецк үчүн айыгышкан салгылаш бир нече айдан бери уланып жатат.

Өзбекстанда үч айдан ашуун чет жакта жүргөн жарандардын пенсиясы токтотулат

Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигине караштуу Пенсия фондунун маалымат кызматы билдирди. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия жашындагы жаран иштесе, түрмөгө кесилсе, издөөгө алынса, карылар үйүндө турса жана башка бир катар шарттарда пенсия берүү токтотулат. "Өзбекстанга кайтып келгенден кийин пенсия кайра төлөнө баштайт. Жаран чет жакта жүргөн маалда албай калган пенсиясын ала алат. Болгону 24 айдын ичинде кайрылыш керек", - деп жазылган расмий билдирүүдө. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия жашындагы жаран иштесе, түрмөгө кесилсе, издөөгө алынса, карылар үйүндө турса жана башка бир катар шарттарда пенсия берүү токтотулат.

Шерине

XS
SM
MD
LG