"Көпчүлүк демократиялык өлкөлөр согуш учурунда да шайлоо өткөрөт. Менимче, бул маанилүү. Бул демократия үчүн жакшы нерсе. Чыныгы демократиянын өзгөчөлүгү – бир эле адам эмес, бир нече талапкердин катышуусу", - деди АКШнын президенти Дональд Трамптын куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча атайын өкүлү Кит Келлог 1-февралда Reuters агенттигине курган маегинде.
Анын мындай билдирүүсү Украинадагы талылуу саясий маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.
Учурда АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо аракетин күчөтүп, ал эми Кремль Украинанын президенти Владимир Зеленскийди мыйзамсыз деп көрсөтүүгө умтулууда.
Трамп шайлоо алдындагы кампаниясында согушка кызматка киришери менен чекит коерун айткан, бирок муну кантип ишке ашырарын тактаган эмес. Болгону, Киев менен Москваны мунасага келтирүү үчүн "таяк жана токоч" ыкмасын колдонорун гана кыйыткан.
Сан-Диего мамлекеттик университетинин Орусия жана Украина боюнча адиси Михаил Алексеевдин пикиринде, Трамптын администрациясы шайлоо маселесин сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү максатында көтөргөн болушу мүмкүн.
Алексеев бул маселе Орусиянын кызыкчылыгына иштеп кетиши мүмкүн экенин айтып, аны “Кремлдин саясий тузагы” деп мүнөздөдү.
Орусиянын президенти Владимир Путин бир нече жолу Москва сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Муну, көптөгөн эксперттердин эсебинде, Кремль убакыттан утуп, Украинадагы позициясын бекемдөө үчүн пайдаланууда.
"Эгер Путин АКШ администрациясынын убактысын дагы бир нече айга созо алса, анда ал фронтто көбүрөөк ийгиликке жетише алат", – деди Алексеев.
Путин Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аякташы керек болчу деген жүйө менен аны мыйзамсыз деп эсептей турганын жана ал кандайдыр бир келишимдерге кол коюуга укугу жок экенин бир нече ирет кайталаган.
Анткен менен Украинанын Конституциясы аскердик абал учурунда шайлоо өткөрүүгө тыюу салат. Зеленский бул режимди 2022-жылдын февралында Орусия кеңири масштабдуу согуш ачканда киргизген жана анын мөөнөтү ошондон бери узартылып келет.
Ошентсе да шайлоо маселеси 2023-жылдан бери Украинада талкууланып, ал Батыштын басымы жана Орусиянын пропагандасы менен коштолду.
2023-жылдын май айында АКШнын сенатору, Трамптын тарапташы Линдси Грэм Киевге барып, Зеленскийди шайлоону убагында өткөрүүгө үндөгөн. Ал маалда Конгрессте республикачылар Киевге кезектеги каржылык жардам бөлүүгө бир нече ай каршылык билдирип турушкан эле. Америкалык жардамдын кечеңдеши АКШнын куралына ишенген украин армиясынын согуш талаасындагы турумдарын бир топ алсыратып койгон.
Ал кезде көптөгөн украин саясатчылары, анын ичинде оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү согуш маалында шайлоо өткөрүүгө каршы чыгышкан. Алар бул процесс коомду бөлүп-жарып, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурарын жүйө келтиришкен.
Эгер Украина согуш маалында же ок атышпоо келишиминен кийин шайлоо өткөрүүгө аракет кылса, көптөгөн маселелер жаралышы мүмкүн. Маселен, алты миллиондон ашуун адам өлкөдөн чыгып кеткен, төрт миллионго жакыны ички качкынга айланган, бир миллионго жакын жоокер фронтто. Булардын добуш берүүсүн камсыздоо, албетте, чоң кыйынчылык жаратат.
Владимир Зеленский 4-февралда британ журналисти Пирс Морган менен маегинде ушул маселелерге көңүл бурду.
“Окоптогу аскерлер кантип добуш беришет? Оккупацияланган аймакта жашагандарчы? Миллиондогон адамдар кантип добуш беришет? Алардын ою же кимди тандары бизди кызыктырбай калды беле?”, - деп суроо салган Зеленский ошондой эле согуштан улам чет жакка качууга аргасыз болгон украиналыктарды да унутпаш керек экенин кошумчалады.
2023-жылдын сентябрь айында жарандык коомдун 100дөй тобу кол койгон билдирүүдө “Шайлоо жана кеңири масштабдуу согуш бири-бири менен айкалышпайт. Бул демилге кыйла кооптуу жана жараяндын өзүнүн дагы, шайлоо органдарынын дагы легитимдүүлүгүн жок кылууга алып барат. Алтургай мамлекеттин туруктуулугун олку-солку кылышы мүмкүн” деп жазылган.
Ал эми быйыл 2-январда улуттук телеканалга курган маегинде Зеленский сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында согуштун “активдүү фазасына” чекит коюлса, аскердик режим жоюлуп, 2025-жылы дагы шайлоо өткөрүү мүмкүн болорун белгилеген.
Ушундай эле пикирин ал Морганга курган маегинде да кайталады.
"Албетте, активдүү фазасы аяктаса, согуш да аяктайт. Аскердик абал алынганда, шайлоо сөзсүз өтөт. Бул зарыл нерсе. Анткени биз демократияны, анын негиздерин коргойбуз. Бирок түшүнүп койгула, биз аскердик абалды азыр алсак, Путиндин каалоосу орундалат. Бул биздин армиянын басымдуу бөлүгү үйүнө кайтат дегенди билдирет. Аскердик абал алынса, алар, албетте, үй-бүлөлөрүнө кайтат. Анда бизди ким коргойт?”, - деди Зеленский.
Келлогдун билдирүүсүнөн кийин Зеленскийдин жардамчысы Reuters агенттигине "эгер анын планы ок атышууну токтотуп, шайлоо өткөрүү гана болсо, анда ал ишке ашпайт – Путинди мындай нерселер менен коркутуу мүмкүн эмес" деп айтты.
Зеленскийдин жана анын өкмөтүнүн пикиринде, Украинанын коопсуздугу боюнча олуттуу кепилдиктер гана ок атышууну токтотуу же тынчтык келишимине барууга шарт түзүшү мүмкүн.
Өткөн жумада Парижге барганда Украинанын мурдагы президенти, 2019-жылкы шайлоодо Зеленскийге утулуп калган Петро Порошенко согуш маалында шайлоо өткөрүүгө каршы экенин билдирди. Анын айтымында, мындай шайлоонун жалгыз "жеңүүчүсү" Путин болот.
Порошенконун кооптонуусун Вашингтондогу Уилсон борборунун изилдөөчүсү Сергей Жук дагы бөлүшөт. Ал Кремль шайлоо учурунда дезинформация таратуу менен Украинаны ичинен бөлүп-жарууга аракет кыларын эскертти.
"Орусия болгон жалган маалымат таратуу ыкмасын колдонуп, Зеленскийге каршы кампания уюштуруп, жеңип кетиши мүмкүн. Бул Грузиядагы контрреволюциянын экинчи версиясы болот".
Жуктун сөзүнө караганда, Путиндин Зеленскийге болгон душмандык мамилеси жеке кызыкчылыктарга барып такалат. Мындай мамиле куудул өз өлкөсүнүн башкы командачысы болуп, экинчи кубаттуу армия деп эсептелген орус армиясына каршы туруп, дүйнөдө сый-урматка татып, "эки күндүн ичинде Киевди басып алам" деген Кремлдин лидеринин аброюн түшүрүп койгондон тартып күчөгөн.
Зеленскийдин популярдуулугу 2022-жылы Украинанын армиясы чоң ийгиликтерге жеткенден кийин көтөрүлгөн. Бирок согуштун төртүнчү жылы башталып, Орусия өлкө чыгышында чабуул коюп турган шартта анын рейтинги төмөндөп жатат.
Жук менен Алексеев армиянын мурдагы башкы колбашчысы Валерий Залужный Зеленскийдин негизги атаандашы болушу мүмкүн деп эсептешет. Президент 2024-жылдын февралында аны кызматтан алган. Жергиликтүү маалымат каражаттары Зеленский Залужныйдын саясий амбицияларынан чочулагандыктан мындай кадамга барганын жазышкан. Алексеев Залужныйдын президент болушу Путин үчүн жеңиш болбой турганын кошумчалады.
“Бул Украинанын туруштук берүүсүн азайтпайт”, - деди ал.
Шерине