Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Хаменеи Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү тууралуу кепти "маанисиз" деп четке какты


Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи.
Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи.

Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Вашингтон менен Тегеран ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу кептерди четке какты.

"Реалдуулуктан алганда, Америка менен сүйлөшүүлөр өлкө маселелерин чечүүдө эч кандай жыйынтык бербейт", - деди Хаменеи 7-февралда Ирандын Аба-аскердик күчтөрүнүн офицерлерине жасаган жылдык кайрылуусунда.

Буга чейин иран бийлигинин расмий өкүлдөрү бир нече айдан бери Тегеран АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин кыйытып келишкен. Трамп Тегеран менен жаңы өзөктүк макулдашуу түзүүгө чакырып, Иран өзөктүк куралы жок маалда "тынч өнүгүп, өсүүсүн" кааларын айткан.

Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, 2018-жылы АКШ Иран жана дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Ал ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегерандан алынган санкцияларды кайра калыбына келтирген.

Хаменеи Трамптын дал ошол кадамын эске салып, "Америка менен сүйлөшүүлөр маанисиз" экенин айтты. Иран лидеринин мындай билдирүүсү социалдык тармактарда талкуу жаратты. Айрымдар белгилегендей, Хаменеинин бул сөздөрү АКШ менен сүйлөшүүлөр болбойт дегенди билдирет. Башкалар анын комментарийине көңүл бурбай эле койсо болорун белгилешти.

Шерине

XS
SM
MD
LG