Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Украин армиясы Торецк шаары үчүн кармаш уланып жатканын билдирди


Урандыга айланган Украинанын Торецк шаары.
Урандыга айланган Украинанын Торецк шаары.

Украин армиясынын Башкы штабы билдиргендей, Торецк шаары үчүн айыгышкан кармаш уланууда. Соңку суткада орус армиясы сегиз жолу чабуул койгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги 7-февралда Украинанын чыгышындагы стратегиялык деп саналган Торецк шаарын өз карамагына алганын билдирген. Согушка байкоо жүргүзүп келген DeepState долбоору министрликтин бул маалыматын четке кагып, калаанын ичинде салгылаштар уланып жатканын жазды.

"Украинанын коргонуу күчтөрү Торецкиде коргонуу операцияларын улантууда. Кармаштар Забалка кичи районунда жана түндүк, батыш тарапта жүрүп жатат. Калаанын борбору толук душмандын (орус армиясынын) көзөмөлүндө", - деп маалымдалат долбоор тараткан билдирүүдө.

Согушка чейин 30 миңдей киши жашаган калааны Орусия Дзержинск деп атап келет.

Торецк үчүн айыгышкан салгылаш бир нече айдан бери уланып жатат. Торецк дээрлик урандыларга айланып калган. Эгер аны орус армиясы өз карамагына алса, бул 2023-жылы Бахмутту алгандан берки алардын көзөмөлүнө өткөн эң чоң калктуу конуш болуп калат.

Аскердик аналитиктердин айтуусуна караганда, дөңсөөдө жайгашкан Торецк калаасынын орус күчтөрүнө өтүшү украин армиясынын логисткасын дагы кыйындатат.

Торецк шаарынын тургундарынын көбү чыгып кеткен. Калгандары соңку күндөрү эвакуацияланган.

Андан тышкары орус армиясы Покровск багытында чабуулдарын күчөтүп, соңку бир суткада 36 жолу чабуул койду. Ошондой эле Лиман багытында дагы 20дай кагылышуу катталганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Ал арада Британиянын чалгын кызматы билдиргендей, орус армиясы быйыл январь айында Украинанын 320 чарчы чакырым аймагын басып алды. Салыштырмалуу былтыр декабрда бул көрсөткүч 400 чарчы чакырымга жеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG