Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Өзбекстанда үч айдан ашуун чет жакта жүргөн жарандарга пенсиясын берүү токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда чет жакка чыгып кетип, үч айдын ичинде кайтып келбеген жарандарга пенсиясын берүү токтотулат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигине караштуу Пенсия фондунун маалымат кызматы билдирди.

"Өзбекстанга кайтып келгенден кийин пенсия кайра төлөнө баштайт. Жаран чет жакта жүргөн маалда албай калган пенсиясын ала алат. Болгону 24 айдын ичинде кайрылыш керек", - деп жазылган расмий билдирүүдө.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жаран ишке чыкса, түрмөгө кесилсе, издөөгө алынса, карылар үйүндө турса жана башка бир катар шарттарда пенсия берүү токтотулат.

2024-жылдын 1-сентябрынан баштап Өзбекстанда жаш курагы боюнча минималдуу пенсиянын көлөмү 834 миң сум же 65 АКШ долларын түзөт. Бул көрсөткүч Казакстанда 110 доллар болсо, Кыргызстанда 80 доллардай. Ал эми Тажикстанда минималдуу пенсиянын өлчөмү 18 долларга жетпейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG