АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жумада Ак үйдө Украина президенти Владимир Зеленский менен кайым айтышкан соң Киевге аскердик жардамды убактылуу токтото турууну чечти. Кремль бул чечимди кубаттады. Украинанын өкмөт башчысы АКШ менен алаканы сактап калууга дилгир экенин билдирди.
Украинада согуш башталганда Казакстандын бийлиги атайын каттамдарды уюштуруп, өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кеткен. Бирок Марат Дарменовдун үй-бүлөсү Украинада калып, согуштун каарын тарткан жергиликтүүлөргө тилектештик көрсөтүп келет.
Кыргызстанда мектепте 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. 4-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы билим берүү системасына өтүү тууралуу оюн өзгөрткөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ага чейин 12 жылдык окууга өтүү "туура эмес" деген оюн ортого салган.
Кыргызстанда соңку жылдары дары-дармек тартыштыгы байкалууда. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын айтууда.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 3-марттагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда бул макулдашылган варианты экени, талаш-талкуу жараткан айрым жоболор алып салынганы айтылды.
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор басма сөз жыйынын өткөрүп, президент Жапаровду парламентте кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырды. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтууда.
Соңку кездери өспүрүмдөр арасындагы зомбулук, суицид, балдардын психологиялык абалы кызуу талкуу жаратты. Билим берүүнү кандай реформалоо керек, ата-энелер менен мектептин байланышы кандай? Ушул маселелерди АКШда жашап жаткан журналист, Акыйкатчынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу менен талкууладык.
Февралдын этегинде АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган тажикстандык жаран "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук тобу менен байланышы бар деген айып менен кармалды. Cоңку жылдары кандуу калабаларды пландаган же ишке ашырган деп айыпталган борбор азиялыктардын "кара тизмеси" кеңейип бараткандай.
Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат. Ага чейин премьердин кеңсеси АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу убактылуу жарашууну алты жумага узартууга көнбөй койгонун билдирген.
Беш жылга кесилген акын жана журналист Азамат Ишенбеков катуу ооруп жаткан чоң апасынын жанында 40 мүнөт отуруп, кайра Петровкадагы абакка кайткан. 2-мартта узак оорудан кийин акындын чоң энеси Гүлира Абдраимакунова көз жумганы тууралуу кабар келди.
Орус адабиятынын классиги Александр Пушкиндин “Бекетчи” аңгемесин 1949-жылы Ташым Байжиев которуп кыргызча жарыялаган.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы Мамлекеттик коопсуздук кызматы) мурдагы жетекчиси Рустам Иноятов жана анын бир катар үй-бүлө мүчөлөрү "алтын паспорттор" программасынын алкагында Вануатунун жарандыгын алышкан.
Дагы жүктөңүз