Бул тууралуу 2022-2023-жыл үчүн Вануатунун жарандыгын алуу үчүн инвестиция салгандарды изилдеп чыккан Intelligence Online кабарлады.
"Алтын паспорттордун" кожоюндарын анализдеген журналисттер Иноятов менен анын Өзбекстанда жана Орусияда агробизнес, кыймылсыз мүлк жаатында алектенген уулу Шариф Иноятов Тынч океандагы арал мамлекеттердин биринин жарандыгын алганын таап чыгышты.
Өзбекстандагы таасирдүү фигура саналган Рустам Иноятов өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматын дээрлик 23 жыл башкарган.
Иноятовдун ишмердиги өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун доорунда (1995-2028-жж) башталып, ташы өйдө кулаган. УККнын төрагалыгынан кеткенден кийин ал укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишин координациялоо боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин жардамчысы болуп дайындалган. Бирок көп өтпөй бул кызматтан бошотулган.
"Алтын паспорт" алгандардын тизмесинде 1961 адам көрсөтүлгөн, алардын айрымдары Кытайдын жана Орусиянын жарандары. Арасынан санкцияга илинген миллиардерлерди, чалгын жана криминалдык түзүмдөргө тиешеси бар кишилерди көрүүгө болот.
Арал мамлекеттин жарандыгы өлкөгө 130 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция салгандарга берилет жана "алтын паспорт" дүйнөнүн 130 өлкөсүнө визасыз кирүүгө жол ачат.
Рустам Иноятов деген ким?
80 жаштагы Рустам Иноятов мурдагы президент Ислам Каримов өлгөндөн кийин өкмөттө узагыраак иштеген саналуу мамлекеттик ишмерлердин бири.
Ал жетектеген Улуттук коопсуздук кызматы күнү бүгүнкүгө чейин Өзбекстандын жабык жана кубаттуу түзүмү болуп саналат.
Рустам Иноятов УККнын төрагалык кызматынан кеткен күнү эртеси эле Олий Мажлистин Сенатынын мүчөсү болуп дайындалган. Сенатор болору менен ал автоматтык түрдө кол тийбестикке ээ болгон.
Ачык булактарда УККнын мурдагы жетекчиси Рустам Иноятовдун өмүр баяны тууралуу толук маалымат жок.
ЦентрАзия.ру сайтында жана Википедияда гана ал жөнүндө кыскача маалымат жазылган.
Рустам Расулович Иноятов 1944-жылы 22-июнда Сурхандарыя облусундагы Шерабад районунда, Пашхурт айылында туулган.
1968-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин иран филологиясы факультетин аяктаган. 1965-1967-жылдары окуу менен катар Ташкенттеги курулуш трестинде бетончу болуп иштеген.
Рустам Иноятов өзбек, фарсы, орус жана англис тилдерин билет.
Университетти бүткөндөн кийин советтик армиянын катарында кызмат кылган. Аскерде жүргөндө СССРдин КГБ кызматына өткөн. Өзбек ССРинин КГБсында ар кандай офицердик кызматтарды аркалаган.
Советтик армиянын Ооганстанга кириши менен КГБнын чалгын кызматында иштеген Иноятов 1976-жылдан тарта бул өлкөдөгү элчиликте дипломат катары жашыруун иштей баштаган жана бул кызматта 1981-жылга чейин турган.
Рустам Иноятов Өзбекстандын коопсуздук кызматынын төрагалыгына 1995-жылы 28-июнда дайындалган. Ага чейин бул кызматты аркалаган Гулям Алиевдин орун басары болуп бир топ жыл иштеген.
Айрым бир маалыматтарда Иноятов ошол кездеги президент Ислам Каримовдун көзүнө автоунааларды уурдоо менен шугулданган Шухратилла Насыровдун ("Домбрабаддык" Шухрат каймана аты бар кримавторитет-ред. ) уюшкан тобун кармоо учурунда илинген.
Иноятовдун кызмат даражасы жогорулап, 1996-жылы генерал-лейтенант, 1999-жылы Ташкенттеги жардыруудан кийин генерал-полковник болгон.
2003-жылы түрмөдө жаткан Зайниддин Аскаров аттуу адам Батыш өлкөлөрүнүн кабарчыларына Ташкенттеги жардырууну УКК кантип уюштуруп жана көзөмөлдөгөнүн ийне-жибине чейин айтып берген.
Ал Каримовго бул жардырууну өз бийлигин бекемдөө жана каршылаштарынын көзүн тазалоо үчүн керек болгонун айткан.
Бул окуядан кийин Өзбекстанда башкача ойлонгондорго жана диниятчыларга куугунтук башталган. Укук коргоочулардын маалыматында, миңдеген өзбекстандыктар темир тор артына кетип, жүздөгөнү коопсуздук кызматынын аңдуусунан улам чет өлкөгө качууга аргасыз болгон. Бул учурлардын баары эл аралык уюмдардын отчетторунда белгиленген.
Рустам Иноятов мындан тышкары 1999-жылдан 2020-жылдын март айына чейин Өзбекстандын теннис федерациясын жетектеген.
Мурдагы президент Ислам Каримовдун демилгеси менен 90-жылдары тенниске көп көңүл бурула баштаган.
Рустам Иноятов федерацияны жетектеп турганда Президенттин кубогу үчүн байге фондусу 500 миң долларлык эл аралык теннис турнири уюштурулган.
Расмий ырасталбаган маалыматка караганда, турнирдин байгесин криминалдык авторитеттер өз чөнтөгүнөн чыгарып турган. Бирок бул эл аралык мелдештер көпкө созулган эмес. "Өзбекстандын президентинин кубогу" теннис турнири азыр уюштурулбайт.
2018-жылы Эл аралык теннис федерациясы Рустам Иноятовго "Өзбекстандагы теннисти өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы жана тенниске берилгендиги" деген өзүнчө наам ыйгарган.
2020-жылы Иноятов Өзбекстандын теннис федерациясынын башчылыгынан кеткен. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы ал федерациянын ардактуу президенти бойдон кала берерин билдирген.
Иноятов "кара тизмеде"
2005-жылы 13-майда көз карандысыз Өзбекстандын тарыхында эң кайгылуу окуя катталган.
Расмий маалыматта Анжияндагы кагылышуу маалында 187 адам өлгөн, расмий эмес кабарларда миңге чейин өмүр кыйылганы айтылып келет. Айрымдар муну жапырт кыргын деп атап жүрүшөт.
Рустам Иноятов 2005-жылы Анжиян окуясынан кийин Евробиримдик өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынган жогору даражадагы сегиз өзбек чиновнигинин бири.
Иноятовдон тышкары Евробиримдиктин кара тизмесине ошол кездеги ички иштер министри Закир Алматов жана коргоо министри Кадыр Гулямов да кирген.
"Озодликтин" макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.
Шерине