Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

"Илдет күчөп, өпкөмө суу толду". Дарыга зар бейтаптар, ЕАЭБдин катаал талабы


Коллаж.
Коллаж.

Кыргызстанда соңку жылдары дары-дармек тартыштыгы байкалууда. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын айтууда.

Ал арада Соода-өнөр жай палатасы 2026-жылы Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына ылайык каттоодон өтпөсө, алты миңдей дары сатыкка чыкпай калышы мүмкүн экенин эскертти.

"Дары кечигип, өпкөмө суу толду"

Баракат беш жылдан бери эмчек безинин рак шишиги менен алышып келет. Үзгүлтүксүз ичкен дарысы акыркы айда келбей калып, өпкөсүнө суу толуп кеткенин айтып берди.

“Өткөн айда дары келбей калып, өпкөмө суу толуп, антибиотик ичкенге туура келди. Бейтаптар “Кыргызфармацияга” чыгып аттык. Эртең-бүгүн келет деп жатып бир ай өтүп кетти. Бирок оору дары келсин деп күтпөйт экен да. Ар бир 21 күндө дары алып ичип турам. Азыр беш эле даана дарым турат. Он күн эс алам, андан кийин кайра ичип башташым керек. Палбоциклиб анан летрозол ичем. Мамлекет бул дарыларды эки эле жолу берген. Азыр өзүм сатып алам. Экөө бириккенде 14-15 миң сомго чейин барат. Дары-дармек алганга тууган-туушкандар, кээде ракка чалдыккан адамдарга колдоо көрсөткөн фонддор жардам берет. Дары аябай керек болгондо насыя ала берип, карызым да көбөйүп кетти. 2019-жылы эмчегимде залалдуу шишик табылган. Метастаза жамбаш сөөгүмө, жатынга чаап, операция болгом. Азыр сол өпкөм анан бөйрөгүм ооруп жатат. УЗИге, томографияга түшкөнгө эле 5 миң сомдой кетет. Иштебейм, пенсиям болгону 6700 сом”, - деди Баракат.

Кыргызстанда кант диабети, гепатит, онкология ж.б. бир катар илдетке чалдыккандар айрым дарыларды мамлекеттен акысыз алат.

Анипа Надирова.
Анипа Надирова.

“Гепатит менен күрөшүү” коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова аймактарда ошол дарылар да жетишсиз болуп жатканын айтты:

“Бизде гепатиттин дарылары толук берилбейт. Эки ай берсе, төрт ай сатып аласың. Мисалы, Жалал-Абадда бейтаптар өздөрү сатып алып жатат. Өз укугун билгендерге же абалы оорлорго эле айла жоктон берип жатышат. Гепатиттин В түрү менен ооругандарга мамлекет энтекавир, тенофовир, софосбувир берет. Энтекавирди айрым дарыканалардан 2 700 сомдон алса болот. Софосбувир Индияныкы, 18 000 сом турат. Батыштыкы андан да кымбат. Бирок ошол дарыны да Индияга бейтап алып баргандар же капчыктуу адамдар алып келет. Азыр гепатиттин D түрүнөн жабыркагандарга интерферон жазышат. Ал баарына эле жардам бербейт экен. Ошол себептүү бейтаптар сыноодон толук өтө элек дарыларды деле киргизип берүүнү суранууда. Мисалы мирклудекс деген дарынын баасы 1 200 доллар турат, аны мамлекет алып бере албайт да”.

Дарыны ооруканалар өзү алабы?

Мамлекеттик "Кыргызфармация" ишканасы дары-дармек тартыштыгына байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жазуу жүзүндө жооп берди.

"Бул көйгөй “Кыргызфармациянын” өзүнө гана байланыштуу эмес. Дары-дармектин жеткирилишинин кечеңдеши ооруканалардын өз убагында буюртма бербей жатканынан улам келип чыгууда. Мисалы, (ФВТ) боюнча тизме 2025-жылдын 19-февралында гана берилген, бул сатып алуу процессин кыйла татаалдаштырган. Бирок “Кыргызфармация” дарыларды тез арада жеткирүү үчүн өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындан тышкары, ишкана дары-дармекти резерв менен сатып алып, үч айлык запас түзүүнү көздөйт, бул өзгөчө кырдаалдарда да бейтаптарды дары менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Гепатит менен ооруган бейтаптардын көйгөйү да тез арада жөнгө салынат, анткени 2025-жылдын жазына чейин дарылар жеткирилет деп пландаштырып жатабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Анткен менен саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өткөн жумада парламентте сүйлөп жатып "Кыргызфармациянын" иши жөнгө салынганча ооруканаларга дары-дармекти өздөрү сатып алууга уруксат берилерин айтты:

Эркин Чечейбаев.
Эркин Чечейбаев.

“Чындап эле азыр кайсы бир дарылар тартыш болууда. “Кыргызфармациянын” ишин бир нукка салмайынча, айрым ооруканалардагы кем-карчты жарым-жартылай болсо да толуктоо үчүн мекемелерге дары сатып алууга уруксат берип жатабыз. Азыр ооруканада жок, өтө керектүү дары-дармектин жалпы тизмесин түзүп жатабыз жана бейтаптар кыйналбашы үчүн мекеменин өзүнө сатып алууга уруксат беребиз”, - деди министр.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда ооруканалар “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөнгө чейин дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

2023-жылдан тарта мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен камсыз кылуу милдети “Кыргызфармацияга" жүктөлгөн.

Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетерге жакын дары тартыштыгын жоюу үчүн бул ишканага 3,5 миллиард сом керек экенин айткан.

"Кыргызфармация" кагаз жүзүндө жиберген жообунда бул сумма чет элдик өндүрүүчүлөргө алдын ала төлөм жүргүзүү үчүн зарыл экенине токтолгон.

"Чоң көлөмдөгү дары-дармектерди сатып алууда чет элдик өндүрүүчүлөргө алдын ала төлөм жүргүзүү үчүн зарыл. Анткени алардын көбү 50-100% алдын ала төлөм менен иштешет. Учурда ишкананын бюджетинде 795 миллион сом бар, бирок бул каражат менен да “Кыргызфармация” кырдаалды жөнгө салууда мыкты натыйжаларды көрсөтүп жатат деп айтууга толук негиз бар. Каражат маселеси толук чечиле элек болсо да ишкана Минфинден ссуда сурап, ФОМС жана ооруканалар менен биргеликте аванс төлөмдөрүн уюштуруунун үстүндө иштеп жатат. Жаңы министрдин колдоосу менен бул көйгөй жакынкы арада чечилет деген үмүт бар, анткени маселе деталдуу изилденип, чечимдер иштелип чыгууда", - деп жазылган ишкана жиберген билдирүүдө.

ЕАЭБдин талабы тартыштык жараттыбы?

Дары-дармекке байланыштуу маселе соңку айларда Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлдү.

Парламенттин 27-февралда өткөн жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева каттоо көйгөйү дары алып келүүгө тоскоол болуп жатканын айтты:

"Дарынын жоктугу көйгөй эмес. Көйгөй аларды алып келүүгө мүмкүн болбой жатканда. Кыргыз Республикасына алынып келген бардык дарылар каттоодон өтүшү керек. Бирок азыр каттоо системасында көйгөй болуп жаткандыктан кыйынчылыктар жаралууда. Улуттук стандарттар боюнча биз азыр каттай албайбыз. ЕАЭБдин стандарттары боюнча каттоо кыйын. Керектүү дарылардын саны азыр азайып жатат. Ири өндүрүүчүлөр рынок кичине болгону үчүн каттоодон өтүшпөйт. Биз республика аймагында катталган гана дарыны алып келе алабыз. Ошон үчүн тартыштык пайда болууда”, - деди депутат.

20-февралда Соода-өнөр жай палатасы фармацевтика жаатында иштегендерге жолугуп, Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына ылайык каттоодон өтпөсө, 2026-жылы алты миңдей дары сатыкка чыкпай калышы мүмкүн экенин эскерткен.

Андан кийин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттарды жана медициналык жабдыктарды каттоо департаменти каттоо мөөнөтү узартыла турганын билдирген.

Аталган мекеменин бөлүм башчысы Мирбек Нышанбаев буга байланыштуу мындай маалымат берди.

“2016-жылы кабыл алынган эрежеге ылайык, дары-дармекти каттоо мөөнөтү жыл сайын узартылып турат. Акыркы жолу 2024-жылдын акырына чейин убакыт берилген. Азыркы учурда улуттук каттоо мөөнөтү аяктады. Ушул жерден айта кетейин, улуттук каттоо процедурасын дагы үч жылга узартуу жакында каралат. Эксперттик кеңештен, жыйындан, коомдук талкуудан өтүп, эми бекитүү жагы калды. ЕАЭБ талаптары улуттук каттоо талабынан катаалыраак. Ушул үч жылда 6 миңдей дары-дармек ЕАЭБдин талабына шайкеш келиши керек. Ушул аралыкта жетишпей калгандарга ЕАЭБ талаптарына ылайык дары-дармектерди каттатууга дагы эки жыл берилет. Мунун баары кырдаалды жакшыртуу, сапаттуу дары жеткиликтүү болушу үчүн жасалууда. Алты миңдей дары-дармекке биз процедура учурунда каттоо күбөлүгүн беш жылга беребиз. Беш жыл ичинде дары-дармектердин каттоо күбөлүгү болот жана өлкөгө алып келинет. Андан тышкары алып келинген ар бир дарынын сериясы лабораториялык изилдөөдөн өтүп турат. Учурда 6 миңдей дары-дармектин ичинен 300дөйү Евразия экономикалык биримдигинин талабына шайкеш келтирилди”.

Буга чейин айрым эксперттер дары-дармек тартыштыгын Украинадагы согушка байланыштырган. Бирок Нышанбаев логистика жаатында гана кыйынчылык жаралбаса, украин дары-дармеги келип жатканын белгиледи. Муну менен катар дары-дармек каттоосунан айрым украин компаниялары өтүп жатканын да кошумчалады.

"Гепарин майы Түркиядан келчү, азыр жок"

Анткен менен эл арасында кайсы бир дары-дармектерди менчик дарыканалардан да таппай жатканын айткандар бар.

“Жашоо жана гемодиализ” коомунун жетекчиси Анара Раимкулованын айтымында, бейтаптар гепарин майын Түркиядан өздөрү алдырып жатат.

Анара Раимкулова.
Анара Раимкулова.

“Гемодиализге керектүү калган дары-дармектин баарын мамлекет төлөйт. Мамлекет бизди тейлөө, дары-дармек менен камсыздоо үчүн жеке менчик медборборлорго акча которот, алар бизди жакшы эле камсыздап жатат. Биз өз чөнтөгүбүздөн кээ бир дарыларды эле алабыз. Мисалы Түркиядан чыккан гепарин деген дары майды өзүбүз сатып алчубуз. Азыр эч жерден таппай жатабыз. Аны гемодиализ алгандан кийин колго сүйкөйбүз. Кан тамырларды жумшартууга жардам берет. Орусиядан чыкканын алсак, аллергия кылат экен. Ошон үчүн Түркияга барган тааныштарга буюртма берип, 5-10дон алдыргандар болууда”.

Кыргызстанда мурдагы министрдин тушунда “Эл Аман” деп аталган мамлекеттик жүздөй дарыкана ачылган. Бул дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана чет элдик дары-дармек, медициналык каражаттарды жеткирүүчүлөр менен кызматташары кабарланган.

Ошол эле маалда өлкөдө жеке менчик дарыканалар да ачылууда. Февраль айында саламаттык сактоо министри Кыргызстандагы дарыканалардын санын азайтууну сунуштаган.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG