2024-жылдан бери талкууланып келе жаткан билим берүү системасына карата комчулукта ача пикирлер айтылууда.
Ташиевдин билдирүүсү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген оюн 3-мартта Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды. Ал өлкөдө орто мектептерде билим берүүнүн сапаты өтө эле начарлап кеткенин, бул маселени чечмейинче башка системага өтүүнүн кереги жок экенин белгилеген.
“Финансылык, экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп ж.б. Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык. Бул да чоң көйгөй болду”.
Ташиевдин бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.
Бул маселе 3-мартта Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева 12 жылдык окууга өтүү жакынкы убакта ишке ашпай турганын айткан:
"Эл аралык программа USAIDге ишенген булар, программаны ошолор жасайт деп. USAIDдин 24 программасынын 22си жабылып калыптыр. Азыр 12 жылдык ийгиликсиз болот. Ошон үчүн элдин баары каршы болуп жатат деп айткам. 10 жылдыкка өтөлү дегем. Улуу Британия деле СССРдин 10 жылдык системасына кайтып атат. Билимдин сапатын күчөтөлү дегем. Эми көрөбүз, Сингапур, Малайзияны айтып отурат, кайсы жерге чейин бараар экен. Донор издейт, грант алыш керек булардын максаты".
"Атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек"
Депутат Талиеванын мындай билдирүүсүн улай эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24.kg сайтына комментарий берип, азыркы билим берүү системасы эч бир тарапты канааттандырбай жатканын айтып, өзгөртүү зарылдыгын белгилеген:
"Мектеп бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт, бирок биз балдарды 2050-жылдардагы жана андан кийинки ийгиликтерге даярдашыбыз керек. Ошондуктан азыр кеп билим берүүнүн бардык баскычтарын толук кайра өзгөртүү жөнүндө болуп жатат. Бул жерде баары идеалдуу болгон күндө да, бардык өлкөлөрдө мектеп өзгөрүп жатат, анткени дүйнө толугу менен өзгөрдү, эртең дагы да өзгөрөт. Мектеп бул өзгөрүүлөрдөн алдыда жүрүп, биз дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек".
Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
Мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев сунушталып жаткан программаны элге туура түшүндүрүү керек деген пикирин айтты.
“Эл эмнеге каршы - алар “балдарыбыз эми 12 жыл окуйбу?”, - деп жатат. Жок, балдарыбыз бир жыл эрте бүтөт. Бир жыл ата-эненин камкордугунан эрте бошоп, 22 эмес, 21 жашында бүтөт. Педагогикалык коллеждерди бир жылда бүтөт. Экинчиден, ата-эненин 40 миң сому чөнтөгүндө калат. Айылда бул чоң акча. Баарын жыйнап келгенде 9 млрд 200 млн сом жылына калат. Үчүнчүдөн, чет жакта окуйм дегендер даярдоо курсуна 30 миң доллар төлөйт, 3 миң бала болгондо 90 млн доллар болуп жатпайбы. Ошол акча Кыргызстанда калып жатпайбы. Ал акчага бул жактан кем карчын бүтөп албайбы”.
Өкмөт кабыл алган концепцияга ылайык, 2025-2028-жылдары 168 жаңы мектеп салынат, ага республикалык бюджеттен 20 миллиард сом бөлүү пландаштырылган. Жабдууларды, окуу-методикалык куралдарды сатып алуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана башкалар боюнча да эсептөөлөр каралган. Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагына, анын ичинен 12 жылдык окутууга өтүүнү колдоого 40 млн доллар бөлөрү айтылган. Бул тууралуу келишимди парламент былтыр июнда ратификациялаган.
"Кимдин таасири чоң болсо ошонун сөзү өтүмдүү"
Билим берүү боюнча адис Асылбек Жоодонбеков 12 жылдык окууга этап-этабы менен өтсө болорун белгиледи:
"Өлкөдө ушундай кырдаал жаралды, адистер эмес, ким күчтүү болсо, кимдин таасири чоң болсо, ошонун сөзү өтүмдүү болуп калды. Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында карай турган болсок, адистерге бөлүштурүп берет. Экологияны экологдор, билим берүүнү билим тармагындагылар карайт. Ондогон талкуулар, сунуштар илимий изилдөөлөрдүн, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде чечим кабыл алышы керек. Бүгүн реалдуулукту эске алып тепкич-тепкич менен өтүп, талкуулап, тобокелчиликтерди эске алуу менен кадам таштай бериш керек”.
Бул тармактагы дагы бир адис Кеңешбек Сайназаров азыркы программа деле 12 жыл болуп жатканын белгилеп, андагы муктаждыктарга токтолду:
"11 жыл деп атап, нөлүнчү классты кошуп койгонуң менен, ошол эле болуп жатат. Бул жерде эки муктаждык бар, биринчиси - балдар мектепке келгенде даярдыктын жоктугу, экинчиси - 9-класстан кийин окуп жаткан программа турмуш менен такыр байланышпаганы. Башталгыч класста негизги делген окуу, түшүнүү, аңдап билүүнү үйрөтө турган болсо, ортоңку класстарда фундаметалдык теорияларды, бул дүйнөгө мындай жаралган деген сыяктуу билимди окутуу керек. Жогорку класстарга барган мезгилде кесипке жана жашоого багыттоону үйрөтсөк жакшы болот эле".
Билим берүү министрлиги акыркы маалыматтарга комментарий бере элек. Былтыр 14-мартта президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен жаңы системана талкуулап, 12 жылдык окуу системасын колдоорун билдирген.
"Азыр бизде нөлүнчү класстан 11-класска чейин болуп жатат. Эгерде сиз 12 жылдыкты киргизе турган болсоңуз, нөлүнчү жоюлуп, биринчи класс деп эсептелет. Эч айырмасы жок экен. Анда буга макулбуз. Нөлүнчүдөн баштап 12 жылдык болсо, ата-энелер каршы чыкканын билебиз", - деген эле президент.
Эми сунушталган программа ишке ашса, анда билим берүү стандарттары, программалар жаңыланып, мугалимдер окуудан өтөт. Ошондой эле учурда окуп жаткан окуучулар бир класс жогорку класска которулат.
Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат.
Шерине