Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:43

Жолоочуга жар болгон жароокер кыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус адабиятынын классиги Александр Пушкиндин “Бекетчи” аңгемесин 1949-жылы Ташым Байжиев которуп кыргызча жарыялаган.

Чыгармада жоош-момун бекетчинин аянычтуу тагдыры сүрөттөлгөн. Турмуш дегениң аябай катаал, бечара болсоң басынтып, кордоп коюшат.

Узун жол

Азыркыдай аркыраган автоунаалар, шакылдап жүрүп турган поюздар, күмүш канат учактар чыга элек кезде Орусиянын учу-кыйырына көз жетпеген кең мейкинде ат-араба менен катташчу. Орустун шорун кайнаткан азап узун жол экени айтылчу. Шашылыш кетип бараткан жолоочулар бекетке токтоп ат алмаштырып, сапарын улашчу.

Бекеттин сарайында даяр аттар болсо жакшы, андай учур деле болот, бирок көбүнчө алмаштырганга унаа жок болуп калат. Андайда бекетчи күнөөлүү, тирүүлөй азапка кабылчу.

Төрөлөр күтүп отурмакпы, бекетчини күнөөлөп, ачуусу чукулдары байкушту уруп-согуп, узун жолдо эригип келаткандагы жинин жолоочунун камын ойлогон бекетчилерден чыгарышчу.

Өтмө катарыңан өткөн жамгыр, буюккан бороондо узун жолдо жүргөндөрдүн баары болбосо да көбү, өзгөчө кызматы бийиктер, дымактуулар, төрөлөр, генералдар, чабаганчылар, деги койчу, бул канжолдо кимдер гана жүрбөйт, баарынын иши бекетчиге түшөт. Коңгуроо үнү угулганда ордунан ыргып турган байкуш бекетчилерди аяган киши аз, аны көбү жаман көрөт.

1816-жылы, май айында баяндоочубуз сапарга чыккан. Бекетчилерге түс үйрүй турган кезге жете элек, андай кызматты өзү деле ойлобогон, почтонун аттарынан экини жалдап жолдо көргөн-билгенин, уккандарын чиймелей жүрчү куйма кулак эле. Андай карапайым жолоочуга бекетчилер деле көңүл бурчу эмес.

Бекетчи дегениң төмөн кызматтагыларды тоготпой, мансаптууларга бүгүлүп кошомат кылган калк болот, майдаларга көзүнүн төбөсү менен карап, келип калганда бөжөңдөп чуркап ийишпейт, жолоочу көп, ал болсо жалгыз, кимисине түтөт? Биздин баяндоочубуз, болгон окуяны кызыктуу кылып баяндап берген жолоочубуз жадыраган жаздын күнүндө бир шаардан экинчисине сапар алган кез эле.

“Күн ысык болучу. *** станциясынан үч чакырым жерде, жаан себелей баштады да, бир минуттан кийин эле кара нөшөр менин тула боюмду шөлбүрөтүп жиберди. Станцияга келгенден кийинки биринчи кам – кийимдерди тезирээк алмаштыруу болсо, экинчиси – өзүңө чай суроо эле.

Бекетчи: "Эй, Дуня, самоор коё салып, барып каймак алып кел" – деп кыйкырды. Бул сөздөр айтылар менен тосмонун артынан он төрт жашар кыз чыгып, үйдүн алдына чуркап келди. Анын сулуулугу мени таң калтырды. "Бул сенин кызыңбы?" – деп сурадым бекетчиден. "Ооба, кызым, – деди ал өзү өзүнө ыраазы болгон түр менен, – эң акылдуу, өтө элпек, дал эле ыраматылык энесиндей".

Аңгыча ал менин жол катымды каттай баштады, мен болсом, анын тыптынч, жупуну, бирок дыкан үйүн кооздоп турган сүрөттөрдү кароого кириштим”.

Сүрөттөрдө, ушул үйдүн баласы окшойт, турмуштан жолу болбогон жигиттин ар кыл маанайдагы элестери түшүрүлүптүр, анын көөп турган бай кези, акчасын чачып чалкалап жүргөн учурлары, анан акчасы түгөнүп, айласы куруп тукулжурап турган кезинде бир байдын чочкосун багып калган учурундагы сүрөтү да бар экен. Андан да иши болбой калганбы, урунуп-беринген баласы акыры атасына келип башын жерге салып айыптуу турганы да кагазга түшүрүлүптүр.

Жолоочу дубалга илинген сүрөттөрдү көрүп бүткөнчө көздөрү жандуу, бакырайган тирикарак тестиер кыз Дуня самоорду алып жетип келди. Чай үстүндө атасы, кызы менен жолоочу кыйлага сүйлөшүп экөөнү таштап кете албай убакытты созуп отура берди. Кызы жанда жок сулуу экен, капырай ушундай да болобу, атасын кара да кызын кара, жутуп ийчүдөй бир укмуш сулуу экен тестиер кыз.

“Акыры алар менен коштоштум, атасы менин жолум ачылышын тиледи, кызы мени арабага дейре узата барды. Үй алдына токтолдум да өбүүгө уруксат сурадым, Дуня макул болду...

Бул өңдүү өбүшүүгө киришкенден бери карай, далай өбүшүүлөрдү санай аламын, бирок алардын эч бирөө мага мынчалык узак, мынчалык жагымдуу эстелик калтырган эмес.

Бир топ жылдар өттү, иштин жагдайы мени ошол кара жолго, так баягы жерлердин өзүнө дагы алып келди. Мен кары бекетчинин кызын эске түшүрдүм да аны дагы көрөмүн деген үмүт менен өтө кубандым. Бирок кары бекетчи, балким, эчак алмаштырылгандыр, Дуня болсо, күйөөгө чыккандыр деп да ойлодум. Мунусу же тигиниси өлүп калгандыр деген ой да эсиме кылт эте түшүп, кайгылуу жоруулар менен *** станциясына жакындай бердим”.

Почта үйүндө анчалык деле өзгөрүү болбогондой сезилди. Дубалдагы сүрөттөр ордунда турат, терезе түбүндөгү гүлдөр жок, суз бөлмө ичинде бир нерсе жетпегендей сезилди. Керебетте уктап жаткан бекетчи чал ордунан ыкшоо козголуп, бүкүрөйгөн бойдон столго өбөктөй жолоочу сунган кагазды каттады да, анын бары-жогун деле элес албай үңкүйүп отуруп калды. Мындан үч-төрт жыл мурдагы сергек бекетчи кыска убактын ичинде бүкүрөйгөн карыга, чекесинин бырыштары көбөйгөн чалга айланыптыр.

“Ай, Дуня, Дуня!..”

Жолоочу мурда бул жерде токтоп өткөнүн, чай ичишкенин айтса тигил бекетке жолоочу деген көп токторун кобурап, сөздү уланткысы келбеди. Чалдын көз жоосун алган сулуу кызынын дарек-дайынын билүүгө кызыккан жолоочу аны да сурады.

“Кудай билбесе, ким билет" – деп, жооп кайтарды.
– "Кантсе да күйөөгө чыккан го?", – дедим мен.

Абышка менин суроомду укмаксае болду да менин жол катымды шыбырап окуй берди. Мен суроолорумду токтоттум да бир чайнек чай коюуга коштум. Кызыксынуу менин тынчымды ала баштады, ичимдик менин эски таанышымды тилге келтире ала турганына ишендим.

Жаңылбаптырмын: абышка сунулган стакандан баш тарткан жок. Ичимдик анын капасын жазганын байкадым. Экинчи стакандан кийин ал сөзгө келе баштады, эсине түшүрдү же болбосо, мага мени эсине түшүргөндөй түр көрсөттү, ошентип мен андан бардык болгон окуяны билдим, анын аңгемеси ошондо мени абдан өзүнө тартып, муңайтты.

"Ошентип, сиз менин Дунямды билесизби? – деп, сөз баштады ал, – баса аны кимдер гана билбечү эле? Ай, Дуня, Дуня! Кандай жолоочу өтпөсүн, баарысы мактачу эле, эч ким жамандачу эмес. Бариналар ага же жоолук же сөйкө тартуу кылышчу. Жолоочу мырзалар калп эле же түштөнүүнү же кечки тамакты шылтоолоп, чындыгында Дуняны узагыраак карап алуу үчүн, бул жерде көпкө токтолуша турган.

Кандай гана ачуулуу мырза болбосун жоошуп, мени менен ырайымдуу сүйлөшчү эле. Ишенесизби, төрөм, курьер фельдегерлер аны менен жарым саатча сүйлөшө турган. Үй ал бар болгону үчүн гана үй өңдөнүп туручу, эмне даярдоо, эмнени жыйноо керек болсо, бардыгына үлгүрүп турар эле”.

Атасы сулуу кызына ыраазы болчу. Биздин жолоочуну арабага чейин узатып өбүшүп коштошкон кылыктуу кыз мындан үч жыл мурун бул жерде токтоп өткөн бир шумпайга – гусарга тийип кетиптир. Ал деле башкаларчылап бекетчиге түс үйрүп атын тезирээк алмаштырууну талап кылып, камчысын оңтойлоп, шүмүрөйгөн бекетчини каарып киргенде үйдөн Дуня чыга калбайбы.

Аны көргөндөн кийин тигил тамак ичикенге макул болуп, кетиш-коюшту деле кеп кылбай маалкатып, алмаштырчу аттар келгенде тиги шумпай ооруп калдым деп жатып алганын, дарыгер чакырса экөө немисче сүйлөшүп, тиги көп акча бергенин, дарыгердин айтуусу менен гусар булардыкында үч күн турганын, жекшембиде кетеринде чиркөөгө бармакчы болгон кызын арабасына салып жеткирип коймокчу болгонун, түшкүсү келбеген кызын чал өзү уруксат берип аттантканын – баарын саймедиреп айтып берди.

Анан кызы кечиккенинен шекшиген атасы чиркөөгө чейин барганын, ал жерден таппай шалдайып үйүнө келип, эми кайдан издейм деп санаа чегип отурса кечинде шылуун гусарды кийинки бекетке чейин жеткирип барган арабакеч кызылдай мас келип: "Дуня тигил станциядан нары гусар менен кетти" деген суук кабарды айтып атпайбы.

Ал күнү жүрөгү бир жамандыкты сезген болчу. Бойго жетип калган кызынан тирүүлөй ажыраганына ишенбеген абышка ооруп төшөккө жатып калгандан кийин баягы немис дарыгерге алып барышты.

Ал гусар калп эле ооруп жатып калганын, шумпайдын камчысынан коркуп байкуш немис бекетчиге чындыкты айта албаганын мойнуна алды.

Анда эмне күнөө, оорудан кичине оңолору менен бекетчи эки айлык отпуске алып кызын издеп Петербургга жөнөдү. Адашкан улагымды алып келермин деп ойлогон. Кайдан, издеген улагы ротмистр Минскийдин баш калаадагы үйүндө экенин билип, ыгын таап акыры кирди.

“Минский чапанчан жана кызыл калпак кийип ага өзү чыгып келип:

"Сага эмне керек, тууган?" – деп сурады андан.

Абышканын жүрөгү дирилдеди, көздөрүнө жаш толо калды да калтыраган үн менен гана:

"Урматтуу таксыр!.. Кудай үчүн бир жакшылык кылыңыз!.." – дей алды.

Минский аны жалт карап алды, кыжыры келе түшүп, анын колунан жетелеп кабинетке кийирди да, эшикти бекитип алды.

"Урматтуу таксыр, – деди абышка, – жолдо жүктөн түшкөн жоголот дептир, мага эң кур дегенде, менин байкуш кызымды кайра бериңиз. Аны менен көңүлүңүздү жакшы эле жубаттыңыз. Аны бөөдө кор кылбаңыз".

"Болуп өткөндөрдү кайта жандыруу болбойт», – деди жаш жигит өтө шашылып, – сага чоң айыптуумун жана сенден кечирим сураганыма кубанам, бирок мен Дуняны таштап кетет деп ойлобо, ал бактылуу болот, сага абийирдүү чындык сөзүмдү берем. Анын сага эмне кереги бар? Ал мени сүйөт. Ал өзүнүн мурунку турмушун унутту. Сен да, ал да болгон жорукту унута албайсыңар".

Андан кийин Минский анын жеңинин ичине бирдемени тыгып, эшикти ачты. Бекетчи эмне болгонун өзү да түшүнбөй, көчөгө чыгып калганын гана бир билди”.

Шордуу абышка көчөгө чыгарылгандан кийин да үмүтүн үзбөй кызын бир көрүп кетүүнү чечти. Бул деле кыйын иш экен.

Эчен күн эшик аңдуу менен өтүп, бир ирет кызын жанынан көрдү. Санжыргалуу айымдардай кооз кийинген сулуу кызы босогодо жалдырап турган атасын көргөндө эси ооп жыгылып түштү. Гусар бул ирет да желкесинен кармап сыртка чыгарып койду.

Андан бери үч жыл өтүптүр. “Алпарып үйлөнүп алып, анан таштап кеткендир. Петербургда андай жаш акмактар толуп жатат, бүгүн атлас менен баркыт кийип, шапар тепсе, эртеси карасаң, аракканадагы жылаңачтар менен көчө шыпырып жүргөнүн көрөсүң”, - дейт байкуш бекетчи.

Кийин баяндоочу бекетчини издеп дагы барып, ал жерден абышканын каза болгонун, мүрзөсүнө баратканда жол көрсөткүч баладан бул жерге жайында жарашыктуу кийинген аял келгенин, кетеринде попко акча бергенин, баланын көкүлүнөн сылап беш тыйын карматканын укту.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG