Эл аралык арачылардын жардамы менен жетишилген келишимдин биринчи баскычы жекшембиге караган түнү соңуна чыккан. ХАМАС кысымга моюн сунбасын эскертип, экинчи баскычка өтүү керек деп айтууда.
Газанын тургундары Орозонун биринчи күнүндө урандылар арасында ооз ачканы чогулду. Таш-талканы чыккан үйлөрдүн темир-тезектери менен бетондун сыныктарынын үстүнө отурган палестиндер ыктыярчылар даярдаган тамак-ашты күтүп жатышты.
"Рамазанда жакындарыбыз менен чогулчубуз. Эми үй-бүлөбүз ар кайсы жерде – бирөөлөр чыгышта, башкалары батышта. Ооз ачуу үчүн чогула турган үйүбүз жок. Бул жерди үй деп атай албайсың, мына-мына кулайт деген өрттөнгөн урандылар", - деп айтып берди Рейтердин кабарчысына Абдулла Жарбу аттуу тургун.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жекшембиде Газага гуманитардык жардам киргизүү токтогонун билдирди.
ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу чечимди “арзан шантаж”, "ок атышпоо келишимине урулган сокку" деп атап, ортомчуларды тилкеге каршы мындай жазалоочу чараларды токтоттурууга чакырды. Топ андай кадам тынчтык сүйлөшүүлөрүнө залакасын тийгизерин эскертти.
Анын алдында Израилдин өкмөтү АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткоффтун сунушун кабыл алганын билдирген. Ага ылайык, радикал топ биринчи эле күнү барымтадагы израилдиктердин (анын ичинде каза болгондордун сөөктөрүнүн) жарымын өткөрүп берүүгө тийиш. Калгандары ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусуна жетишилгенден кийин бошотулушу керек.
Маалыматка караганда, планда мусулмандардын Орозо айы жана жөөттөрдүн Песах майрамы учурунда Газа тилкесинде уруш жанданбайт деп каралган. Орозо 29-мартта, Песах 19-апрелде аяктайт.
Израилдин бийлиги ХАМАС Вашингтондун өкүлүнүн сунушун кабыл ала электигин белгилеп, радикал топ макул болору менен долбоордун чоо-жайы боюнча талкуу дароо башталарын билдирген.
Жума күнү ХАМАС АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрүнөн турган арачылар келишимдин мындан аркы баскычтары ишке кирет деген кепилдик бермейинче, биринчи этапты узартууга көнбөй турганын билдирген.
Израил бийлиги тараптар ортосунда 19-январда иштей баштаган макулдашууга таянып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, 1-марттан кийин согуштук аракеттерди жандандырууга укуктуу экенин эскертти.
Ал келишим Газада 15 айга уланган согушту убактылуу токтоткон. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.
Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүү башталмак. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралган. Бирок сүйлөшүүлөр жаңы эле башталды.
Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бар деп жазышууда.
1-мартта Тел-Авивде өткөн демонстрацияда израилдиктер бийликтен барымтадагыларды бошотуу үчүн аракет көрүүнү, ок атууну токтотуу келишимининин экинчи баскычын макулдашууну талап кылышты. Демонстрацияга Израэл Чараг деген жергиликтүү жашоочу да кошулду:
"Мурда айтылгандай эле экинчи баскычка көнүүдөн башка арга жок. Анда ок атуу узак мөөнөткө токтойт же согуш аяктайт, барымтадагылар кайтарылат".
ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил жооп иретинде Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун убакыт ичинде "хамасчылар" башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси 48 миңден ашуун адам каза болгонун кабарлаган.
Шерине