- Мен сиз менен бүгүн журналист, блогер, активист катары маектешейин деп турам. Активизмдин ар кандай түрлөрү бар. Сиз Кыргызстанда балдарды тарбиялоо, окутуу, чоң турмушка даярдоо жагынан пайдалуу ой, усул, тажрыйба бөлүшүп келатасыз. Кыргызстанда азыр балдарды окутуп тарбиялоо – эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Сиздин балдарыңыз Британиядагы, Кыргызстандагы мектепке барышкан. Азыр эми Америкадагы мектепте билим алып жатышат. Британия менен Америкада биз үйрөнүп, балким өздөштүрө турган кандай пайдалуу жактары бар экен?
- Үйрөнчү жактары көп эле. Британия менен Американын билим берүү системасы биздикинен кыйла эле айырмаланат. Башкысы – бул жактарда балдарды жаттатып кыйнабай, келечекте күтүп жаткан турмушка даярдап, кадимки жашоого аралаштырып окутат. Британия менен Америкадагы мектептердин окшоштугу – баланын жашоого болгон көз карашын калыптандырат. Сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, анализдөөгө үйрөтөт. Лондондо жашасак да, ал жактагы мектеп балдарды фермага алып барып, кой, уйларды көргөзүп, карматып, чөп-жем бердиртип, помидор, башка жашылча-жемишти кантип багып өстүрүп атышканын көргөзгөн. Архитектура деген эмне экенин түшүндүрүш үчүн Лондондогу тарыхый имараттарды кыдыртып... Бул илгерки Викториандык стилде салынган, бул азыркы заманбап имарат деп түшүндүрөт. Атүгүл улуу кызыбыз Зейнепти классташтары менен түрмөгө алып барышып, кылмыш жасагандар кандай жагдайда кармаларын тааныштырып, баңгизат же арак ичип кылмышка кириптер болгондордун кылган ишине катуу өкүнөрүн өз ооздорунан угуп таасирленип кайтышкан. Башкача айтканда, билимди кадимки турмуш менен айкалыштырып үйрөтүшөт. Америкада деле ушуну байкап атабыз. Биздегидей көбүнчө эрежелерди жаттатып, теоремаларды окутуп, мисал, теңдемелерди чыгартып отурбай, азыркы жашоосунда керек болчу темаларга көнүл бурулат. Мисалы, кызыбыз азыркы тапта африкалыктардын же каралардын тарыхын окуп жатат. Аларга класста Мартин Лютер Кинг жөнүндө тасмаларды көргөзүп, китептерди окутуп, ошол темада дилбаян жаздыртып, сүрөт тарттырып, өз алдынча ой жүгүртүусүнө басым жасалып атат. Мен байкагандан билим берүүдө коомдо өзүн алып жүрүү, балдар бири-бири менен жакшы мамиледе болушуна, башка адамдарды сыйлаганды сиңирүү, социалдашуу жана коммуникацияга басым жасалат. Бир эле класстын ичинде жүрө бербей, башка класстар менен, башка мектептер менен да ар кандай иш-чаралар, спорттук таймаштар уюшулат. Жогорку класстын окуучулары кенже класстарга барып китеп окуп беришет, ар кандай аңгемелерди айтып берип, эң башкысы туура мамиле түзгөндү үйрөнүшөт экен.
- Биз Билим берүүнү реформалоо жөнүндө сөз болгондо эле 11 жыл окуйбу, же 12 жылбы, мектепте жаш балдарга таттуу токоч менен компот же сүт берилеби, окуу китептеринин сапаты, сабаттуулугун талкуулоо менен чектелип калгандайбыз. Ошол эле маалда жалпы балдарыбызды азыркы атаандаштык болуп көрбөгөндөй тездик менен өсүп аткан дүйнөдө өз ордун таба ала турган, илим, билим, өнүгүүгө салым кошо турган жаштарды даярдап атабызбы деген суроолор четте калып аткандай. Европада мен байкагандан чоң класстарда балдар кайсыл сабактарды окуй турганын өз алдынча тандашат. Университетте окуйм десе сөзсүз экзамен тапшыра турган сабактардын тизмеси бар – англис тили, математика, так илимдерден бирөө, калганын өз кызыгуусуна, болочок кесибине ылайыктап тандап алышат.
- Негизи 12 жылдык билим берүүнү киргизип, эл аралык стандарттарга ылайыкташалы деген жакшы эле ой. Окутуу программасына келсек, жаттама ыкмалардан кетип, балдар азыркы жана болочоктогу жашоосуна керек деп сиңире турган, турмушта пайдасы тие турган багыттарга басым жасалышы керек. Биз турган АКШдагы Мичиган университетинде дүйнөнүн кайсыл тарабынан гана студент жок. Кытайдан, Кореядан, Индиядан, деги бардык өлкөлөрдөн бар. Азыркы дүйнө аябай чырмалышып аралашып калды. Кыргызстандын кайсыл жеринде болбосун окуп жаткан мектеп окуучусу интернетке кирип, каалаган университетинде билим алуунун жолдорун изилдеп, ал жакка тапшырып күчүн сынай алат. Көп эле жаштар Кыргызстан менен чектелип калбай чет мамлекеттердеги алдыңкы окуу жайларда билим алгысы келет. Балдарды ошого даярдашыбыз керек, биринчиден чет тилди билсин, өз алдынча жашаганды, сапаттуу жашаганды билсин, айлана-чөйрө өзгөрүп кетсе, жаңы шарттарга ийкемдүү жуурулушуп кете алганга даярдоо керек. Жасалма интеллект укмуштуудай тездик менен өнүгүп атат, азыр биз ушундай өнүгүүлөрдөн артта калбай мурдагыдан тез өзгөрө турган мезгил келди.
- Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнөдө физиологиялык, психикалык жактан калыптануу курагы же орточо 11-12 жаштан 15-16 жашка чейинки өспүрүм курактагы балдарга айрыкча аяр мамиле жасоо, көбүрөөк көнүл буруу көйгөйү кызуу талкууланып келатат. Соңку айда эле Кыргызстанда 9 өспүрүм өз жанын кыйды деген кабарлар тарап, интернетте: "Эмнени туура эмес кылып атабыз? Балдарыбызды кантип коргой алабыз?" деген суроолор жайнап кетти. Балдарды коргой турган башкы чеп мектепте эмес, үй-бүлөдө болушу керек го дейм. Кандай дейсиз?
- Эң туура, мектеп менен ата-эненин ортосунда тыгыз байланыш болушу керек. Бизге Америкадагы азыркы мектеп балдарыбызды баалаганды үйрөтүп атат. Эртең менен балдарыбызды мектептин автобусу алып кетет. Ошол автобуска балдар кирип же чыгып атканда жолдогу башка машинелер жылбай токтоп күтүп турушат. Балдардын коопсуздугу – баарынан маанилүү экенин баары түшүнөт. Кыргызстанда ата-энелер мектептен “баламды жакшы карагыла, жакшы билим бергиле” деп талап кылат эмеспи, бул жакта мектеп ата-энелерди тарбиялап койот экен, “балаңыздын коопсуздугу биз үчүн баарынан жогору, жакшы билим алганына биз сиздей эле кызыкдарбыз” деген ойду туюндурушат. Сиз айтып аткан балдар арасындагы уруш-мушташ, суицид Кыргызстанда эле эмес, Америкада деле, дүйнөнүн бардык жактарында кездешет. Балдардын мүнөзү, жүрүм-туруму ар башка болот тура. Бирок ошондой кырдаалдан чыгуунун жолдору ар башка. Бул жакта бир баланын бир аз агрессивдүү мүнөзү, терс жактары байкалганда эле мугалимдер, ата-энеси чогула калып талкуулап, психолог керекпи же башка адис таап берелиби деп мониторинг жүргүзүп, көз салып турушат экен. Баланы күнөөлөп, сен эмне мындай болуп атасың, тиги отличник баладай болбойсуңбу деп басым жасабай эле мугалимдер ата-энеси менен чогуу ал баланын мүнөзүн өзгөртүү, башкаларга болгон мамилесин оңдоо ишин колго алып, ал бала байкабай эле ошол кризистен чыгып кеткидей уюштурулат экен. Америкада, баарыбыз билгендей, курал-жарак, зордук-зомбулук көрүнүштөрү жок эмес, кайгылуу окуялар болуп турат, угуп, көрүп келатабыз. Бирок мектеп ата-эне менен чогуу иштешкенге аракет кылганы жолго коюлуп калыптыр.
- Бизде ата-эне балдар менен сүйлөшкөнгө убакыт жок, кечке жумушта, кечкисин той-аш, катыш дегендей, балдар өзү менен өзү эле өсүп атышат деп калганын көп угам. Бала менен эч ким сүйлөшпөй, жан дүйнөсүндө эмне болуп атканын айтканга кишиси жок болуп калганда ар кандай кырсыктар болуп аткан жокпу?
- Биз адатта балдарга акыл айтып, өзүбүз түшүнгөндөй туура жашоону үйрөткөндү, тигиндей бол, мындай бол дей бергенди жакшы көрөт эмеспизби. Бул жакта мен бир нерсени түшүндүм. Балага өз оюбузду, керек болсо кесибибизди, бизге жаккандай келечекти да таңуулабаш керек экен. Балдар өз эрки менен өз тандоосун жасаганды үйрөнгөнү туура экен. Балдардын эрки, тандоосу менен эсептешкенди үйрөнүшүбүз керек. Америкада деле ата-энелер балдарыбыз телефон, башка гаджеттерди тиктеп отурбай биздей болуп эшикке чыгып ойносо, китеп окуса деп айтып калышат. Заман өзгөрүп кетип, технология өнүгүп, балдар билимдин көбүн ошол эле интернеттен алып атпайбы. Биз адатта балдарга бир-эки саат акылымды айтып лекция окуп койсом пайдалуу деп ойлойбуз да. Андай болбойт. Балаңыз ошол эле интернеттен көргүсү келген видеону, мультфильмди, же кинону чогуу көрүп, мен да көрөйүнчү деп бир саат, жарым саат убакыт бөлүп, ошол көргөнүбүздү талкуулап сүйлөшсөк пайдалуу болорун, мамилебиз оңолорун, ортобуз жакындарын байкадым. Отуруп алып эле чоңойгондо догдур бол, космонавт бол деп айтканыбызды балдар жактырбайт, кабыл албайт. Андан көрө балам эмнеге кызыгып атат, ал эмне болду экен деп баланын деңгээлине түшүп, чындап кызыкканда гана балабызды туура түшүнүп сүйлөшкөндү үйрөнөт экенбиз.
Уулубуз Урмат аутист да. Ошол бизге көп нерсени үйрөттү. Балдарды тарбиялаганда биз деле көп нерсени түшүнбөй жүрүптүрбүз. Аутизм менен жашаган баланы тарбиялап окутканда анан барып түшүнөт экенсиз. Урматтын абалын туура тушүнүп, ал эмнени ойлоп атканын, эмнени сезип, эмнени каалап атканын, курсагы ачтыбы, уйкусу келип атабы, бир нерсеге кызыгып атабы же кызыккан жокпу, ушулардын баарын айттырбай билишибиз керек. Аутизм деген ошондой. Мен буга кызыгып атам, бул жакка барат элем деп айтпайт, биз аны айттырбай сезип туюушубуз керек. Ата-эне бардык эле балдарына ошондой болушу керек тура.
- Биздин кесиптешибиз, жубайыңыз Бактыгүл экөөңөр өзгөчө камкордукка муктаж уулуңар Урматты тарбиялап өстүрүү, жөндөмүн таап өрчүтүү жагынан тажрыйбаңардан бөлүшүп, аутист балдарды кабыл алуу, аларга көнүл бөлүү жагынан чоң иш жасап келатасыңар. Андай балдары бар ата-энелер алар жалгыз эмес экенин, аутист балдар бири-бирине такыр окшошпосо да, ортодо үйрөнчү билим-усулдар бар экенин айтып жатасыздар. Бул да чоң салым жалпы коомду тарбиялоо жагынан. Бизде керек болсо көп учурда аталар андай баласын кабыл албай, апасын күнөөлөп, таштап басып кетип атышпайбы. Аталардын ролу, таасири тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?
- Буга чейин деле көп эле кеңеш айтып келгем. Коркпой эле аутизмди кабыл алып, эч нерседен коркпостон бардык чакырыктарды жеңиш керек деп көп эле айтып жүрдүм. Бирок Америкага келгени аутизм боюнча, балдарга билим берүү боюнча курстардан өтүп, атайын билим алып атабыз. Бир нерсени тушүндүм. Көрсө, биздин аутизм менен жашаган үй-бүлөлөрдө деле аталарда күнөө жок экен. Негизги себеп – билимсиздик тура. Америкада деле ошондой болуптур. Аутизм жакшы изилдене элек, андай жашоону тушүнбөгөн, ал багытта билим бериле элек учурда бул жакта деле баланы апасына таштап эле качып кеткендер көп болуптур. Бул жакта азыр ата-энелерге билим берүүгө көп көңүл бурулат экен. Мамлекет тарабынан, коомчулук тарабынан каржыланган окутуу уюштурулуп, атайын билими бар адистер аутист баласы бар ата-энелерге, үй-бүлөлөргө тийиштүү билим-таалим берет экен. Биз деле Кыргызстанда жүргөндө балабызды тарбиялайбыз, балабызга билим беребиз, балабыз мектепке барышы керек деп эле туура эмес багытта жүрө бериптирбиз. Көрсө эң биринчи биз, ата-энелер билим алышыбыз керек экен. Атасы катары мен, апасы катары апасы билим алып үйрөнүшү зарыл тура. Баланы эмес, аутизм деген эмне экенин, өзүбүздү тушүнүшүбүз маанилүү экен. Өзүбүздү түшүнүп, билим алгандан кийин баланы өзгөртөбүз деген туура эмес аракеттер, туура эмес мамиле, бузулган үй-бүлөлөр азаят. Кыргызстан үйрөнө турган нерсе ошол экен. Биз дагы, буюрса, булардын баарын үйрөнүп, кыргызчага которуп, адаптация кылып, келечекте ушундай курстарды уюштурсак деп атабыз. Балким, келечекте Кыргызстанда бир чоң окуу борборуна, мектепке айланып кетеби деген оюбуз, пландарыбыз бар. Аутизм деген чынында кыйын. Аутизм менен жашабаган үй-бүлөлөр аны тушүнбөйт. Канчалык кыйын экенин аны менен жашаган адамдар гана билет.
- Жакында эле Нью-Йорк Таймста макала чыкты. Ооруларды көзөмөлдөө, алдын алуу борбору 11 штатта изилдөө жүргүзсө, 2000-жылы 150 баланын бирөөнө аутизм деген диагноз коюлса, быйыл 36 баланын бирине коюлуптур. Башкача айтканда, акыркы 25 жылда эле 4 эсе көбөйгөн. Бул бир жагынан аутизмдин спектри кеңейип, илдетти аныктоо жакшырганына байланыштуу дешсе, себеп катары абанын булганышы, жашообузда химикаттар көбөйгөнүнөн тарта ар кандай инфекция сыяктуу жүздөгөн факторлор аталат. Сиз бул теманы менден көп изилдесеңиз керек, Кыргызстанда да көбөйүп атабы, анын себептери кайсылар деп ойлойсуз?
- Биздин уулубузга аутизм диагнозу коюлганда биз деле эмнени гана ойлогон жокпуз. Эмдөөдөн болдубу, булганган абаданбы же кичинекейинде догдурга жатып калды эле, ошондо реанимацияда туура эмес дарылап коюштубу, деги далай нерсени ойлоп чыкканбыз. Бирок жалпылап изилдеп чыксак, андай деле эмес экен. Себеби белгисиз. Аутизм – оору да эмес, бул адамдын абалы. Көп кишилер аутизм оору экен деп ойлоп алып, аны дарылаганга да аракет кылышат, бул чоң жаңылыштык. Дары берип көрөлү, укол сайдыралы, туура тамактанууга өтөлү деп ар кандай коммерциялык багыттагы шылуундукка алдангандар да жок эмес. Далай ата-энелер алданып, акчаларын ошондой шылуундарга карматып коюп атышат. Бул туура эмес. Америкада, Британияда деле көрдүк. Аутизм - дары менен айыктыра турган оору эмес, бул адамдын абалы. Аутизм менен жашаш керек, ошондой диагнозу бар адамга туура мамиле кылыш керек.
Сиз айтып аткан статистикага келсек, аутизм көбөйуп атканына – диагнозду коюу илимий жактан өнүгүп аныкталып калганы, маалымат алуу, берүү булактары көбөйгөнүнөн го. Мындан 50-100 жыл мурун аутизм деген сөз болгон эмес. Ата-энелер түшүнбөй, диагнозду билбей жашашкан. Америкада Калифорния штатында көп экен. Анткени дал ушул аутизмдин бардык спектрлерин изилдеген илимий институттар, борборлор дал ошол штатта экен. Альберт Эйнштейн же Билл Гэйтс жаш кезинде аутист болгонун билишкен эмес. Эйнштейнге, Дарвинге аутизмдин кайсыл бир спектринде болгону алар көзү өткөндөн кийин, азыр эми айтылып атат. Кээ бир аутисттер ошондой гений болот экен, дагы бирөөнүкү ички туюму абдан күчтүү болот, кайсы бир кесипке абдан таланттуу, шыктуулары бар. Дүйнөдө канча аутист болсо, бирөө да экинчисине окшошпойт, баарыныкы ар башка. Башында мен айткандай, биз адегенде уулубузду тарбиялайлы, окуталы деп аябай аракет кылсак, азыр ал бизди тарбиялап атат. Чыдамдуу болууга, кичинекей нерсени андан ары өнүктүрүп, адамдардын баарын айырмалабай бирдей караганга, жек көрүүдөн алыс болуп, баарына тегиз жакшы мамиле кылганга үйрөтүп атат. Аутист балага ата-энеси, же башка бейтааныш адамдардын баары бирдей. Акчага, бийлигине кызыгып бирөөнү көтөрмөлөбөйт, башкасын басынтпайт, баарына бирдей. Буларда эгоизм да жок, башкача айтканда ички дүйнөсү таза адамдар.
Шерине