Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Жер кодексине нааразылар президентке кайрылды, пенсионердин үйү тинтилди


Жер кодекси: Менчик укугун ким коргойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Жер кодекси: Менчик укугун ким коргойт?

Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор басма сөз жыйынын өткөрүп, президент Жапаровду парламентте кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырды. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтууда.

Буга чейин президент менчик жерлерди алып коюуга каршылыгын жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин айткан. Ал тапта Чүй милициясы Жер кодексине каршы чыккан пенсионердин үйүн тинтүүгө алганы белгилүү болду. Милиция пенсионер суракка алынып коё берилгенин, ага эч кандай айып коюла электигин айтууда.

"Жеткиликтүү баа" деген эмне?

Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгон жарандар 3-мартта Бишкекке чогулуп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Алар бул документ жарандардын жеке менчик укугун бузуп, Конституцияга каршы келерин белгилеп жатышат. Чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырышты.

"Трансформация" элдик коомунун координатору Бекназар Айталиев шаардын аймагы кеңейип, трансформация боло элек жердин ээлери мүлкүнөн айрылып калуу коркунучунда экенин айтты:

Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгондор өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту. 3-март, Бишкек
Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгондор өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту. 3-март, Бишкек

"Бул кодекс ишке ашып кала турган болсо, шаар ичинде жашап жаткан жеке сектордогу адамдарга коркунуч жаралат. Эмнеге дегенде, Жер кодексинин жаңы редакциясына "жеткиликтүү баа" деген терминди киргизип коюшкан. Аны чечмелеп, түшүндүрүп дагы беришкен эмес. Бирөөнүн 100 миң сом турган мүлкүн эртеңки күнү соттун чечими менен 10 миңге баалап салышы мүмкүн. Ошондуктан мындай нерселерди токтотуп, ачыктап, коомдун талкуусунан өткөрүп, элдин пикирин эске алса деген максатта президенттен аны четке кагуусун суранып жатабыз. Бул жакында эле чыга калган маселе эмес. Буга чейин көп эле жолу Жер кодексине өзгөртүү киргизүү, шаар ичиндеги жеке мүлктөрдү тартып алуу боюнча аракеттер болуп келген. Ошонун баарын ушул документ менен бирге алып кетели деген аракет болуп жатат деп ойлоп жатабыз".

Шаар тургундары ушул мыйзам аркылуу реновация программасы ишке ашып, көп кабаттуу үйдөгү батирлери арзан бааланып калабы деп чочулап турушат. Арасында "кызыл китепти" калтырууну өтүнгөндөр дагы бар. Бишкектин тургуну Мария Абакирова Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы редакция эл менен кеңешилбей иштелип чыккан, долбоордо менчик ээсинин укугу эске алынбай калган деп эсептейт:

"Үчүнчү окууда кабыл алган долбоордо каалаган жерин, каалаган жер тилкесин коомдук жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алып коё алат экен. Болгондо дагы алып коюу, сатып алуу, кун төгүп берүү ыйгарым укуктуу орган менен менчик ээсинин ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашат. Эгер менчик ээси макул болбосо, ыйгарым укуктуу орган жерди алып коюу боюнча сотко кайрылат. Бул жерде, тилекке каршы, сен эч ким эмес экенсиң. Бул Кыргызстандын Конституциясына каршы келет. Эл тандаган өкүлдөр Конституцияны окушабы, жокпу? Окуп коюуну сунуштайт элем. Мындан сырткары "кызыл китепти" жок кылабыз деп жатышат. Совет бийлиги учурунда мамлекет жер бөлүп берген, аны бекер эмес, акча төлөп "кызыл китеп" алганбыз. Ушуну жок кылабыз деп жатат. Демек, алар каалаган жерин кимден болбосун алып коё алат экен. Ал эми кадастр планы бардыгына эле жеткиликтүү эмес. Министрлер кабинети электрондук мамлекеттик жер реестрин көрүүгө тыюу салып койо алат. А кана биздин укугубуз?"

Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгондор мамлекеттик жана административдик органдарга жер тилкени алып койо турган укук берген 19, 20, 22-беренелерди белгилешти.

Жер тилкелерди ким, кандай баалайт?

Жогорку Кеңеш 13-февралда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, он чакты депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушташкан. Депутат Дастан Бекешев жер тилкени баалоо маселеси талаш болуп жатканын белгилеген:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Жерди кайсы учурда ала алат деген көйгөй бар. Мен сот аркылуу болушу керек деп өзүмдүн сунуштарымды бергем. Ушундай жазылды, бирок баа боюнча талаш болуп жатат. Кантип бааланат ошол жер? Мисалы, мамлекет эртең бул жерге жол, бала бакча, мектеп салабыз десе, кантип баалайт? Ушул жерде көйгөй турат. Бир топ суроо берип, отурумда жооп ала алган жокмун”, - деди эл өкүлү.

Парламент аталган мыйзамды үчүнчү окууда жактыргандан кийин Чүй облусундагы багбандар уюму да президентке кайрылган. Алар айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай куруу категориясына которууга каршы экенин, алардын үнүн депутаттар укпай жатканын айтып чыгышкан.

Жер кодексине каршы чыккан пенсионердин үйү тинтилди

Бул нааразылыктарга улай Багбандар жана жашылча өстүрүүчүлөр коомунун төрайымы, Жер кодексине каршы чыккан пенсионер Ольга Иващененконун үйү тинтилгени белгилүү болду. Аталган коомдун мүчөлөрү тинтүү маалында Иващенконун компьютери менен мөөрү алынганын "Азаттыкка" билдиришти.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жашы 70тен ашкан Ольга Иващененконун үйү эмне себептен тинтүүгө алынганы тууралуу 3-мартта комментарий берди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 19-февралда айрым адамдар дачанын жерлерин калктуу конуштарга кошуу тууралуу багбанчылык коомдордун жана дача кооперативдеринин мүчөлөрүнө жалган маалымат берип, массалык баш аламандыктарды уюштурууну максат кылып жатканы боюнча милицияга маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Ушул эле күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына багбандар жана жашылча өстүрүүчүлөр коомунун башчысы И.О.го чара көрүү боюнча жарандардан бир нече арыздар түшкөн. Ал “Жаштык” дача коомунун эски мөөрүн колдонуу менен дачанын жерлерин каттап жатканы кабарланган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Милиция Ольга Иващененконун үйү тинтилип, 150 дачанын жерине байланыштуу документ, эски мөөрлөр алынып, аларга соттук-укуктук экспертизалар дайындалганын кошумчалады. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылары айтылды.

Ольга Иващененко суракка алынып коё берилгенин, ага эч кандай айып коюла электиги белгилүү болду.

Анын өзү, адвокаты менен жакындары комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев аталган мыйзам долбооруна президент кол койсо, ал алты айдан кийин күчүнө кирерин билдирген. Ал эми "кызыл китеп" мурдагыдай эле каларын кошумчалаган.

Аманкан Кенжебаев.
Аманкан Кенжебаев.

“Кызыл китеп ошол эле бойдон калат. Биз атайын алты ай деп калтырганбыз. Себеби бул кодекс кабыл алынгандан кийин көп мыйзамдар жокко чыгат. Ошонун баарын ордуна алып келиш керек. Ал жерде үч айдын ичинде Министрлер кабинети иретке келтирсе, андан кийин күчүнө кирет. Бул кодексти кабыл алгандан кийин өзгөртүүлөр болот. Каалаган өзгөртүүлөрдү киргизсе болот”.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги 19-февралда маалымат таратып, жеке менчикке болгон укук корголорун билдирген.

Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкууларга токтолуп, менчик жерлерди алып коюуга каршылыгын жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин белгилеген.

"Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жерлери болсо, анда башка кеп. Аталган фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат. Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы, биз бүгүнкү күндө өзүбүздү буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам", - деди ал.

Ошол эле учурда Жапаров жергиликтүү бийлик жеке менчик жерлерди текшерип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.

Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра текшерүүдөн (ревизиядан) өтүшү мүмкүн.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG