Кээ бир медиа эксперттер долбоордо журналисттердин ишин чектеген жагдайлар калганын билдирип жатат.
Парламент комитетинин жыйынында мыйзам долбоору тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев баяндама жасады. Ал бул компромисстик вариант экенине токтолуп, талаш-талкуу жараткан жоболор дээрлик алынганын билдирди. Мисалы, мурдагыдай милдеттүү түрдө каттоодон өтүү талап кылынбасын, ыктыярдуу түрдө болорун белгиледи:
"2022-жылы жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке киргизилген. Бирок абдан кызуу талаш-талкуу жаратып, бир топ нааразычылыктан кийин президент журналисттер журтчулугун чакырып, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте кеңешме өткөргөн. Ошол кеңешмеден кийин президенттин тапшырмасы менен биздин министрлик бул мыйзамды артка кайтарып алган. Ошол жыйынга катышкан журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, ЖК депутаттары катышкан жумушчу топ түзүлгөн. Бул мыйзам долбоору ошол жумушчу топтун колдоосуна ээ болуп, компромисстик вариант деп сунушталып жатат".
Тагаев макулдашылган вариантына ылайык, каттоодон өтүү ыктыярдуу түрдө болоруна токтолду. Бирок каттоодон өткөндөргө мамлекеттик орган-мекемелерден маалымат алуу жеңил болорун айтты:
"Биринчи вариантында ЖМК суроосуна жооп алышы үчүн ошол мамлекеттик органдардын баарынан аккредитациядан өтүшү керек деген пункт кирип калган, биз аны алып салдык. Мурункусунда айыл өкмөттөн, акимияттан, облустук акимчиликтен дагы каттоодон өтүшү керек болчу, аны алдык. Мурдагысында Санарип жана Юстиция министрликтеринен сөзсүз каттоодон өтүшү керек деген жобо бар эле. Азыркысында болсо ыктыярдуу түрдө дедик жана Юстиция министрлигин гана калтырдык. Бирок журналисттерди кызыктыруучу пунктту киргиздик. Эгер каттоодон өткөн ЖМК мамлекеттик органдарга кайрылса, аларга мамлекеттик органдар үч күндүн ичинде жооп бериши керек, эгер жооп бере албай калса, себебин айтып билдирме бериши керек. Эгер каттоодон өтпөгөн медиа болсо, анда 14 күндүн ичинде жооп берилсе болот. ЖМК Кыргызстандын мыйзамдарын бузган учурда биз тараптан 12 айдын ичинде экиден ашык эскертүү берилсе, биз аны жабуу тууралуу сотко кайрылабыз".
Буга чейинки варианттарында Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк тартаптын катышуусу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыккан.
Жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жалпысынан каттоо жеңилдетилген деп билдирди:
"Азыркы мыйзамда 12-13 негиз менен каттоодон өтүү көрсөтүлгөн. Басылманын түрү, көлөмү, тиражы деген жерлери бар эле. Азыркы мыйзам долбоорун төрт гана негиз калды. Каттоонун мөөнөтү эки күнгө кыскарды. Интернетте сайтты каттоо дагы ыктыярдуу түрдө болот, буга чейинкисинде болсо милдеттүү түрдө деп белгиленген эле. Юстиция органдарында токтотуп коюу деген жок. Бул укук сотко гана өткөрүп берилип жатат".
Талкуу маалында жумушчу топтун айрым мүчөлөрү бул мыйзам долбоорундагы кээ бир беренелерге макул эместигин белгилеп, өзгөчө пикир билдиргени белгилүү болду. Документти экинчи окууда комитеттин жыйынына алып келгенде, аларды дагы чакырып, пикирин угуу сунушталды. Депутат Бактияр Калпаев мыйзам журналисттердин ишин чектебеши керектигин эскертти:
"Каршы пикирин айткан сегиз кишинин, журналисттердин дагы жыйынга катышуусун камсыз кылып беришсе, биз алардын дагы оюн уксак. Бир тараптуу эле маалымат болуп калбасын. Юстиция министринин орун басары жалаа жабууга байланыштуу мыйзам кабыл алынды деп айтып кетти. Ушул мыйзам менен эми мындан ары журналисттерге чектөөлөрдү токтотуп, алардын иштешине шарт түзүп берсек. Анткени алар дагы элге пайдалуу иликтөөлөрдү жасап келе жатышат. Туура, тартип болушу керек, бирок ошол эле учурда аларга чектөөлөрдү көбөйтө бербей, шарт түзүүнүн үстүндө дагы иш алып барсаңыздар. Буга чейин канчалаган журналисттер коррупциялык иштерди ачыктап беришти. Ошондуктан аларды чектей бербей, шарт да түзүп берели".
Туура бир жыл мурда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, журналисттер менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Мындан көп өтпөй анын тапшырмасы менен ошол маалда талаш-талкуу, нааразылык жаратып жаткан ЖМК тууралуу мыйзам долбоору кайра кайтарып алынган.
Документтин соңку вариантын иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн арасында журналист, "Говори ТВ" телеканалынын башчысы Кайыргүл Урумканова дагы болгон. Анын айтымында, талаш-тартыштуу бир топ жоболор алынып, жумшарганы менен, айрым чектөөлөр калды:
"Муну алтынчы вариант деп айтсак болот. Биринчи варианты даярдалганда биз катышкан эмеспиз, аны президенттин администрациясы өзү сунуштаган. Биз ар бир сунушталган вариантка өзүбүздүн корутундуларыбызды берип турган учурда анын баары эске алынган эмес. Ошондуктан медиа уюмдар ал варианттарга каршы пикирин билдирген. Ошол долбоор Жогорку Кеңешке жеткен. Албетте, биринчи, алтургай бешинчи вариантына караганда азыркысы чынында эле дурусурак көрүнөт. Анткени көп тобокелчиликтер алынды десек болот. Башында аябай көп нерселерди киргизип салышкан. Ошондуктан бул вариантты компромисстүү деп айтсак болот. Эгер бизге койсо, ошол жактагы бардык чектөөнү алып салмакпыз. Анткени бул вариантта деле чектөөлөр бар. Бирок компромисстүү дегенден улам биз көп нерсеге макул болдук. Азыркысында ар бир ЖМК ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болот. Бирок бир-эки кемчилик кетирип койсо, анда анын каттоосун жокко чыгарып коюшу толук ыктымал болуп турат. Ошондуктан ушул жерин дагы дыкат карап туруш керек. Ошол каттоосун жокко чыгаруу маселесин ким чечет деген суроо бар. Андан сырткары ЖМКлар кайсы учурда кайсы органдан маалымат ала алат деген дагы бир берене кирип калыптыр. Бул беренени дагы карап чыгыш керек. Анткени ЖМКлар баарынан маалымат алышы керек, бирөөнө дагы артыкчылык берилбеши керек. Бул беренени карап чыксак, укук коргоо органдарынан өзүбүз берген суроолорго жооп ала албайт экенбиз. Ошондуктан ал беренени дагы карап чыгышыбыз керек".
Мыйзам долбоордун ЖКнын дагы бир комитети, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети дагы карап, биринчи окууда жактырган.
Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн.
Шерине