Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова акка моюн сунганы тууралуу кабар социалдык медиада жекшембиде кечке жуук тарады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы беш жылга абакка кесилген журналистке чоң апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга 5-мартка чейин уруксат берди.
Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. Ал буга чейин журналистти чоң энесинин тажыясына катышууга уруксат берүүнү сурап, Азамат Ишенбеков жаза өтөп жаткан абактын жетекчилигине арыз менен кайрылган.
Кырк мүнөттүк жолугушуу
“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылдык жазасын абакта өтөп жаткан Азамат Ишенбеков 1-мартта оор абалда жаткан чоң апасын көрүү үчүн Нарынга барган.
Ал маалда Азаматтын чоң апасы облустук ооруканада эс-учун жоготкон абалда жаткан.
Азаматтын агасы Давлет Тезекбаев буларды айтып берди:
"Азаматты алып келген Жаза аткаруу кызматынын кишилери да реанимацияга киришти. Биз Азаматка апамдын оор абалда экенин айткан эмеспиз. "Катуу ооруп жатат" деп эле айткан элек. Апасын көргөндөн тарта Азаматтын жашы токтогон жок. "Апа, ушундай болуп калат белең" деп ыйлады. Дарыгерлер "кулагы угат" дегенинен Азамат сүйлөп жатты. Аны карап туруп биздин жүрөгүбүз ооруду. Анан Азаматты тез эле машинеге жүктөп алып кетишти. Кандай болгон күндө да алып келгенине ыраазыбыз. Апасын тирүү кезинде көрүп калса деп тилеп жатканбыз".
27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон.
"Азаттык" буга чейин Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова тууралуу видео тарткан. Анда ал уул-келини өтүп кеткенден кийин баккан небереси камалып кеткенден кийин ыйлай берип көзү көрбөй калганын айткан.
Чоң эне анда небересин сот беш жылга кесип жибергенин уга элек болчу.
Давлет Тезекбаев энесинин инсульт алышына ушул суук кабар себепчи болду деп эсептейт. 25-февралда небереси абакта беш жыл жатарын сыналгыдан уккан эне бүк түшүп жатып калганын кошумчалады.
"Ошол күнү сотко катышып келгем. "Бир-эки айда чыгат экен" деп койгом. Көзү көрбөсө да телевизордун үнүн угат да. Кечки жаңылыктардан "Беш жылга эркинен ажыратылды" дегенди угуптур. "Мени алдаган турбайсыңарбы" деп капа болуп, ыйлап жатты. 27-февралда бөлмөсүнө кирсем, уктап жаткан экен. Эс ала берсин деп чыгып кеткем. Бир аздан кийин уулум келип, апамдын башы кыйшайып калганын айтты. Чуркап барсам, эсин жоготуп коюптур. Токмоктун ооруканасына алып барсак, инсульт деп айтышты. Өзүнө келбей жатканынан Нарынга 1-мартта күндүзгү саат экилерде алып келгенбиз. Азаматты болсо кечки саат жетиде алып келишти. Апам ушул күнгө чейин "Азаматымды бир жыттап, бир көрсөм экен, кагылайыным, каралдым" деп жатты. Азыр эми тилден калып, оор абалда жатат. Азаматка чыккан өкүмдү уккандан кийин эле ушундай болду. Болбосо ага чейин Азамат аз күндө келет деп жооткотуп жаткан элек да", - деди Тезекбаев.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Азамат Ишенбековду беш жылга, Махабат Тажибек кызын алты жылга абакка кескен. Жогорку сот 25-февралда журналисттердин кассациялык арызын карап, райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Жаза аткаруу кызматынын жообу
“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков учурда Чүйдүн Петровка айлындагы №8 абагында жаза өтөп жатат.
Жаза аткаруу кызматы "Азаттыкка" Азамат Ишенбековго апасын көрүп келүүгө бир күнгө гана уруксат берген.
"№8 абакта жазасын өтөп жаткан Ишенбеков Азаматка чоң энеси катуу ооруп жатканына байланыштуу бир күнгө кыска мөөнөткө чыгып келүүгө уруксат берилген. Уруксат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, анда өзгөчө жеке жагдайлар болгон учурда соттолгон адамдын убактылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү каралган. Соттолгон Ишенбековду Нарын шаардык ооруканасына ЖАМК кызматкерлери коштоп барган. Бардык иштер белгиленген эрежелерге ылайык уюштурулган жана бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүзөгө ашырылды".
Журналисттердин укугун коргогон адвокаттардын белгилешинче, Жазык аткаруу кодексинин 97-беренесине ылайык, камакта жаткан адам жүйөлүү себептерден улам жакындарына барып келүүнү суранып, арыз менен абак жетекчилигине кайрылса, анын арызы бир сутканын ичинде каралууга тийиш. Ага уруксат берүү же бербөө чечимин абак жетекчилиги кабыл ала алат.
Жүйөлүү себептердин катарына жакын тууганынын өлүмү же оорунун оор түрү; соттолгон адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирген табигый кырсыктар дагы кирет. Абакта отурган адамга мындай учурда алган жазасына ылайык белгилүү бир мөөнөткө чейин күч органдарынын коштоосунда сыртта жүрүүгө уруксат каралган.
Жарандык коомдун суранычы
Азаматтын чоң энеси ооруп жатканы Фейсбукта чоң талкууга айланган. Жарандык активисттер жана укук коргоочулар абактагы акынга апасын көрүп келүүгө уруксат сурап, бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.
Активист Айбек Теңизбай журналистти кайра эле абакка алып кетүү чечимин сындады.
"Үч күнгө уруксат берилди дегенде туура чечим болду деп кубаттаган элек. Себеби, бул саясий өңүттө каралып жаткан иш. Андай негизде кармалган адамдарга жеңилдиктер берилгени жакшы. Бирок бат эле алып кетип калышканын уктук. Менин пикиримде анчалык шашуунун зарылдыгы жок болчу. Мындан көрө чыгарбай эле коюшса болмок экен. Башында үч күн деп, кайра бир күнгө алмашып калганы туура эмес. Убагында президент Жапаровдун башынан ушуга окшош бир эмес, эки окуя өткөн. Ишенбековду чыгарып, кайра алып кеткени адам укугун чектөө. Себеби, Азамат камакта, сот өкүм чыгарды. Бирок аны чыгарып же чыгарбоо саясий чечим болуп жатпайбы".
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров журналистке карата мындай катаал мамилеге капа болгонун жашырган жок.
"Ал ушунчалык эмне кылмыш кылды эле? Мен ушуга абдан таң калам да. Акыркы күндөрүн жашап жаткан апасына жолугууга уруксат берип, бирок убактысын чектеп койгону ташбоорлук, шылдың. Коомчулуктун пикирин эске алуу катары кабыл албайм муну. Моралдык жактан да, гумандуулук жактан да туура эмес иш болуп калды. Байкуш эне балким өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн жашап жатат. Мүмкүн ары карап кетет. Ошондуктан акырына чейин анын жанында турууга мүмкүнчүлүк түзүп беришсе деле болмок".
Ал эми журналист Мырзакат Тыналиев Жаза аткаруу кызматы мыйзам чегинде иш алып барды деген пикирде.
"Адатта кызматкерлер ошол мыйзамдарга каршы келбеген буйрук, чечимдерди чыгарат. Демек абактын же Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги да мыйзамдын негизинде чечим чыгарган".
Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган. Соттолгондор айыпты четке кагышкан болчу. Кийин айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.
Темиров LIVE редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров пробация жазасы менен абактан бошотулган.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, авторитардык башкарууга жол берилбей турганын белгилеп келет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевада өткөн кезектеги 58-сессиясында “Кыргызстан демократиялык принциптерге, анын ичинде сөз эркиндигин жана жарандардын тынч митингдерге чогулуу эркиндигин камсыздоого толук дилгир экенин” айткан.
Анткен менен бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму 1-мартта Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Калласка жолдонгон кайрылуусунда Кыргызстандагы тынч жыйындарга чогулууга чектөө, журналисттердин соттолгону, “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы кабыл алынышы сыяктуу маселелерге токтолгон.
Шерине