Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

"Биримдик күчтүү болсо, сырткы таасир азаймак"


“Борбордук Азияда биримдик күчтүү болсо сырткы таасирлер азаят эле”
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:06 0:00

“Борбордук Азияда биримдик күчтүү болсо сырткы таасирлер азаят эле”

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары, экономика боюнча эл аралык серепчи Жаныбек Оморов болду.

Ал маегинде 1990-жылдардагы “ПЕСАК” (PESAC - рентабелдүү эмес деп эсептелген мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү, таратуу, менчиктештирүү программасы 1993-1996-жылдары Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылган - ред.:) программасынын тагдыры, эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу, ири мамлекеттердин акча-насыя саясатка таасири, экономикалык мега долбоорлорго кошуна мамлекеттердин мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди.

- Жаныбек мырза, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарына “ПЕСАК” деген программа келип, өлкөнүн өнөр жайын талкалап кетти, сырткы күчтөр атайын жасашкан деп калышат. Анын чындыгы барбы?

- Кыргызстан 1990-жылдардын башында базар экономикасына өтөбүз деп жарыялады. Жеке менчик системасы киргенден кийин өкмөт, банк тармагы, мыйзамдар ж.б. өзгөрүш керек болду. Мына ушул максатта Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарына мүчө болду, анын да жакшы жактары болду. Анан ага жараша программалардын баары эле идеалдуу боло бербейт. “ПЕСАК” программасын Бүткүл дүйнөлүк банк сунуштаган, өнөр жайды жаңы шартта өнүктүрүүгө 150 миллион доллар акча бөлгөн, ниеттери жакшы эле болчу, реформа кыла турган сунуштарды берген. Кыргызстан аны кабыл алууга аргасыз болгон. Анткени бизде башка аргабыз жок болчу. Эски системага көнүп алган жаныбыз кылчактаган учурлар көп болду. Ал учурда бизде да тийиштүү адистер, экперттер жок болуп калды.

- Эл аралык каржы институттары держава мамлекеттер аркылуу башкарылат, асыресе АКШда деп калышат. Анын чындыгы барбы?

- Бир аз тарыхка кылчайсак, Эл аралык валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк банк экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америкада уюштурулган. Эже-сиңдидей бул эки уюм АКШнын күчтүү экономикасы аркылуу Европага жардам берүүнү максатын көздөгөн. Америка аталган каржы уюмдарын уюштурууда негизги акционер болгон. Кийин акционер болуп, Жапония, Франция ж.б. мамлекеттер киришкен. Албетте, Америка башкы акционер болгондуктан чечүүчү добуштар аларда болгондуктан акыркы сөздү алар айтат, таасири күч болору талашсыз. Алар да өз кызыкчылыгын көздөшөт.

- Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгону эл аралык каржы институттары менен иштешип келет. Алардан насыя-кредит алуу кандай чечилет, сүйлөшүүлөр кандай, кайсы деңгээлде жүрөт?

- Биринчиден, биздин өкмөт экономикадагы узун мөөнөттүү приоритеттерди аныкташы керек. Анан ага жараша долбоорлорду аныктап, эл аралык каржы уюмдарына кайрылышат. Мисалы, 1990-жылдары Бишкек-Ош жолун оңдоо, телекоммуникация тармагын жакшыртуу деген долбоорлор жазылып, насыя алып каржыланган.
Экинчиден, биздин өкмөт жазган долбоорлорун эл аралык каржы уюмдарына беришет. Алар бардык сунуштарды карап, талдап чыккандан кийин бул долборду колдой алабыз (же колдой албайбыз), ага мынча насыя бере алабыз, деп айтышат. Ага жараша дагы сүйлөшүүлөр, макулдашуулар болгондон кийин каржылана баштайт. Булар насыя менен кошо гранттарды да беришет, пайыздык көрсөткүчтөрү да төмөн.

- Атамбаев президент болуп турганда Кытайдан алынган насыялар-кредиттердин пайызы абдан жогору болуп калган, Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой алган эмес деп калышат. Мисалы, ошол эле Бишкек ЖЭБинин курулушу... Сиздин оюңуз кандай?

- Акыркы жылдары Кытай дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө инвестициялык саясатты активдештирип жатышат. Салыштырмалуу айтканда Кытайдан алган эки пайыздык насыялар деле арзан. Кеп анын максаттуу жумшалып жатабы, натыйжасы болуп жатабы, биздин өкмөт көзөмөлдөш керек. Мисалы, Кытайдын насыясына Тажикстанда Дүйшөмбү шаарында Бишкектегидей эле ЖЭБ курулду, бирок баасы бир топ арзанга түштү. Насыяларды натыйжалуу иштетүү өз колубузда.

- Кыргызстандын сырткы карызы көбөйүп кетти, аны төлөө кыйын болот деп сарсанаа болгондор көп. Деги Кыргызстандын азыркы тышкы карызынын көлөмү канчалык деңгээлде? Өлкөнүн келечегине кооптонууну туудурабы?

- Белгилүү деңгээлге чейин сырттан карыз алуу экономика үчүн абдан пайдалуу болот. Эгерде карыз өлкөнүн ички дүң жыйымынан көп болуп баратса, анда коркунучтуу болот. Андай болгондо каржы уюмдары да мамлекет төлөй алабы, жокпу деп тынчсыздана башташат. Кырдаалды талдап турушат. Дүйнөнүн дээрлик көп өлкөлөрү карыз алышат.

- Держава мамлекет демекчи, Орусия Кыргызстанга мунай, газ берүү менен каржылык көз каранды кылып алган деп калышат. Ушунун негизи барбы?

- Ооба, бул сөздүн чындыгы бар. Кыргызстан өзүнө жетерлик газ, мунай чыгарбайт, сыртка көз карандыбыз. Орусия мурдатан келаткан көнгөн адат боюнча эле үстөмдүк кылып келатат. Бул багытта кошуна мамлекеттер ортосунда кызматташтык жакшы нукка түшпөй жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жеке позициялары, амбициялары да чоң таасир тийгизүүдө. Эгер аймактагы биримдик күчтүү болсо сырткы кысымдар, таасирлер да азаят эле.

XS
SM
MD
LG