Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

"Концертине президент келчү". Көп кырдуу таланттын ишке ашпай калган көксөөсү


“Кино дүйнөсүнө эми киргенде өмүрдөн өтүп кетти”
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:41 0:00

“Кино дүйнөсүнө эми киргенде өмүрдөн өтүп кетти”

Бишкекте пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев эскерилди. Маркум талант август айынын соңунда 48 жашында рак илдетинен көз жумган.

Буга чейин анын саламаттыгы жөнүндө айтып чыккан кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурап, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж болуп турганын билдиришкен. 2000-жылдардын башында таланттуу пианист катары таанылган Атагелдиевдин чыгармачылыгы жана эскерүү кечеси тууралуу кеп кылабыз.

Кечээ гана чыгармачылык менен жигердүү иштеп жүргөн таланттуу пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиевди бүгүн жакындары жоктоп, кайгырып турат.

Алардын айтымында, өнөр адамынын бир жыл мурун жамбаш сөөгү кээде ооруй калып, өз алдынча дарыланып жүргөн экен.

Оор дартка чалдыкканын Атагелдиев быйыл жаз айларында гана билиптир. Анда жергиликтүү дарыгерлер ага 3-4-стадиядагы онкологиялык дарты (остеосаркома) бар деген диагноз коюшкан. Омурткасындагы шишик жамбаш сөөктөрүнө чейин өтүп кетип, соңку учурда баса албай төшөктө жатып калган эле. Оор сыноону баштан өткөргөн талантты акыры ошол оорусу алып тынды.

Эмил Атагелдиевдин жубайы Жамиля Нусупбекова жолдошунун алдыда жаркын максаттары бар экенин айтып отурду:

Жамиля Нусупбекова.
Жамиля Нусупбекова.

“Анын пландары абдан көп эле. Оорусу башталганда Эрке Жумакматова менен бирге “Курак” тасмасын тартты. Ушул тасма тартылып бүткөндөн кийин эле төшөктө жатып калды. Төрт айдан кийин минтип көзү өтүп кетти. Алар алдыда “Маңкурт” тасмасын да тартабыз деп турган. Мындан сырткары Эмил “Туран” аттуу тасманы тартам деп жүргөн. Ал бул эмгеги өз чыгармачылыгынын туу чокусу болот деп кыялданчу эле. Тилекке каршы, бул максатына жетпей кетти. Шүгүр кылганым - улуу балам атасынын жолун жолдоп өсүп келе жатат. Ал оператор. Атасы жетпеген бийиктиктерге жетсе экен деп турабыз”.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиевдин кесиптештери, жакындары буга чейин байма-бай кайрылууларды жасап, анын дарылануусуна көмөк сурашкан.

Мындай кайрылууну алар өлкө президенти Садыр Жапаровго, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге, маданият министри Алтынбек Максүтовго чейин жеткиргенин айтышкан.


Кайрымдуулук иштеринин башында жүргөн Атагелдиевдин кесиптеши, продюсер Эрке Жумакматова июнь айында каражат өтө жай топтолуп жатканын билдирген.

Эми ал эң жакын, талантуу кесиптешин жоготконуна өзөгү өрттөнүп турат:

Эрке Жумакматова.
Эрке Жумакматова.

“Эмилдей эрудициясы, билими терең адамдар адабият, музыка, кино дүйнөсүндө, дегеле искусство тармагында өтө аз. Ошондуктан анын өмүрдөн өтүшү Кыргызстандын маданияты үчүн орду толгус жоготуу болду. Эмилдин жасай турган иштери али алдыда эле. Анткени анын режиссерлук өсүш жолу эми гана жаңыдан башталып жаткан. Көздөгөнүн эми жасаар учуру келгенде жетишпей минтип биздин катардан кеткени абдан оор болуп турат”.

48 жашында көз жумган режиссер, сценарист, кесипкөй музыкант Эмил Атагелдиев музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Кыргыз Республикасынын эл артисти Мунарбек Атагелдиев белгилүү скрипач болсо, апасы Раиса Атагелдиева да өмүрүн жаш жеткинчектерге скрипка үйрөтүүгө арнап, музыкалык окуу жайда сабак берген. Алар экөө тең учурунда узак жылдар бою Кыргыз мамлекеттик телерадионун симфониялык оркестринде эмгектенишкен. Мунарбек Атагелдиев 1971-жылдан тарта Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин концертмейстери болгон. Ал 2014-жылы дүйнөдөн өтсө, жубайы Раиса Атагелдиева 2023-жылдын соңунда машине коюп кетип көз жумган.


Эмил Атагелдиев 1994-1998-жылдары Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияда окуган. 1999-жылы Париждеги Альфред Корто атындагы Жогорку музыкалык мектептин аспиранты болгон.
2001-2007-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын фортепиано кафедрасында сабак берген.

Мына ушундан кийин ал бала чагынан бери кинорежиссер болуу кыялын орундатууну каалап, кино дүйнөсүнө баш баккан.

2007-жылы Кинематографияны өнүктүрүү фонду уюштурган кинорежиссерлор үчүн биринчи билим берүү курсуна катышса, 2010-жылы Москвадагы сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсун аяктаган.

Атагелдиевди жакындан билген замандаштары аны адабият, музыка, философияга каныгып өскөн адам катары сыпатташат.

Маркумду эскерүү кечесинде сөз сүйлөгөн устаты, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков Атагелдиевди киного атайын даярдык менен келгенин айтты:

Артыкпай Сүйүндүков.
Артыкпай Сүйүндүков.

“Кинорежиссерлор үчүн биринчи билим берүү курсун ачканыбызда мен, Талип Ибраимовдор болуп экзамен алганбыз. Ошондо мен Эмилден “сен эл аралык коомчулук тааныган белгилүү музыкантсың, кино сен үчүн хобби элеби?” деп сурадым. Анткени актерлук же музыкалык билими бар таланттар киного келгенде өзүнүн чыгармачыл жүзүн, дараметин жоготуп алган мисалдар көп. Анан Эмил чечкиндүү түрдө “жок, кино мен үчүн эрмек эмес, бул ойлонулган чечим, мен толугу менен киного келдим” деп айткан эле”.

Аныгында эле Атагелдиевдин киного келиши анан чечкиндүү кадамы болгон. Ошол эле убакта анын мындай аракеттери кино дүйнөсүндө жемишин бере баштаган. Анын төрт жыл мурун тарткан "Көл" аттуу философиялык мазмундагы тасмасы айрым чет мамлекеттердеги фестивалдарга катышкан.


Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Атагелдиевдин чыгармачыл изденүүлөрү, тасмада көтөргөн идеялары тууралуу буларды айтты:

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

“Эмилдин эң негизги өзгөчөлүгү изденүүгө дилгирлиги болчу. Бул музыкада жүрүп өзүн таппай, анан киного келип да өзүнүн жолун, дүйнөсүн изденди. Ары урунду, бери урунду. Тасмасы фестивалдарга катышып, мына эми өзүмдү табам деген изденүү менен жүрдү. Тасмаларында адамдын ички дүйнөсүнө, ааламдык маселелерге көңүл бурду. Биз кайдан келдик, кайда баратабыз деген өңдүү философиялык ойлорун элге кино аркылуу жеткиргиси келчү”.

Эмил Атагелдиев мыкты пианист катары Европа, Азия, Америкадан бери кыдырып концерт коюп келген. Кесиптештери да кезинде ал Асанкан Жумакматов атындагы академиялык-симфониялык оркестр менен бирге кыргыз сахнасында эчен ирет жүрөк элжирете классикалык чыгармаларда кол ойнотконун айтып келишет.

Анткен менен анын киного болгон кызыгуусу жаштайынан эле ойгонуп, ар убак ушул тармакты самап жүрүптүр.

Атагелдиевдин устаты, эл артисти, пианист Полина Цокуренко шакиртинин таланты тууралуу буларды айтты:

Полина Цокуренко.
Полина Цокуренко.

“Анын мүнөзү пианисттин табиятына тиешелүү эмес экенин кийин түшүндүм. Роялда ойноочулар бул аспап менен 6-8 сааттап отурууга туура келет. Эмил бул үчүн жаралбаптыр. Анын табиятына кино көбүрөөк жарашыптыр. Аны ошол кезде түшүнбөптүрмүн. Асанкан Жумакматов оркестри менен кандай гана керемет концерттер өттү. Ал Чайковскийдин концерттердин мыкты ойночу. Аскар Акаев менен Майрам Акаева анын күйөрмандары эле”.

Арт-хаус жанрындагы (жеке авторлук көз караш менен тартылган) тасмаларга басым жасаган Атагелдиев азаптуу дартка чалдыкканча Франция, Швейцария жана Сербия мамлекеттери менен биргеликте тартылган “Курак” тасмасына да режиссерлук кылып жаткан. Учурда тасманы монтаждоо иштерин продюсер Эрке Жумакматова колго алыптыр.

2014-жылдан бери Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ, Бишкек) Телевидение, кино жана медиа-искусство факультетинин мугалими болуп иштеген Эмил Атагелдиевдин сөөгү өзүнүн өтүнүчү менен Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кутургу айылында жерге берилген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Тектеш

XS
SM
MD
LG