Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Дагестанда никаб кийүүгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Муфтият мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынганын кабарлады. Серепчилер муну ксенофобиянын кезектеги толкуну жана "радикалдарга каршы күрөш" өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалап жатышат.

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Махачкала менен Дербенттеги кол салуулардан көп өтпөй никаб кийүүгө "шашылыш" тыюу салууну сунуштаганы ар кандай талкууларга кайрадан жол ачты. Ал салттуу кийимдерге тыюу салуу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, исламды жана мигранттарды сындаган.

"Ислам террорунун туусун Орусиянын аймагына киргизишти, ошондуктан Мамлекеттик Дума тез арада алардын жүрүм-турумун жөнгө салышы керек. Ал жерде тыюу салынган, бирок бул жерде уруксат берилген. Эмнеге? Билбейм", - деген Бастрыкин кайсы өлкө же аймак тууралуу айтып жатканын чечмелеген жок.

28-июнда ушул эле темада сүйлөп жатып, Бастрыкин Орусияда 2023-жылы экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын саны 147% өскөнүн белгилеген. Бирок буга мигранттар кирептер болгонбу же жокпу так айткан эмес.

Быйыл февралда Орусиянын Илимдер академиясынын Демографиялык изилдөөлөр институту өлкөдө жасалган кылмыштардын жалпы санынын 2% мигранттар түзөрүн билдирген.

Саясий чектөө

Ал тапта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Бастрыкинге жооп берип, мындай сөздөрдү айтууда "өтө кылдат" болууга чакырган. Ал ислам менен терроризмди бир деңгээлге койбоону сунуштап, террордук чабуулдарды мусулмандар эмес, "ашынган фанаттар жасашат" деген.

Атын атагысы келбеген диний аалым "Кавказ Реалии" сайтына курган маегинде "никаб кийүүгө тыюу салууга эч кандай негиз жок" деген. Ал тыюу салуу боюнча чечимдер диний эмес, негизинен саясий мүнөзгө ээ экенин кошумчалаган.

Никабга тыюу салууну өкмөтчүл диний жана коомдук ишмерлер да колдойт. Алардын катарында Түндүк Кавказ мусулмандарынын координациялык борборунун төрагасы Исмаил Бердиев бар. Ал чечимге чейин эле Орусиянын курамындагы башка республикаларга да эрежени жайылтууну убадалаган.

Ал эми координациялык борбордун Москвадагы өкүлү Шафиг Пшихачев никаб кийүүгө тыюу салган фатваны "жакшы демилге" деп сыпаттаган.

Ошентип 3-июлдан тарта Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салган чечим күчүнө кирди. Муфтияттын Телеграм-каналындагы маалыматта айтылгандай, мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Дагестан муфтийинин орун басары Абдулла Салимов никабга тыюу салуу "кооптуу жагдайлар жоюлуп, жаңы теологиялык корутунду чыкмайынча" улана турганын билдирди.

Тамилла Иманова
Тамилла Иманова

"Паранжа, никаб сыяктуу диний кийимдерди кийүү укугу ачык-айкын эмес жана көптөгөн өлкөлөр үчүн, ошондой эле эл аралык соттор үчүн талаштуу", - дейт "Мемориал" укук коргоо борборунун юристи Тамилла Иманова.

Алсак, Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) быйыл апрелде "Билим берүү кеңеши (Бельгиядагы орган) мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салууга укуктуу жана бул мусулман окуучу кыздардын дин тутуу эркиндигин бузбайт" деген чечим чыгарган.

Ошондой эле Адам укуктары боюнча Европа соту Францияда коомдук жайларда кыз-келиндердин бети-башын чүмкөп, паранжычан жүрүшүнө тыюу салган мыйзамды колдоп, мындай чектөө демократиялык коомго керек экенин тастыктаган.

"Адам укуктары боюнча Европа соту өз чечимдеринде толеранттуулукту камсыз кылуу зарылчылыгы жөнүндө жазат, ансыз демократиялык коом болушу мүмкүн эмес делет. Орусия толеранттуулуктан, ачык маанайдан, тилекке каршы, бардык аймактарда мыйзамды бирдей колдонуудан дагы эле алыс" - дейт юрист Иманова.

"Аялдарды эч ким коргобойт"

Тамилла Иманова салттуу мусулман аймактарында күйөөлөр, үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрү же жергиликтүү жамааттар бул чектөөнү этибарга албай, аялдарды никаб кийүүнү улантууга мажбурлашы мүмкүн экенин айтат. Анын баамында, акыр-аягы аялдарга айып пул чегерилип, камакка алынышы ыктымал.

"Мыйзам боюнча никабдан баш тартуу менен аял башкалардын агрессиясына кабылышы мүмкүн. Мамлекет аны үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан же бейбаштыктан коргой албай турганы жашыруун эмес. Дегеле, Европа өлкөлөрүндө мусулман кийимин кийүү маселеси канчалык талаш-тартыштуу болбосун, орусиялык мыйзам чыгаруучу биринчи кезекте мусулман аялдардын өтө аялуу катмарынын укуктарын коргоого көңүл буруп, андан кийин гана аларга тыюу салышы керек эле", - деген көз карашы менен бөлүштү ал.

Орусияда хижаб кийген айрым аялдар социалдык кысымга да кабылып келгени белгилүү.

"1-июлда Москва шаарынын метросунда бир аял хижаб кийген башка бир аялга бычак менен кол салган. Башка жүргүнчүлөр кийлигишкенде кол салган аял аларга да агрессивдүү мамиле жасаган. Милиция тергөө иштерин баштады", - деп жазат Msk1.ru сайты.

Буга чейин никабчан аялга байланыштуу башка бир жаңжал чыккан. Хасавюрт шаарындагы жеке клиниканын эндокринологу никаб кийген бейтапты кабыл алуудан баш тартканы айтылган. Дарыгер Евгения Макеева бейтапты текшерүү үчүн никабын чечүүнү суранганын айтат. Диний активист Гажимурад Атаев клиниканын ээсинен дарыгердин эл алдында кечирим суроосун талап кылган.

Анын кечирим сураган видеосу жарыялангандан кийин активист Атаев белгисиз себептер менен кармалган, Дагестандын башчысы Сергей Меликов аны коргоого убада берген.

Мусулмандарга болгон мамиле

Дагестандык журналист жана укук коргоочу, "Марем" кризистик тобунун жетекчиси Светлана Анохина Орусияда ксенофобиянын деңгээлин эске алганда, никаб кийүү чакырык катары кабылданарын айтат. Анын айтымында, кээде мусулмандар өздөрү никабга терс мамиле кылышат.

"Карасаңыздар, аялдын кандай кийим кийүүсүн дагы эле эркектер чечет. "Сага эмне хижаб жетишпейби? Хижаб кий, эмнеге никаб кийдиң?" дешет. Биздин өлкөдө аялга эмне кийиш керек, кандай ойлонуш керек, канча жолу төрөш керек, боюна бүтөбү же жокпу дегенге чейин кийлигишет. Никаб кийүү да эркиндиктин жана тандоонун бир бөлүгү, бирок аялдардын кийими эми мамлекеттик деңгээлде чечилип жатат", - дейт Анохина "Кавказ Реалии" сайтына берген маегинде.

Ал эми блогер, укук коргоочу жана жазуучу Мариям Алиева акыркы кездери аймактын көптөгөн кыз-келиндери никаб кийүүнү моданын бир бөлүгү катары кабыл алып, аны көздүн түстүү макияжы менен айкалыштырып кийип жатышканына токтолду:

Mариям Aлиева
Mариям Aлиева

"Азыр таптакыр башка себептерден улам никаб кийишүүдө", — дейт Алиева.

Ал Бастрыкиндин никабга тыюу салуу жөнүндөгү билдирүүлөрүн "радикалдар менен күрөштү" ачык көрсөтүүнүн бир ыкмасы деп сыпаттайт.

Атын атагысы келбеген дагестандык коомдук активисттин айтымында, муфтият ар дайым бийликтин чечимдерин колдоп, аларга жол көрсөтүүчү болуп келет.

"Акыркы убакта бизде исламофобия күчөгөнүн көрүп жатабыз. Никаб маселеси - мусулмандарга болгон мамиленин күзгүсү. Бирок никабга тыюу салуу чоң резонанс жаратат дегенден алысмын. Анткени Чеченстандын муфтийи да кыздарды никабын чечүүгө мажбурлаган. Ал эми аймактын мусулман калкынын өзү никабга ишенбейт. Мындай талкуулар диний маселени курчутуп жатканы - чоң көйгөй", - дейт активист.

Жамбулат Сулейманов
Жамбулат Сулейманов

Ал эми Европада жайгашкан ичкериялык "Биримдик" кыймылынын төрагасы Жамбулат Сулейманов "дин жана анын өкүлдөрү Кремл үчүн дайыма кооптуу" деген оюн билдирди. Анын баамында, никаб кийүүгө тыюу салган мыйзам Кремлдин "күч менен" реакция кыла албаганынан келип чыккан.

Орусияда никаб кийүүгө тыюу салуу Дагестандагы жана Ростов-на-Донудагы чабуулдардан мурда эле талкуулана баштаган. Адам укуктары боюнча кеңешинин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштаган. Бул тууралуу ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде айткан. Ага Ставрополь муфтияты жана мусулмандардын координациялык борбору колдоо көрсөткөн.

Быйыл 23-июнда колуна курал алган бир нече киши борбор калаа Махачкаладан 130 чакырымдай аралыктагы Дербент шаарында чиркөөгө жана синагогага кол салып, андан кийин кароолчуларга, полиция кызматкерлерине жана көчөдөгү адамдарга ок чыгарышкан. 21 киши каза болгону, 46 киши жараат алганы кабарланган. Кылмыш иши "теракт" жана "мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү" беренелеринин негизинде козголгон. Тергөөнү Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты жүргүзүүдө.

Никаб, паранжы деген эмне?

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

Паранжы - аялдардын баш кийими. Аны кийген аялдын көзү гана көрүнүп, ал тор менен жабылат. Айрым ислам теологдорунун пикири боюнча аялдарга жүзүн жашыруунун кажети жок жана муну исламдын буйругу деп айтуу мүмкүн эмес.

  • Былтыр күздө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде да бети-башын толук чүмкөгөн, паранжы кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл болуп, өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу маселеге айланып баратканы белгиленген.
  • Өткөн айда Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам колдоо тапкан. Эми бийлик "маданиятка жат" деп эсептеген кийимге тыюу салып, баш ийбегендерди жазалайт.
  • Өзбекстанда узун сакал-муруттарды күчтөп алдырган учурлар катталып, өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салган.

Макала "Кавказ Реалии" сайтындагы материалдардын негизинде даярдалды.

XS
SM
MD
LG