Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

"Такси айдап жүрүп дайынсыз кетти". Москвада жоголгон Исланбек


Исланбек Токторбай уулу.
Исланбек Токторбай уулу.

Москвада сегиз айдан бери дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы кыргызстандык мигранттын жакындары "Азаттыкка" кайрылып, аны табууга жардам сурады. Алардын айтымында, Исланбек Токторбай уулу акыркы үч-төрт жылдан бери такси кызматында иштеп, Кыргызстанга келип-кетип турган.

Кыргызстанда миграцияга кетип, дайынсыз болгондордун так саны тууралуу маалымат жок, өткөн жылы жүзгө чукул кишинин дайыны табылбай издөө жарыяланганы айтылган.

"Токойдо качып, жашынып жүрөм дептир"

31 жаштагы Исланбек Токторбай уулу Москвада таксист болуп иштеп жүргөн. Бир тууган эжеси Зарина иниси акыркы жолу 2023-жылы 4-ноябрда байланышка чыккан бойдон дайынсыз кеткенин айтып берүүдө.

"Иним Исланбек былтыр августта Орусияга кеткен. Ага чейин да көп жолу барып иштеп, келип-кетип жүргөн. Акыркы жолу барганда таксист болуп иштеп жаткан. Бирок мен "сен таксист болуп иштебей эле айлыкка иште" деп айтып жүрдүм. Жашырганда эмне, иним ичип алчу. Алагүү абалында рулга отуруп, кырсыкка кириптер болбосо экен деп тынчсызданчумун. Көнбөй койгон, техникага жакын эле, машинаны жакшы көрчү. Былтыр 28-октябрда мас абалында машина айдап баратып, кармалып калыптыр. Полициябы же ГАИ кармаганбы билбейм, бизге кийин достору "машинасын МАДИ алып кетиптир" деп айтышты. Мен МАДИ дегени эмне экенин деле түшүнгөн жокмун. Иним 28-октябрдан 4-ноябрга чейин апама чалып, сүйлөшүп туруптур. Бирок дайыма мас абалында болчу экен. Апам "соолукканыңда сүйлөшөбүз" деп коюп коюптур. Мен да 4-ноябрда чалсам, бир мейманканада жаткан экен, уйку-соонун арасында "мен уктап атам, тынчымды алба" деп койду. Ошол бойдон кайра байланыша албадык. Чалсак, телефону чакырып атты, бирок алган жок. Ошентип, эки-үч күндөн кийин телефону "жеткиликсиз" болуп калды".

Заринанын сөзүнө караганда, алар инисин тааныш-билиш, дос-туугандан сураштырып, көпкө издешиптир.

"Таксист болуп жүргөн балдар "Исланбек машиналарын тез-тез алмаштырчу эле, акыркы жолу Перовая метродогу кавказдыктардан алган экен" дешти. Бир бала Али деген адамдын телефонун таап берип, "ушулардан алса керек" деди. Али дегенге чалсам, Дагенстандан экен, бирок Исланбекти тааныбай турганын айтты. "Биз мындай бала менен иштешкен эмеспиз, тааныбайм, бирок милицияда тааныштарым бар, базадан каратып берейин" деген. Кийинчерээк "милициянын базасында жок экен" деп койду. Көп өтпөй телефондорун өчүрүп, чалсак албай, мени "кара тизмеге" киргизип салды. Менин коркконум, иним мас болуп алардын машинасын уруп же башка кырсыктап бузуп алса, сабап өлтүрүп коюштубу же бир жерде кулчулукта кармап жүрүшөбү, айтор, санаам санга бөлүнүп жатат. Иним ноябрдын башында бир таанышына чалып, "токойдо качып, жашынып жүрөм" деп айткан экен. Биз аны кийин сураштырып жүргөнүбүздө уктук. Мен иним менен сүйлөшкөн бала менен байланыша албадым".

Исланбек. (Туугандары берген сүрөт)
Исланбек. (Туугандары берген сүрөт)

Кара-Суу РИИБ издөө жарыялаган

Исланбектин жакындары ал дайынсыз кеткенде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга укуктук жардам берип жүргөн бир нече адамга кайрылышкан.

Зарина Сахароводогу миграциялык борбордо камалып жатабы деген үмүт менен өзүн адвокат катары тааныштырган Тойчубек аттуу адамга да кайрылган экен:

"Тойчу деген адвокат Сахароводо андай адам жок экенин айтты. Элчиликте иштеген Кубан деген юрист менен сүйлөштүм. Ал болсо "иниңизди өзүнүн туулган жериндеги милицияга барып, арыз жазып, издөөгө бериңиз" деп кеңеш берди. Кара-Суунун милициясына барып, ал жактан "дайынсыз жоголду, табууга жардам бергиле" деп арыз жаздык. Милиционерлер "макул, издөө жарыялайбыз, анан өзүбүз чалабыз сиздерге" дешкен. Ошол бойдон эч кандай кабар жок. Мен өзүм Москвага барып издейин десем, балдарым жаш. Ата-энем да инимди ойлонуп атып, ооруп калышты. Бир үмүтүбүз сиздерде калды, инимдин табылышына жардам бериңиздер".

Исланбек Токторбай уулуна издөө жарыяланганы тууралуу маалымат сурап, Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына кайрылдык. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы арыз жергиликтүү милицияга берилгенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Чынара Сейитбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Исланбек Токторбай уулуна өлкө ичинде издөө жарыяланган:

"Исланбек Токторбай уулу 2023-жылы 23-августта Казакстан аркылуу Кыргызстандан чыгып кеткен экен. Кайра киргени тууралуу маалымат жок. Ага өлкө ичинде издөө жарыяланган. Ал эми мамлекеттер аралык издөөгө документтери даярдалууда", - деди Чынара Сейитбекова.

Исланбектин паспорту. (Туугандары жиберген сүрөт)
Исланбектин паспорту. (Туугандары жиберген сүрөт)

Сегиз айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык жаран Исланбек Токторбай уулунун жакындарынын өтүнүчү менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине маалымат сурап, кат жибердик. Тышкы иштер министрлиги жооп бергенде кошумча кабарлайбыз.

Буга чейин “Кавказ.Реалии” сайты Орусияда жалпысынан 2 млн адам кулчулукта жүргөнүн кабарлаган.

"Альтернатива" кыймылынын маалыматына таянган сайт Ставрополь, Чеченстан жана Дагестандан башка түштүктөгү аймактарда күч органдары кул ээлерин калкалай турганын жазышкан.

2023-жылы жай айларында ыктыярчылар өзбекстандык 41 жаштагы Бердибай Акылбековдун окуясын айтып беришкен. Аны өзбекстандык "Истикболли Авлод" коммерциялык эмес уюмунун өтүнүчү менен издөөгө алышкан.

Бердибай Ростов облусунда талаада иштеп жүргөн, жумуш берүүчүлөр анын паспортун жана телефонун алып, качууга аракет кылганда кармап алып, мажбурлап кайтарышкан. Андан соң мигрантты Биринчи Май айылындагы үйдүн курулушуна алып кетишкен. Ыктыярчы милициянын аймактык тескөөчүсү менен көрсөтүлгөн дарекке келгенде, үй кулпуланып турган. Бир аздан кийин укук коргоо кызматкери телефон аркылуу анын унаасында чет элдик жаран бар экенин, аны алып кетүүгө болорун билдирген. Акылбеков кулчулуктан куткарылгандан кийин депортация борборуна жөнөтүлгөн.


Орусияга иштегени кетип, дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар тууралуу буга чейин да айтылып келгени менен, расмий статистика жок. Өткөн жылы жүзгө чукул кишинин дайыны табылбай издөө жарыяланганы айтылган. Жакындарын он жылдап күтүп, дайынын таба албай жүргөндөр тууралуу буга чейин "Азаттык" атайын берүү да даярдаган эле.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG