Билим берүү жана илим министрлиги документти мекемелер аралык жумушчу топ кайрадан иштеп чыгарын билдирди.
Баштапкы долбоор 28-июнда бир айлык коомдук талкууга чыгарылган эле.
Ага ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердик менен алектене албайт. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү жазылган, арасында коомдук тартипке каршы кылмышка баргандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар бар.
Ошондой эле документте оорунун 32 түрү жазылып, тизмедеги дарттар менен жабыркагандарга да мугалим болууга жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтиктер, талма, гипертония, аракечтик, баңгилик, өнөкөт гепатиттер, кургак учуктун ачык формалары, кызыл жүгүрүк (ревматизм), боор, бөйрөк оорусу жана башкалар камтылган.
Түшүндүрмөдө токтом долбоору коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, педагогдордун жана окуучулардын, студенттердин коопсуздугу менен саламаттыгын коргоо максатында иштелип чыкканы жазылган. Документ Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын, "Министрлер кабинети жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын беренелерине ылайык даярдалган.
"Азаттык" радиосу документ коомдук талкуудан алынганга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимовду кепке тартып, токтом долбоорунун чоо-жайын сураган эле.
Ибрагимов: - 2023-жылы 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын 43-беренесине ылайык, соттуулугу барлар, саламаттыгы талапка жооп бербегендер Министрлер кабинети тарабынан аныкталат деп белгиленген. Андан тышкары, Эмгек кодексинин 377-беренесинде да ушундай эрежелер камтылган. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзам жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен эки-үч жолу талкууланып, анан кабыл алынган. Ошол эле документтин 64-беренесинде мыйзамга шайкеш аракеттер жасалышы керектиги жазылган. Мындан улам мугалим болууга тыюу салган талаптар жөнүндөгү токтомдун долбоору даярдалды.
- Бирок коомчулукта муну сындагандар көп болуп жатат. Соттуулугу барлар жөнүндөгү тизме эмес, ооруларга байланыштуу тизмеге нааразы болгондорду социалдык медиадагы талкууларда көрүп жатсаңар керек. Мугалим болууга жол бербеген оорулардын тизмесинде 32 дарт бар экен. Аны кандай негизде аныктадыңар?
- Негизи, билим берүү чөйрөсүндө "эмнеге соттуулугу бар адам мектепке жумушка алынды? Эмнеге оорулуу киши балдарды окутуп жатат?" деген өңдүү суроолор болуп калат. Биз тизмеге кошкон ооруларды эл аралык тажрыйбага таянып жаздык. Сынга кабылбайлы деп, кургак учук өңдүү жугуштуу дарттарды гана киргизип койсок болмок. Бирок биз дүйнөлүк тажрыйбага таяндык. Элдин, мамлекеттик органдардын, адистердин талкуусуна коёлу дедик. Биз бул долбоор ушул бойдон кабыл алынат деген жокпуз. Түрдүү пикирлерди угуп, анын негизинде акыркы чечим чыгарылат. Эгер аз сандагы ооруларды гана жазып койсок, "эмнеге бул дарт кошулган жок?" деген суроолор да болушу мүмкүн эле.
Айтылган сунуштарды талдоо жана оңдоп-түзөө үчүн жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин, милициянын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кошулат. Алар бир пикирге келгенден кийин, балким, тизмедеги оорулардын экөө калат, балким, бешөө же баары калат. Азыр билбейбиз аны. Бул жараян бүткөндөн соң кайра бир жолу коомдук талкууга коёбуз.
- Ооруларды тизмеге кошуу боюнча баштапкы долбоорду түзүп жатканда Саламаттык сактоо министрлиги менен да кеңешилген беле?
- Февралда Саламаттык сактоо министрлигинен адис сураганбыз. Биз алар бөлүп берген өкүл менен кызматташып, акылдашканбыз. Мунун баары иш тартибине ылайык эле болгон.
- Сиздердин баштапкы тизмеде жугуштуу эмес оорулар деле жүрөт. Мисалы, тубаса кемтик, гипертония жана башкалар бар. Ушундай дарт менен жабыркаганына карабай мугалимдикти сүйүп иштеп жүргөндөрдү же педагог болом деп максат койгондорду басмырлоого жол берилип калбайбы?
- Менимче, коомдук талкуудан кийин ал тизмедеги оорулардын баары эле токтомго жазылбайт. Биз бул жерде окуучулардын же башка мугалимдердин да укугун бузбайлы дейбиз. Ошондуктан коомдук талкуудан кийин дагы иштелип чыгат. Кайра коомдук талкууга койгондон соң мамлекеттик органдарга жөнөтүп, анан Министрлер кабинетинде кайра бир талкуу болот. Эч кимдин укугу басмырланбаган абалга жеткенде, акыркы чечим кабыл алынат.
- Ошондо жаңы эреже дагы канча убакыттан кийин киргизилиши мүмкүн?
- Бери дегенде дагы төрт-беш ай бар. Мен жалпы коомчулукту же жарандык коомдун өкулдөрүн талкууга жигердүү катышууга чакырат элем. Далилдүү ойлор айтылса, ошонун баарын эске алабыз.
Редакциядан: 2011-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, жумушка алынарда жана белгиленген убакытта бир катар мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү медициналык кароодон өтүшү керектиги аныкталган. Ага жогорку окуу жайлар, жалпы билим берүү мекемелери, мектеп-интернаттар, орто билим берүүчү жайлар, бала бакча, өспүрүмдөрдүн спорттук, саламаттыкты чыңдоо мекемелери жана китепканалардын кызматкерлери кирет.
Милдеттүү медициналык кароодо кызматкерлер ишке алынарда жана жыл сайн терапевт, дерматологго көрүнүп, флюорографиядан өтүшөт. Айрым учурда кошумча анализдер тапшырылышы мүмкүн. Мугалимдерден кургак учуктун ачык формалары аныкталган учурда рентгенологиялык текшерүүдөн өткөрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги муну мектепте сабак бергендердин жана окуучулардын саламаттыгын камсыздоо жана коопсуздугун сактоо чарасы катары түшүндүргөн.